Ажылык – Аллахка моюн сунуунун өрнөгү

3771
0

Ажылык – Аллахка моюн сунуунун өрнөгү

         Курбан айт майрамы келгенде минбарларда, мусулмандардын өз ара маегинде Ибрахим (а.с.)дын окуясы айтылып, эскерилери шексиз.

Мусаб бин Саад (р.а.) атасынан риваят кылат: “Эй Алланын Элчиси (с.а.в) кандай адамдын сыноосу оор болот?”. Айтты:

الأَنبياءُ ثمَّ الأَمثلُ فالأَمثلُ؛ يُبتلَى الرَّجلُ علَى حسَبِ دينِهِ، فإن كانَ في دينِهِ صلبًا اشتدَّ بلاؤُهُ، وإن كانَ في دينِهِ رقَّةٌ ابتليَ علَى قدرِ دينِهِ

         “Пайгамбарлардын, кийин (даражасына жараша) аларды ээрчигендердин, кийин аларды ээрчигендердин. Адам динине бекемдигине жараша сыноого кабылат. Эгер дининде бекем болсо сыноосу күчөйт, дининде бош болуп, жалкоолонсо ушуга ылайык сыналат”.

         Ибрахим (а.с) балалуу болуу үчүн жүз жыл бою сабыр кылды. Мындан да оору, Ибрахим (а.с) жүз жыл бою күткөн наристе жытын жыттаганына көп убакыт өтпөстөн Алла Таала жубайы менен наристесин алыскы өрөөнгө таштап келүүгө буюрду. Болгондо да бир тамчы суу жок, эч ким жашабаган чөлгө таштоону буюрду. Ибрахим (а.с) бул сыноодо да экиленбестен Алланын өкүмүнө моюн сунду. Жубайы Ажар энебиз да бул Алланын буйругу экенин укканда эч бир экиленбестен, суусуз өрөөндө Алланын жакшылыгынан үмүт кылган абалда калды. Ооба, Ибрахим (а.с)дын сыноосу муну менен эле чектелбеди. Уулу Исмаил (а.с) жүгүрүп, жумшаганга жарап калган эң таттуу мезгилинде кайрадан вахий келди. Бул ирээт өз уулун Алла жолунда курмандыкка чалуу буйрулду. Аллага толук моюн сунган бул үй-бүлө кезектеги өкүмгө да оордугуна карабай моюн сунушту. Ажар энебиз Исмаил (а.с)ды эң жакшы кийимин кийгизип атасына тапшырды. Исмаил (а.с) болсо атасына “мени сабырдуулардын арасынан табасың” деп атасына дагы да кайрат берди. Акыры Ибрахим (а.с) курч бычакты уулунун мойнуна такап канчалык кескенге аракет кылса да бычак өтпөдү. Ошол кезде Жабраил (а.с) Алланын сыноосунан өткөнүн айтып, Алла Таала алардын чыныгы момундугуна сыйлык катары курбандык кочкорун тартуу кылды. Мына ушул күндү мусулмандар үчүн Кыяматка чейин майрам кылып белгиледи. Бул болсо Алланын Ибрахим (а.с)га тартуулаган сыйлыгы жана анын даражасын бийик кылганынын белгиси болуп калды. Ажар энебизге келсек, анын суу издеп чуркаган Сафа жана Марва аралыгын мусулмандар үчүн ажылык ибадаты кылды. Наристеси Исмаил (а.с)дын бутунун жанынан чыккан замзам суусун берекелүү кылды. Мына бул окуя Аллага толук моюн сунуунун жана анын натыйжасында сабыр кылуучуларга берилген сыйлыктын чыныгы өрнөгү. Ажылык өкүмдөрү мына ушундай ибраттарга толо. Анда бир гана ибадат маселеси эмес, бул дүйнө жана Акыреттеги сыйлыктын өрнөгү бар. Демек, мусулмандар үчүн Алланын буйругу турганда аны талкуулап, тартышууга эч бир орун жок.

         А бирок, бүгүнкү күндө мусулман жетекчилери Алланын өкүмүн кынтыксыз орундатуунун ордуна бир чекеге сүрүп коюп, өкүмдөрдү өзгөртүүгө урунуп, ар кандай шылтоолорду издей турган болуп калды. А түгүл, Муса (а.с)дын доорунда жөөттөр Алланын уйду союу өкүмүнө каршы ондогон шылтоо айтса да, акыры Алланын өкүмүн орундатышкан эле. Бүгүнкү мусулмандар акимдери Алланын эмес, адамдын өкүмүн аткарууга жабышууда. Түпкүлүгүндө, биз бекем жабышып, кармана турган нерсе Алланын арканы эле. Ал эми, Алланын өкүмүн бекем кармануу Куранды кооз мукаба менен ороп текчелерге тизип коюу эмес. Тескерисинче, демократиялык түзүмдүн ордуна Куран өкүмдөрүн колдонуу. Аны түзүм катары көтөрүп чыгуу. Алланын өкүмүнө моюн сунуу Анын Элчиси Исламды жашоого кандай жол менен алып келсе, ошол жолду кылча кыйшайбай кармануу. О.э бүгүнкү жетекчилерди мухасаба кылуу жана алардын Китеп жана Сүннөттү кармануусун талап кылуу. Бул жолдо келе турган ар кандай сыноолорго сабыр кылуу жана Алланын бул дүйнө жана акыреттеги сыйлыгынан үмүт кылуу. Мына ушул пайгамбарлардын жана аларды ээрчигендердин позициясы!

         Аллахым бизди арабдын ажамдан, актын карадан такыбаалыктан башка үстөмдүгү жок экенин эскерткен Арафа күнүндө пайгамбарлардын жолунан адаштырбасын. Бул ажылык мусулмандардын күчүн топтоп, саптарын бириктирүүгө мүмкүнчүлүк берсин. Аллахым ажылыктарды мабрур, сыйлыгын бейиш кылсын! Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты:

الحج المبرور ليس له ثواب دون الجنة

“Мабрур ажылыктын сообу бейиш болот”

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here