Европарламенттин резолюциясы жана “Азаттык” боюнча соттун чечими

3189
0

Европарламенттин резолюциясы жана “Азаттык” боюнча соттун чечими

         13-июлда Европарламенттин жыйынында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына болгон басым тууралуу резолюция кабыл алынды. Аны жыйынга катышкан 469 депутаттын 320сы колдоду. Документте 2022-жылдын январынан тарта Кыргызстанда адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени белгиленген. Буга кошумча, Европарламент резолюцияда кыргыз бийлигин учурда талкууланып жаткан төрт мыйзам долбоорун – “Жалпыга маалымдоо каражаттары”, “Бейөкмөт уюмдар”, “Чет өлкөлүк өкүл” жана “Балдарды зыяндуу маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорлорун – артка кайтарууга үндөп, эгер алар кабыл алынса, өлкөдөгү адам укуктарынын абалына олуттуу кесепетин тийгизерин эскертти.

         Мындан тышкары, Европарламент “Азаттык” радиосунун ишмердигин токтотуу аракетин эркин маалымат каражаттарына болгон цензура катары айыптап, Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматованын мөөнөтүнөн мурда кызматтан алынышына өкүнүчүн билдирди. Кайрылууда иликтөөчү журналист Болот Темировдун Орусияга депортация болгонуна тынчсыздануу жана Кемпир-Абад ишинин алкагында айыпталган укук коргоочу аялдарга коюлган айыптарды тезинен жокко чыгарууга чакырыктар айтылды.

         Ал эми, Тышкы иштер министрлиги Европарламенттин 13-июлда кабыл алган резолюциясына өкүнүчүн билдирди. Ошондой эле резолюцияны даярдоодо кыргыз тараптан тактоочу же кошумча маалымат сурабаганы белгиленди. Министрликтин айтымында, “Азаттык Медиасынын” айланасындагы маселе сот аркылуу чечилген жана резолюцияда белгиленген мыйзам долбоорлору талкуу этабында.

         Европарламенттин жыйынын утурлай Бишкек шаардык соту Маданият министрлиги менен “Азаттык Медиа” мекемесинин ортосундагы тынчтык келишимин бекиткен. Натыйжада Ленин райондук сотунун чечими жокко чыгып, соттук териштирүүлөр токтотулган. Буга байланыштуу президенттин маалымат катчысы, Эрбол Султанбаев “фейсбук” баракчасына: “Азаттык” соттошууга негиз болгон чек арадагы конфликт жөнүндө материалын өзүнүн бардык ресурстарынан өчүрөт.  Маселени ушундай жол менен жөнгө салуу февраль айында президент Жапаров менен Эркин Европа Азаттык радиосунун ошол кездеги башкы директору Джейми Флайдын жолугушуусунда сөз болгон”,- деп жазды. Ал эми, маданият министрлиги Санариптик өнүктүрүү министрлигине “Азаттык Медианын” сайтына коюлган бөгөттү алуу боюнча кат жиберилерин, ошондон кийин тоскоолдуктар алына турганын билдирди.

         Буга чейин Европадагы кызматташтык жана коопсуздук уюмунун (ЕККУ) Парламенттик ассамблеясынын өкүлдөрү да кыргыз сотунун “Азаттык Медианын” ишмердигин токтотуу чечимине тынчсыздануу билдиришкен. Уюмдун медиалардын эркиндиги боюнча өкүлү Тереза Рибейру ЕККУнун көпчүлүк өлкөлөрүндө, анын ичинде Борбор Азияда сөз эркиндиги төмөндөгөнүн айткан. Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик – 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошту. “Чек арасыз кабарчылар” уюму болсо басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстанды былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлатып, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгаштырды. Булардын баары кыргыз бийлигине карата саясий жана кыйыр түрдөгү басым болуп, өкмөттү Азаттык тууралуу чечимин өзгөртүүгө мажбур кылды.

         Жогорудагы окуялардын акыйкатын аныктоо үчүн ага тереңирек киришүү талап кылынат. Бул үчүн окуялардын ички саясатка тиешелүүсүн өзүнчө, тышкы саясатка тиешелүүсүн өзүнчө ажыратып анан баа берүү керек.

