Фалестин калкы Умматтан бөлүнгөндүгүнүн төлөмүн каны менен төлөп жатат!

985
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Фалестин калкы Умматтан бөлүнгөндүгүнүн төлөмүн каны менен төлөп жатат!

 Доктор Мусъаб Абу Аркуб

“Axбар” гезитинин кабарына ылайык, баскынчы өкмөт туу маршын өткөрүүгө чечим кылып жатканда 2023-жылы 18-майда яхудийлердин бир канча министрлери Акса мечитине кирүү үчүн уруксат берүүнү талап кылышкан.

Яхудий вужуду мына ушундай бастырып кирүү жана жыл сайын өткөн туу марштары аркылуу мусулмандардын туйгуларын козгоп келишет. Себеби, ал мусулмандардын жана өлтүрүү, бомбалоо, кыргынга дуушар кылган Фалестин калкынын туйгуларын таптакыр эсепке албайт. Яхудий вужуду мубарек жерди курчап турган режимдердин жалган реакцияларына маани да берген жок. Туу маршы яхудий вужудундагы өкүмдар элитанын шайлоодогу жеңишин жана саясий даражасын бекемдөөгө салым кошо турган карта. Ушундан улам, исламий өлкөлөрдөгү режимдер менен Фалестин администрациясы билдирген курулай каралоолорго – бул нерселерди өз башынан көп өткөрүшкөнү үчүн – таптакыр маани беришпейт.

Яхудийлер мындай бастырып кирүүдө жана туу маршында негизинен дүйнөлүк тартипке жана Американын исламий өлкөлөрдөгү малай өкүмдарларына таянышууда. Себеби, бул малай өкүмдарлар Американын каалаган учурда баса турган кнопкасынан башка нерсе эмес. Алардын реакциялары да Американын саясатына кызмат кылган алкактан жана мазмундан чыкпайт. Ушундай көрүнүштө яхудийлер Масжидул Акса жана мубарек жердин кыйматына жана салмагына татыктуу болгон, Фалестин маселесинин Ислам Умматынын назарындагы салмагына жана көлөмүнө ылайык болгон чыныгы реакциядан жана ар кандай кооп-коркунучтан өздөрүн коопсуз сезишүүдө. Себеби, яхудий вужуду бул режимдер тарабынан корголуп жатканын, алар мамилелерди нормалдаштырып жатышканын, Фалестин администрациясы да бул багытта бара жатканын, анын болгон аракети БУУга кайрылып, яхудий вужуду үчүн арыздануу жана эл аралык коргоону талап кылуудан өтпөстүгүн түшүнүп турганы үчүн да өзүн ушунчалык кадыржам жана коопсуз сезүүдө.

Жогоруда айтылгандардан улам, мубарек жердин маселеси бир кескиндиктен экинчисине өтүп, «бу иримге өз өкүмүн өткөрө турган саясий келечек кандай болушу керек» деген суроо сакталып турат.

Адамдар бул суроого кабылышкан. Яхудий вужуду болобу же башкасыбы, кайда бара жатабыз деген акыйкатка туш келүүдө. Бир кескиндиктен экинчисине, бир кыргындан экинчи кыргынга, бир жарылуудан экинчи жарылууга бара жатабыз, бирок чечим жана келечек кандай болот деген суроо баарын ойлондурууда.

Бийликте олтурган яхудий саясатчылары Фалестин калкын мубарек жерден куп чыгарууну жана бул жер алар үчүн гана болушун ойлошот. Алардын арзуулары – Фалестин калкын көчүрүү, экономикалык жана коопсуздук жактан кысым кылып, аларды жок кылуу. Бирок, түпкүлүгүндө бул мүмкүн эмес экенин, өздөрү проблема гана чыгара алышын, бул маселеге чечим бере албастыгын жакшы түшүнүшөт.

Америкага келсек, ал баскынчылык акыбетинде жүзөгө келген гуманитардык проблемаларды региондогу кескиндиктин басаңдашын кепилдеген таризде чечүү аркылуу Фалестин маселесинин чечимине жетүү мүмкүн деп ойлоодо. Себеби, бул колонизатор мамлекеттин мусулман өлкөлөрүндөгү ага малай режимдерде кызыкчылыктары бар. Бул режимдер Исламий Умматтын байлыктарын, ресурстарын жана жерлерин ага кош колдоп тапшырышууда. Ошондуктан, таасирдүү региондорго жана стратегиялык жерлерге аскерий базаларды орнотуп, бул регионду көзөмөлдөө менен бүткүл дүйнөгө өкүмдарлык кылат. Америка анын кызыкчылыктарына коркунуч туудурбаган чечимди каалайт. Ошол эле учурда, Ислам Умматына каршы алып барып жаткан согушта жана Умматтын бир мамлекетте биригүүсүн алдын алууда яхудий вужудун туруктуу база катары бекемдеп, чечим “эки мамлекет” чечиминен турат деп билүүдө.

