Блинкендин Кытайга сапары

3169
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Суроо-жооб

Блинкендин Кытайга сапары

 Суроо:

«CGTN» (Кытай глобалдык телекөрсөтүү тармагы) 2023-жылы 30-июнда жарыяланган билдирүүдө: “Кытай Тышкы иштер министрлиги эки тараптуу мамилелерге жоопкерчиликсиз билдирүү жасаганы үчүн АКШны сынга алды. Ал эми, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен мурун берген интервьюсунда Вашингтон мындан ары да өз кызыкчылыктарын коргой турганын жана эки тараптын ортосундагы пикир келишпестиктерге карабастан, Кытайга жакпаган иштерди жасап, эскертүүлөрдү жасай бере тургандыгын айтты. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги бул билдирүүлөргө каршылыгын билдирди”. Белгилей кетсек, «Аль-Арабия» мындан бир жума мурун, 2023-жылы 23-июнда ушул кабарды жарыялаган: “Блинкендин Кытайга визити ушул жолугушуулар үчүн чөйрөө даярдашы божомолдонот – АКШнын Каржы министри Жанет Йеллен жакында Кытайга расмий сапар менен барат. Соода министри Жина Раймондо жана Байдендин климат боюнча өкүлү Жон Керри да сапарга кошулушу мүмкүн… О.э. президент Си Цзиньпин ноябрда Сан-Франциского барып Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык жыйынына катышып, ал жерде Байден менен жолугушуусу мүмкүн”.

Блинкендин 2023-жылдын 18-19-июнь күндөрү Кытайга жасаган сапарынан кийин Кытай менен АКШнын мамилеси кайра чыңалуучу үчүн эмес, тынч мамиледе болот деп күтүлгөн эле! Блинкендин Кытайга сапары жемишсиз болдубу же бул жөн эле формалдуулукпу? Суроонун узундугуна кечирим сурайм.. Аллах ыраазы болсун.

Жооб:

Жообту тактоо үчүн ушуларды карап чыгабыз:

Биринчиси: Блинкендин Кытайга сапарына байланыштуу кырдаал:

  • Америка менен Кытайдын мамилесинин абалы АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп жүргүзгөн соода согушунан бери кыйла чыңалган. АКШ өкмөтү Кытайдын соодасына жана продукциясына ар кандай чектөөлөрдү киргизди, кээ бир Кытай товарларына жогорку бажы алымдарын киргизди. О.э. «Huawei» сыяктуу Кытай компанияларына жана анын жетекчилерине каршы санкцияларды киргизген. Бул саясат Байдендин өкмөтү тарабынан жокко чыгарылган эмес. Кытай өкмөтү да ушундай эле саясат менен жооб берди. Мунун өзү эле эки өлкөнүн мамилесинде чыңалууну жаратууга жетиштүү.
  • Кытайлар «Кытай 2025» планы алкагында технология тармагында көз карандысыз болуу үчүн көп убакыт иштешти. Андан тышкары америкалыктардын «Huawei» жана башка Кытай компанияларына карата мамилеси чыңалууну жаратып, Кытай өзүнүн кремний чиптерин жасоону пландаган. Америкалык аналитиктер Кытай беш-жети жылдын ичинде чип тармагында көз карандысыздыкка жетишет деп болжолдошууда. Мунун баары эки мамлекеттин кагылышуусуна жакыныраак атаандаштыкты жаратат.
  • Аскерий жана коопсуздук жаатта айта турган болсок, өткөн феврал айында Кытайдын тыңчы деп шектелген аба шары АКШнын аба мейкиндигине учурулган. Кытай муну четке какканы менен, бул окуя Блинкендин өткөн февраль айында боло турган Пекинге сапарынын токтотулушуна себеп болду… Андан кийин Тайвань кысыгында Кытай согуштук кемелеринин маневрлары орун алды. Америка Түштүк Кытай деңизин эл аралык эркин суу деп эсептеп, өткөн айда Тайвань кысыгында америкалык эсминец аркылуу маневр өткөрүү менен жооп берди… Ал эми, акыркы айда Кытайдын согуштук учагы америкалык учактарга жакындап келди. Анан эки өлкөнүн ортосундагы кырдал ого бетер курчуп кетти… Ошентип, Блинкендин сапары ал убакта ишке ашпай калды…
  • Америка Кытайды кысымга алуу үчүн түрдүү аскерий жана коопсуздук келишимдерин түздү. Байдендин администрациясы бул багытта бир катар саясаттарды жүргүздү. Бул Кытайга аскердик жактан каршы турууга багытталган демилгелерди камтыйт. Атап айтканда, Австралия жана Улуу Британия менен «AUKUS» келишими, Австралия, Индия жана Япония менен төрт тараптуу «QUAD» коопсуздук диалогу, НАТОнун Азиядагы ролун кеңейтүү аракети. Америка Филиппиндеги аскерий базасын тогузга жеткирүү үчүн Филиппин менен беш кошумча аскерий базаны колдонуу тууралуу келишим түздү ж.б.у.с.

