Улуу аалым шайх Ата ибн Халил Абу Рашта хижрий 1444-жылдын, миладий 2023-жылдын Курбан айты кирип келиши менен Фейсбуктагы өзүнүн баракчасынын зыяратчыларына жолдогон куттуктоо

2959
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Улуу аалым шайх Ата ибн Халил Абу Рашта хижрий 1444-жылдын, миладий 2023-жылдын Курбан айты кирип келиши менен Фейсбуктагы өзүнүн баракчасынын зыяратчыларына жолдогон куттуктоо

Аллахка мактоо болсун. Аллахтын Расулуна, ал кишинин үй-бүлөсүнө жана сахабаларына жана ал кишини дос туткандарга салату-саламдар болсун. Амма баъд…

Аллаху акбар, Аллаху акбар, Аллаху акбар, ла илаха иллаллах, Аллаху акбар, Аллаху акбар ва лиллахил хамд…

Маъруфка буйруп, мункардан кайтарган, кудурет жана хикмат ээси Аллахка ыйман келтирген жана инсандар үчүн чыгарылган умматтардын эң жакшысы болгон бүткүл Ислам Умматына…

Аллах Таала  алардын колдору менен фатх дарбазаларын ачып берген жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөөдө аларды Өз жардамы менен колдоп-кубаттап жаткан даъватты көтөрүп чыккан бурадарларга…

Баракчабызга изгилик издеген, хак тарапта турууга жана хак тарапта тургандарды колдоп-кубаттоого болгон күчүн жумшап жаткан зыяратчыларга…

Баарыңарга ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух…

Силерди мубарек Курбан Айт менен куттуктаймын… Кудурети улуу Аллахтан ушул айтты бүткүл мусулмандарга жакшылык жана береке ачкычына айлантышын сураймын.

Кадырман бурадарлар!

Мен силерге салам жолдоп, акыңарга дуа кылып, жакшылып тилеймин. Күч-кудуреттүү Роббиден ар түрдүү балээ-мусибаттарды жана кыйынчылыктарды бардык мусулмандардан арылтышын, бул улуу ай Ислам жана мусулмандарды күчтүү кылган мамлекетсиз өткөрүлгөн айлардын акыркысы болушун сураймын.

Аллах Таала таат-ибадаттарыңарды кабыл кылып, силерди Өзүнүн ушул каламында айтылгандардан кылсын:

﴿رِجَالٌ لا تُلْهِيهِمْ تِجَارَةٌ وَلا بَيْعٌ عَنْ ذِكْرِ اللَّهِ وَإِقَامِ الصَّلاةِ وَإِيتَاءِ الزَّكَاةِ يَخَافُونَ يَوْماً تَتَقَلَّبُ فِيهِ الْقُلُوبُ وَالْأَبْصَار * لِيَجْزِيَهُمُ اللَّهُ أَحْسَنَ مَا عَمِلُوا وَيَزِيدَهُمْ مِنْ فَضْلِهِ وَاللَّهُ يَرْزُقُ مَنْ يَشَاءُ بِغَيْرِ حِسَابٍ﴾

«Ал (мечиттерде) эртели кеч Ал Затты аруулаган кишилер бар, аларды соодагерлик да, алды-сатты да Аллахты эстөөдөн, намазды толук аткаруудан жана зекетти берүүдөн алаксыта албайт. Алар дилдер жана көздөр калтырап кала турган Күндөн коркушат. Алар, Аллах аларды кылган амалдарынын эң жакшылары себептүү сыйлашы жана аларга Өз берешендиги менен ашыкча (соопторду тартуу) кылышы үчүн (эртели кеч Аллахты аруулашат). Аллах Өзү каалаган кишилерге эсепсиз ырыскы берет»                       [24:37-38]

Ата ибн Халил Абу Рашта                                                                    10-зул-хижжа, 1444-х.

Хизб-ут-Тахрир амири                                                                                 28-июнь, 2023-м.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here