Бирок, яхудийлер Фалестинде орноткон абал себептүү “эки мамлекет” чечими мүмкүн эмес экенин баары билет. Яхудий вужуду мубарек жерде турак-жайлардын курулуштарын кеңири көлөмдө алып барды. Курулуштар чар тарапка кеңейип, кичине мамлекет үчүн бир да жер калбады. Мындан улам, “эки мамлекет” чечиминин эч кандай келечеги жок. Башка тараптан, Фалестин администрациясы Американын колундагы куурчак бойдон калып, “эки мамлекет” чечимин талап кылганы кылган. Негизи, ал “эки мамлекет” чечими ишке ашкыс закым жана куру кыял экенини абдан жакшы билет. Бирок, өзүнүн жана жетекчилеринин укутарын сактап калууга умтулуп, болгону ушул нерсе үчүн Америкага тынымсыз жан берүүлөргө барып, курмандыктарды берип келет.

Бул иримге өз өкүмүн өткөрүп жаткан жалган саясий келечектер мына ушундай. Бирок, бул иримден чыгуу үчүн зарыл болгон чыныгы жана амалий келечек четтетилип, Фалестин калкы жана Уммат андан алыстатылууда. Маселенин чыныгы келечеги түптөн өзгөртүүчү чечимден туруп, бул нерсе яхудий вужудун тамыры менен түбөлүк жок кылууну өз ичине камтыйт. Камакка алуулар, бастырып кирүүлөр, адам өмүрүнө кол салуулар жана бомбалоолордон турган бул иримден чыгуу үчүн ушул түптөн өзгөртүү чечимин аракеттендирүү жана маселе кайра Уммат маселесине кайтышы үчүн Фалестин калкын Умматка байлоо зарыл.

Бул чечимди ачыктабоо, аракетке келтирбөө, коомдук пикирден четтетүү Ислам Умматын, өзгөчө Фалестин калкын туруктуу түрдө өз каны менен төлөм төлөөгө алып келди. Андыктан, эмне үчүн Фалестинди азат кылып, яхудий вужудун жок кылууну кечиктирип жатабыз?!

Ислам Умматы мубарек жерди азат кылууга кудуреттүү. Ошондуктан, Уммат жана кошуундардан нусрат талап кылып, чечимди ишке ашыруу керек. Мубарек жерди Ислам Умматысыз да азат кыла ала турган тарап бар болсо, анда, эмнеге азат кылбай жатат? Эгер, Фалестинди азат кылууга – маселен, Иран режими айткандай – кудуреттүү боло туруп, бул ишти жүзөгө чыгарбай жаткан болсо, бул кыянаттык болот. Ал Фалестин калкы баскынчылык астында калышын жана Расулуллах ﷺдын Исра жайын яхудийлер тебелешин каалап жатабы?! Же ал Фалестин калкынын бомбалоолор, кыргындар астында калышын каалап жатабы?!

Алдыбызда ачык-айкын акыйкат турат. Бул, мубарек жердин маселесинин түпкү чечими – аны азат кылуу деген акыйкат. Азаттык бул маселени Ислам Умматына байлоо менен ишке ашат. Азат кылууга кудуреттүү тарап – Ислам Умматынын кошуундары. Ошондуктан, бул кошуундарыбыздан нусрат талап кылуу жана яхудий вужудун коргоп жаткан, келишимдер, экономикалык кызматташуулар жана нормалдашуулар аркылуу аны тирүүлүк тамыры менен камсыздап келе жаткан түзүмдү кулатуу керек.

Бул түзүмдү кулатып, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө керек. Ошондо Халифалык кошуундарды сапарбар кылып, Фалестинди азат кылат. Антпесе, мусулмандар каны менен төлөм төлөшү токтобойт.

Биз Ислам Умматы арасындагы кошуундарды, аскерлерди жана офицерлерди ушул чечимди жүзөгө чыгарууга, Фалестинди азат кылуу үчүн аракетке келип, өздөрүнүн шаръий милдетин аткарууга чакырабыз. Эгер, Фалестин азат кылынса баскынчылыктардын, кыргындардын, кан төгүүлөрдүн, бомбалоолордун жана мубарек Акса мечитин тебелеп-тепсөөнүн изи да калбайт.

 Роя гезит, №444, 2023-жыл, 24май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here