Экинчиси: Блинкендин Кытайга сапарына келсек, бул формалдуу эмес, тескерисинче анын максаттары болгон:

  • Мурунку маселелерден келип чыккан чыңалууну басаңдатуу аракети. АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүдө бул сапардын максаты эки өлкөнүн ортосунда өз ара түшүнүшүүгө жетишүү үчүн байланыш каналын жана аскерийлер ортосундагы байланыш каналдарын ачуу, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого жол ачуу экени айтылат. Билдирүүдөн ушул нерсе да ачыкталып турат: Блинкендин сапары өз максаттарына жеткен, бирок аскерийлер ортосундагы байланыш орнотуу натыйжасыз болгон.
  • «Ашарк аль-Авсат» гезитинин 2023-жылдын 19-июнунда чыккан санында мындай делет: “Блинкен менен 35 мүнөттүк жолугушуудан кийин канааттанганын билдирген Кытай лидеринин позитивдүү сөзүнө карабастан, бирок Пекин Вашингтон менен аскердик каналдарды кайра ачуудан баш тартканын ачык көрсөттү. Белгилей кетсек, бул маселе президент Жо Байдендин администрациясы үчүн приоритеттүү маселе жана бул сапардын негизги максаттарынын бири болгон. Бирок, жолугушуу Элдик чоң жыйындар залында болгондугу эки өлкө тең өз ара мамилелер ачыктан-ачык кастыкка айланып кетишин каалабаганынын белгиси болду. Алар өздөрүнүн атаандаштыгы жана дипломатиялык аракеттери чоң тобокелдиктерди алып келерин билишет”.
  • Гезит минтип кошумчалайт: “Кытайдын жогорку кызматтагы адамдары менен эки күндүк жолугушуудан кийин Блинкен Америка Кошмо Штаттары бул сапарга конкреттүү максаттарды коюп аларга жеткенин айтты, аскерий байланыштарды кайра калыбына келтирүү маселесин «кайра-кайра көтөргөнүн» билдирди. Ал: «Бизде мындай байланыштардын болушу абдан маанилүү (…) Биз бул маселе үстүндө иштөөнү улантабыз», – деп кошумчалады. Американын бул иш-аракеттери 2021-жылы Кытай АКШнын Коргоо министрлигинин (Пентагон) жогорку деңгээлдеги диалогду жүргүзүү боюнча ондон ашык өтүнүчүн четке каккандан кийин башталган. Бирок, Блинкен Кытайдын жогорку даражалуу расмий адамдары менен болгон мурунку сүйлөшүүлөрүн «ачык жана конструктивдүү» деп мүнөздөдү”. («Ашарк аль-Авсат» гезити, 19.06.23).
  • Ошентип, негизги чечилбеген маселелердин бири – АКШ менен Кытайдын ортосундагы аскерий байланыштарды калыбына келтирүү болду. Эки өлкөнүн ортосундагы жогорку даражалуу аскер чиновниктеринин ортосундагы байланыш дагы эле тоңуп турат. Соңку эки окуя чатакка айланып кетиши мүмкүн деген кооптонууну жаратты. Жакында эле Кытай АКШнын коргоо министри Ллойд Остин менен Кытайдын коргоо министри Ли Чанфунун Сингапурда өтө турган жолугушуусунан баш тартты Блинкен өзүнүн жолугушууларында мындай каналдардын зарылдыгын «кайра-кайра» көтөргөнү менен «алга жылыш жок» деди. Блинкен: «Учурда Кытай аны улантууга макул болгон жок. Менимче, бул маселенин үстүндө иштөөнү улантышыбыз керек, бул байланыш каналдарын калыбына келтирүү абдан маанилүү», – деп кошумчалады. («CNN», 19.06.23).