         Кыргызстан СССР жоюлгандан кийин Орусия таасири астында калган үчүнчү дүйнө өлкөлөрүнүн катарынан орун алган. Өлкө башына келгендердин айрымдары Орусияга толугу менен баш ийип кызмат кылышса, айрымдары Батыш менен мамиле түзүүгө жана Орусиядан алыстоого аракет кылышты. Бул аралыкта, Батыш мамлекеттери демократияны өнүктүрүү, адам укугун коргоо, сөз эркиндиги, аялдар теңдиги сыяктуу идеялар артынан, Кыргызстанда таасирин жаюуга жетишти. Ал эми, учурдагы президент Жапаровдун бийлиги Батыш менен болгон алакасында аралыкты сактоо позициясын карманууда. Мунун каршысында, Кытай бийлигин кожоюн кылып тандап алганы көрүнүүдө. Муну саясий келишимдер менен катар статистикалык маалыматтар да күбөлөп турат. Маселен, Кыргызстандын 2022-жылдагы тышкы соодасы 11,8 миллиард долларды түздү. Тышкы соодада 2022-жылы Кытай биринчи орунга чыгып соода алака 4,1 млрд долларга жетти. Ал эми, Кытайдын статистикасында Кыргызстанга мындан 4 эсе көп товар киргизилгени белгиленген. Кыргызстанды Кытайга байлаган дагы бир фактор мамлекеттин тышкы карызы. Кыргызстандын тышкы карызы 4 жарым млрд долларды түзсө, анын 2млрд га жакыны Кытайга тиешелүү. О.э грант берүү жагынан да Кытай биринчи орунга чыкты жана Кыргызстанга салынган түз инвестициянын 33%ы Кытайга тиешелүү. Мындай көрүнүш Орусиянын ачуусун келтирбеши үчүн кыргыз бийлиги айрым чегинүүлөрдү жасап жатат. Маселен, жогоруда Европарламентте кеп болгон мыйзам долбоорлору Орусияга жагынуу алкагында сунушталган. Муну “Адилет” укуктук клиникасы да талдап чыгып, мыйзамдын 98%ы Орусия мыйзамынан көчүрүлгөнүн аныктаган. О.э апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Москвага барганда Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин ага “чет элдик агенттер” жөнүндө мыйзамды тездетип кабыл алуу керектигин айткан.

         Ал эми, Батыштын “бул мыйзамдар демократия баалуулуктарына каршы келет” дегенинен Кыргызстанды Орусиядан алыстатууну максат кылып жатканын түшүнсөк болот. Муну Батыш расмийлеринин Кыргызстанга жасаган байма-бай сапарларынан да байкасак болот. А бирок, Кыргызстанга Европа жана Американын жогорку даражадагы өкүлдөрү келгенине карабай, эки тараптуу стратегиялык келишимдерге кол коюла элек. Маселен, Кыргызстан Евро Биримдик менен өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу макулдашууга 1999-жылы кол койгон. Макулдашууну кеңейтилген түрдө жаңыртуу тууралуу сөздөр 2017-жылдан бери айтылып келатат. Евро Биримдик кызматташтык боюнча жаңы келишим даяр болгонун 2019-жылы эле билдирсе да кол коюу жараяны артка жылууда. 2022-жылдын 27-октябрында Астанада президент Садыр Жапаров Европа Кеңешинин башчысы Шарль Мишел менен жолугуп, келишимге кол коюу жараянын талкуулаган. Ал эми, быйыл Шарль Мишелдин Кыргызстанга болгон расмий сапарында бул маселе ачык боюнча калды.

         Кыргызстан менен АКШ ортосундагы алакага келсек, Кыргызстан кызматташтык жөнүндө стратегиялык документти 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган. Андан бери бир нече жолу эки тараптуу жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр жүрсө да, келишимди жаңылоого кадам жасала элек. Мындан улам, Батыш “Орусия Кыргызстан аркылуу санкцияларды айланып өтүп жатат” деген шылтоо менен өлкө бийлигине басым өткөрө баштады. Буга байланыштуу АКШ, Англия жана Европанын бир катар өкүлдөрү өлкөгө жумушчу сапарлар менен келип санкция маселелерин талкуулашты. Мына ушулар Кыргызстан бийлигинин Батыштан өзүн оолак кармоого аракет кылып жатканын көрсөтүп турат. Бирок, бийлик Батышка кескин каршы чыга албайт. Анткени, Батыш башка өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстанды да эл аралык мыйзам жана уюмдар менен чынжырлап алган. Муну Европарламенттин басымы жана бийликтин “Азаттык” тууралуу чечими да тастыктап турат.

