Кыргызстан Кытай менен биргелешип сериал тартат

1118
0

Кыргызстан Кытай менен биргелешип сериал тартат

 Кабар: 9-июнь күнү маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Кыргызстан Кытай менен биргелешип сериал тартууну жана тажрыйба топтоону пландаштырып жатканын билдирди. Ал Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында Кытайдын Сиан шаарында өткөн форумда кол коюлган меморандум тууралуу маалымат берди.

 “Чоң деңгээлдеги меморандумдарга кол койдук 63 миллион долларга эки сериал тартууга. Бирөө 25 миллионго, дагы бири 38 миллионго. Кыргызстан менен Кытай ортосунда тарыхта биринчи жолу сериал тартылат. Биринчиси – 25 сериялуу тасма “Бишкектеги сүйүү” деп аталат. Ал эми экинчиси – “Жибек Жолунун алыскы шамалы” деген тарыхый тасма Жибек Жолундагы мамлекеттер жөнүндө болот. Ал да Кыргызстанда тартылат. Кино тармагыбызга бир топ тажрыйба алабыз деген ойдобуз”, – деди Алтынбек Максутов.

 Комментарий: Бир топ кытайлык окумуштуу 2018-жылы август айында Кыргызстандын тарыхын үйрөнүү үчүн келген эле. Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков 29-августта Кытайдан келген тарыхчы окумуштуулар менен жолугушуп, “Мурас” фондуна кытайлык окумуштууларга бардык шарттарды түзүү тууралуу тапшырма берген.

 2020-жылдын жаз мезгилинде Кытайдын коммунисттик партиясынын көзөмөлүндөгү бир катар маалымат каражаттарында Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде, Кыргызстан менен Казакстан да Кытайга “кайтууга” умтулуп жатканы жөнүндөгү маалыматтар жарыяланды. Ошол жылдын апрель айында Кытайндын Sohu.com жеке менчик онлайн басылмасында “Эмне үчүн Казакстан Кытайга умтулууда” деген темадагы макала жарык көрүп, анда макаланын автору Казакстандын суверенитетине күмөн жаратып, бул жерлер тарыхта Кытайга караштуу болгонун жана “Казакстан Цин династиясынын вассалы болгонун” белгилеген.

 Макалада айтылышынча, “Казакстандын кичирээк шаарларында жашаган жарандар өздөрүн Ли Бонун (сегизинчи кылымда жашаган кытайлык акын) урпактары деп билишет, алардын айрымдары өздөрүн хань деп аташат”.

 О.э. апрель айында Toutiao.com сайтында “Эмне үчүн Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткенден кийин өз мекенине кайтпады?”  деген темадагы макала жарык көргөн. Сайт “Борбор Азиядагы эң кичинекей республика” деп атаган Кыргызстан миңдеген жылдар бою Кытайдын бир аймагы болгонун, 1846-жылы падышалык Россия Кытайдан 510 миң кв. км аймакты, анын ичинде азыркы Кыргызстандын жерлерин да тартып алганын жазган. Макалада бул маалыматты колдоо үчүн Кытайдын ошол доорго таандык картасы жарыяланган. Макаланын автору: “Мекенинен бөлүнүп чыккан аймактар жана мамлекеттер убакыт өтүп кайра кайтса да” 1991-жылы эгемендүүлүккө жеткен Кыргызстан негизинен Россиянын үзгүлтүксүз таасири себептүү андай кылбады”, – деп жазган.

 Көнүл бурушууга арзый турган жери, Sohu.com Кытайдын коммунистик партиясы тарабынан башкарылат жана анын финансылык мүмкүнчүлүгү аябай чоң. Toutiao.com болсо Кытайда саясий жана тарыхий темадагы макалалары менен таанымал сайт болуп, Кытайдагы эң күчтүү 10 онлайн-ресурстун бири болуп эсептелет, мындан тышкары, аны коммунисттик партия колдоп турат.

 Ошол жылдары кыргыз өкмөтү кытайлык окумуштуулар менен инвесторлорго эшиктерди кеңири ачып, алар ээн-эркин иш алып барышына шарт түзүп берип жаткан эле. А бирок, жергиликтүү калктын хань кытайларына каршы маанайы күчөп кеткени себептүү расмий бийлик Кытай менен түзгөн келишимдерин убактылуу токтотуп турууга мажбур болду. Буга кезектеги мамлекеттик төңкөрүш да кошумча болду. Мына эми арадан жылдар өтүп, адамдардагы нааразылык маанайы басаңдап калгандыктан, биргеликте сериал тартуу иштери башталууда. Сериалга жумшала турган каражатты толук бойдон Кытай тарап камсыздайт, менимче сценарий да кытай сценаристтери тарабынан жазылат. Белгилүү болгондой, тарых, адабият, анын ичинде, кино – булар сакафаттан болуп, бүгүнкү күндө колонизатор кафирлер мусулмандардын зээнине өз сакафаты  жана дүйнөкарашын көбүнчө телесериаллардар аркылуу сиңирүүдө. Мусулман коомчулугунда үй-бүлөлүк баалуулуктар, эрдин кадыры жана аялдын орду жоголуп барышында негизги ролду телесериалдар ойноп жатат (буга кыянат жана бузукулукту жайылтып жаткан түрк сериалдары анык мисал боло алат). Эгер бул сериалдар тарыхий жанрда болсо, тарыхты бузуп көрсөтүүдө маанилүү рол ойнойт. Түрктөрдүн “Даңазалуу доор” тарыхий сериалында Усманий халифа Сулайман Канунийдин башкаруу доору кандай бузуп көрсөтүлгөнү жана бүгүнкү күндө көпчүлүк адамдар Усманийлер доору дегенде дал ошол сериалды элестетип калганы жашыруун сыр эмес. Кытайдын акчасына тартыла турган “Жибек Жолунун жолунун алыскы шамалы” тарыхий фильминде да, тарых жогорудагы кытайлык тарыхчылардын “Борбор Азия Кытайдын курамында болгон” деген сөздөрүнөн келип чыгып баяндалары турган иш.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here