  • Блинкендин сапары кандайдыр бир алга жылыштарга жетишкендигинде шек жок. Бирок, Блинкен айткандай алга жылыштарга жетүү оңой болгон жок. Кытайдан кетер алдында Блинкен мындай деди: “Мамилелер туруксуздуктун абалында болчу, эки тарап тең аны турукташтыруу боюнча иштөө зарылдыгын түшүнүштү. Бирок, алга жылыштарга жетүү кыйын. Бул, убакытты талап кылат. Бул бир сапардын, бир зыяраттын же бир сүйлөшүүнүн натыйжасы эмес. Мен үмүттөнөм, келечекте биз жакшыраак баарлашабыз жана жакшыраак шериктеш болобуз”. Ал дагы кошумчалап: “АКШнын расмийлери чоң ийгиликтин ыктымалын өтө аз санап жатышкан. Бирок, алар Блинкендин сапары эки тараптуу жолугушууларга, анын ичинде Каржы министри Жанет Йеллен жана Соода министри Жина Раймондонун мүмкүн болгон иш сапарларына жол ачат деп үмүттөнүшөт. Бул, Си Цзиньпин менен Байдендин ушул жылдын аягында боло турган саммитине жол ачат деген үмүт болгон”. («Reuters», 20.06.23).
  • Украинадагы согуш маселесине келсек, «Al Jazeera Net» мындай деп жазат: “Блинкен Кытайдын Украинада туруктуу тынчтык орнотуу боюнча сунуштарын кубаттады. Ал Кытай Украинага каршы согушта Орусияга эч кандай колдоо көрсөтпөгөнүн ырастады. Бирок, ал «бул ишке кытайлык компаниялардын аралашуусунан» кабатырда экендигин баса белгиледи”. («Al-Jazeera Net», 19.06.23). Блинкен: «Кытай Америка Кошмо Штаттарына жана башка өлкөлөргө Орусияга кырсыктуу жардам бербей турганына ынандырды жана биз буга каршы келе турган эч кандай далил көргөн жокпуз», – деди. Ал белгилегендей, Кытайдын ынандыруусу акыркы апталарда айтылган билдирүүлөрүнө шайкеш келет. («CNN», 19.06.23).
  • Тайвань маселеси боюнча «Аш-Шарк аль-Авсат» гезити мындай кабар кылат: Кытай тышкы иштер министри Тайвань маселеси боюнча өз өлкөсүнүн позициясын баса белгиледи. Пекин акыркы жылдарда Вашингтон менен Тайвань бийликтеринин ортосундагы жакындашуу бул аралдын көз карандысыздыгын колдогон партиядан келип чыккан тынымсыз жакындашуу деп эсептерин билдирди. Цинь Ган: “Тайвань маселеси Кытайдын негизги кызыкчылыктарынын борборунда болуп, Кытай-АКШ мамилелериндеги эң маанилүү маселе жана эң чоң кооп-коркунуч саналат”, – деди. Чен Ганг баса белгилеп: “Кытай Кошмо Штаттарды бир Кытай принцибин, башкача айтканда, Тайвань менен официалдуу мамилелерди түзбөө жана тайвандык сепаратисттерге колдоо көрсөтпөө милдеттенмесин урматтоого чакырат», – деди. О.э. Кытайдын тышкы иштер боюнча жогорку даражалуу расмий өкүлү Ван И АКШнын мамлекеттик катчысына анын өлкөсү Тайванга карата «эч кандай жеңилдикке» барбайт деп ишендирди… («Аш-Шарк аль-Авсат», 19.06.23). Блинкен өз кезегинде анын өлкөсү Тайвандын көз карандысыздыгын колдоборун жана маселенин тынчтык жолу менен чечилишин күтөрүн билдирип, “Кытай менен түзүлө турган макулдашуу Тайванга байланыштуу ар кандай талаш-тартыштарды тынчтык жол менен чечүүгө умтулууга негизделет, биз бир Кытайды колдойбуз», – деди. («Al-Jazeera Net», 19.06.23). Бул тууралуу «ВВС» Блинкенге шилтеме кылып мындай кабар таратты: “Блинкен Кытайдын Тайвань кысыгындагы «провокациячыл аракеттерине» карата тынчсыздануу күчөп бара жатканын, бирок, АКШ Тайвандын көз карандысыздыгын колдобой турганын дагы бир жолу баса белгиледи. Анын айтымында, эгер Тайванга байланыштуу кризис жүз берсе, ал «бүт дүйнөгө таасир кыла турган экономикалык кризиске алып келет». Ал түшүндүргөндөй, коммерциялык контейнерлердин 50%ы күн сайын Тайвань кысыгы аркылуу өтөт. Ал эми, жарым өткөргүчтөрдүн (semi conductor) экспортунун 70% Тайванда жасалат”. («BBC», 19.06.23).