         Ички саясатка келсек, учурда Кыргызстан бийлиги диктаторлук режимди орнотуу жолунда бара жатат. Анткени, бийликтин Кытай менен болгон тыгыз алакасына эч ким каршы чыга албашы керек. Ошондуктан, бийлик эң алгач батышчыл саясатчы жана кадрларга сокку урууну баштады. “Кемпирабад” иши менен камалган активист жана укук коргоочулар ушул саясаттын алкагында кармалышты. Себеби, Батыш Кыргызстан-Кытай мамилелерине сокку урууда ушул кадрларга таянып келген. О.э. Орусия айрым колонизаторлук көрүнүштөрдө Кытайга чегинип жатса да, Кытайдын толук түрдө бийликти тартып алышын каалабайт. Ошондуктан, ички оппозицияны көтөрүү сыяктуу рычагдары менен бийликке басым жасап турат. Ушундан улам, бийлик россиячыл саясатчы жана кадрларды экинчи бута кылып алды. Акыркы мезгилде мамлекеттик төңкөрүш шылтоосу менен кармалгандар жана Мадумаров менен партиялаштарына карата операциялар ушул алкактан.

         Демек, кыргыз бийлиги Кытайга багыт алуу менен катар диктатуралык режимди калыптандырууга аракет кылып жатат. Бул үчүн Орусияга жага турган айрым “белектерди” ыйгарууга аракет кылды. А бирок, Батыш “сөз эркиндиги” темасын негиз кылуу менен кыргыз бийлигине карата басым өткөрүүгө жетишти. Өкмөттүн “Азаттык” боюнча чечимин өзгөртүүсү болсо ага каршы чегинүү болуп эсептелет. А бирок, Батыш империалисттери буга ыраазы болуп калбайт. Алар өз малайларынын толук моюн сунуусун каалашкандыктан, басым өткөрүүчү кийинки теманы негиз кылуу менен ишин улантып бара берет. Ал эми, Кыргызстан бийлиги бул басымдардан кутулуу үчүн “эркиндик баалуулуктар”ына каршы “улуттук баалуулуктар”ды ишке салууда. Маселен, эки жылдан бери феминисттердин акциясы улуттук кийимдеги белгисиз адамдардын каршылыгына учурап жатат. Бийлик кол алдындагы маалыматтык кубаттан пайдаланып, коомдо феминизм жана ЛГБТ тарапкерлерине каршы маанай пайда кылууга аракеттенүүдө.

         Түпкүлүгүндө, Батыштын мусулмандарга тыгыштырып жаткан “сөз эркиндиги” алдоо жана айла-амалдан башка нерсе эмес. Батыш качан мусулмандарды акаарат кылса “сөз эркиндигин” бетке кармайт, ал эми өздөрүнө келгенде болсо “сөз эркиндигин” унутат. Мисалы, бүгүнкү күндө Швецияда Ыйык Куранды өрттөп, акаараттоону, Францияда Пайгамбарыбыз (с.а.в)ды карикатурага түшүрүп шылдың кылууну сөз эркиндиги деп сайрап жатышат. А бирок, француз философу Роже Гароди сионисттердин сөздөрүн четке какканы үчүн камак жазасына өкүм кылынды, мында “сөз эркиндиги” эсепке алынбады. Демек, качан Исламга чабуул кылуу, аны акаарат кылуу жүз берсе, сөз эркиндиги бетке кармалат. Ал эми Ислам өкүмдөрүн жашоого алып келүүгө даъват кылынса башка диндерди акаарат кылуу деп табылып, дароо тыюу салынат. Мына ушундан көрүнүп тургандай, сөз эркиндиги сыяктуу жылмакай сөздөр жана эл аралык мыйзамдар колонизатор Батыш мамлекеттеринин кызыкчылыгына кызмат кылуу үчүн колдонулуучу бир курал болуп эсептелет.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here