Үчүнчүсү: бул нерселерден ушулар көрүнүп турат:

  • АКШнын Тайванга карата позициясында эч кандай өзгөрүү жок. Себеби, Америка Кошмо Штаттары Тайвандын көз карандысыздыгын тааныган эмес. Белгилей кетсек, Тайвандын көз карандысыздыгын расмий тааныган 15ке жакын өлкө бар, анын ичинде Ватикан да бар. Америка Кошмо Штаттары Тайвандын кез карандысыздыгын официалдуу турдө таанууга токтом кылбаган болсо да, бирок, Тайванга көз карандысыз өлкө катары мамиле кылат. Муну тастыктаган нерсе – Тайбэйде Америка өкүлчүлүгү бар, ал Америка элчилиги катары иштейт. Америка Тайвань менен коргонуу келишимдерин түзүп, ага ар кандай заманбап курал-жарактарды жана башка жардамдарды берген. Америка Кытайдан Тайванга карата аскерий чабуул боло турган болсо, Тайванды коргой турганын жарыялады. Байден муну былтыры май айында тастыктаган. АКШ президенти Жо Байден “Кытай Тайвань маселесинде от менен ойноп жатат деп эскертип, эгер, ал аралга чабуул жасаса, аны коргоо үчүн аскерий кийлигишүүгө убада берген”. («BBC», 23.05.22).
  • Блинкендин бул сапары жана анын «жыйынтыктары» эки өлкөнүн ортосундагы кырдаалды тынчтандырууга аздык кылат, бирок, бул эки өлкөнүн ортосундагы тынчтык эшигин убактылуу ачышы жана башка жумуш сапарларына жолдомо болуп калышы мүмкүн… Суроодо айтылгандай, Блинкендин Кытайга визити ушул жолугушуулар үчүн чөйрөө даярдашы божомолдонот – АКШнын Каржы министри Жанет Йеллен жакында Кытайга расмий сапар менен барат. Соода министри Жина Раймондо жана Байдендин климат боюнча өкүлү Жон Керри да сапарга кошулушу мүмкүн… Анткени, экөө тең Кытай менен Америка Кошмо Штаттарын кызматташуунун жалпы таламдары менен байланыштырган маселелер үчүн жооптуу адамдар. Ошондой эле, президент Си Цзиньпин ноябрда Сан-Франциского барып, Азия-Тынч океаны экономикалык кызматташтык жыйынына катышып, ал жерде Байден менен жолугушуусу мүмкүн. Бирок, бул эки өлкөнүн ортосундагы тирешүү эшиги жабылып, эки өлкөнүн ортосунда туруктуу элдешүүнүн жаңы эшиги ачылып калды дегенди билдирбейт. Бул, ыктымалдан алыс күмөн, анткени, алардын кызыкчылыктары эки башка… Американын Жапония, Түштүк Корея, Филиппин сыяктуу Кытайдын тегерегиндеги союздаштары, анан Тайван маселеси… Мунун баары чыңалуунун эшиги жабылышына тоскоол болот. Тескерисинче, эки өлкөнүн кызыкчылыгына ылайык ал ачылган бойдон кала берет…
  • Бирок, Блинкен сапарында ишке ашпай калган маанилүү максаттардын бири – Кытай менен Америка аскерлеринин ортосунда байланыш каналын ачууну каалаган Американын тыңчылык каалоосу! Кытай муну түшүнгөндөй, ошондуктан, ал каналдарды жандантууну таптакыр четке какты. Бул нерсе Блинкендин ачуусун келтирди. Ал муну ачык көрсөтпөсө да, бирок, анын сөздөрүнөн жана билдирүүлөрүнөн көрүнүп турат. Биз жогоруда аны баяндадык, аларды дагы бир жолу эске салып кетейин:
    • Блинкен менен 35 мүнөттүк жолугушуудан кийин канааттанганын билдирген Кытай лидеринин позитивдүү сөзүнө карабастан, бирок Пекин Вашингтон менен аскердик каналдарды кайра ачуудан баш тартканын ачык көрсөттү. Белгилей кетсек, бул маселе президент Жо Байдендин администрациясы үчүн приоритеттүү маселе жана бул сапардын негизги максаттарынын бири болгон.
    • Кытайдын жогорку кызматтагы адамдары менен эки күндүк жолугушуудан кийин Блинкен Америка Кошмо Штаттары бул сапарга конкреттүү максаттарды коюп аларга жеткенин айтты, аскерий байланыштарды кайра калыбына келтирүү маселесин «кайра-кайра көтөргөнүн» билдирди. Ал: «Бизде мындай байланыштардын болушу абдан маанилүү (…) Биз бул маселе үстүндө иштөөнү улантабыз», – деп кошумчалады.
    • Соңку эки окуя чатакка айланып кетиши мүмкүн деген кооптонууну жаратты. Жакында эле Кытай АКШнын коргоо министри Ллойд Остин менен Кытайдын коргоо министри Ли Чанфунун Сингапурда өтө турган жолугушуусунан баш тартты Блинкен өзүнүн жолугушууларында мындай каналдардын зарылдыгын «кайра-кайра» көтөргөнү менен «алга жылыш жок» деди. Блинкен: «Учурда Кытай аны улантууга макул болгон жок. Менимче, бул маселенин үстүндө иштөөнү улантышыбыз керек, бул байланыш каналдарын калыбына келтирүү абдан маанилүү», – деп кошумчалады.
  • Ыктымал, Кытайдын бул позициялары аскердик байланыштарды камсыз кыла албагандыктан Блинкендин оюнда сакталып калса керек. Ошондуктан, суроодо анын акыркы билдирүүлөрү орун алды… О.э. «Саба» веб-сайты 2023-жылдын 29-июнунда жарыялаган билдирүүдө мындай делет:  “Кытайдын “Синьхуа” маалымат агенттиги Кытайдын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мао Ниндин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин билдирүүлөрүнө жооб иретинде айткан сөздөрүн ачыктады. Ал мындай дейт: «АКШ менен Кытайдын ортосунда пикир келишпестиктер бар экени жашыруун эмес». Ал: «Кошмо Штаттардын айткандары жана кылгандары эл аралык мамилелерди жөнгө салган негизги эрежелерди бузат», – деп кошумчалап, анын өлкөсү бул маселеге каршы экенин баса белгиледи”.

Аллах Азза ва Жалла айтат:

﴿وَكَذَلِكَ نُوَلِّي بَعْضَ الظَّالِمِينَ بَعْضًا بِمَا كَانُوا يَكْسِبُونَ﴾

«Жана кылып жүргөн күнөөлөрү себептүү залимдерди бири-бирине дос кылып коёбуз» [6:129]

﴿وَالْكَافِرُونَ هُمُ الظَّالِمُون﴾

«Кафир болгон кимселер гана зулум кылуучулар»                                                     [2:254]

 

                                                                                                   

       15-зулхижжа, 1444-х.

                                                                                                                

   3-июль, 2023-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here