Басма сөз баянаты
Халифалык мамлекети жок болгондуктан Нигерия балдары ачкалыктан кырылып набыт болууда
Нигерияга өз таасирин өткөрүп жаткан ачарчылык кризиси айрыкча өлкөнүн түндүк-чыгышында күчөп барууда. БУУнун маалыматына ылайык, Барна, Aдамава жана Йобе штаттарында калктын 42 пайызынан ашууну жетиштүү азык-түлүккө ээ эмес. Бул штаттарда гуманитардык жардамга муктаж адамдардын 80 пайызынан ашуунун аялдар жана балдар түзөт. Отчётто өлкөнүн түндүк-батышында балдар арасында аз тамактануу абалы күчөп жатканы «акырындап барып жарылуучу бомба» деп бааланды жана мамлекетте 2 миллион бала өтө аз тамактануудан азап тартып жатканы белгиленди. Маалымат жана маданият министрлигинин катчысы Лидия Шеху Жафия баса белгилешинче, Нигерия аз тамактанган балдардын саны боюнча Африкада биринчи, ал эми, дүйнөдө экинчи орунда турат. Беш жашка чейинки болжол менен 14,7 миллион бала өтө аз тамактануудан жапа чегишет. ЮНИСЕФтин азык-түлүк боюнча Нигериядагы башкы директору Ниъмат Хажибахий мамлекеттеги балдардын үчтөн бир бөлүгү азык-түлүк абдан таңкыс абалда жашарын баса белгиледи. Сапаттуу азык-түлүк менен камсыздалбагандыктан жүзөгө келген тамактануунун бузулушу балдарда өспөй же өнүкпөй калуу, иммунитеттин күчсүздөнүшү сыяктуу ден соолукка зыян жеткирген олуттуу проблемаларды алып келиши мүмкүн. Иммунитеттин күчсүздөнүшү балдарды өлүмгө алып барган жугуштуу ооруларга көбүрөөк туш кылууда. ЮНИСЕФтин маалыматына ылайык, Нигерияда 5 жашка чейинки 36 миллион баланын 15 миллиону (42 пайызыны) бою өспөй калган, 2,8 миллиону абдан азып кеткен, 30 миллиону (83 пайызы) аз кандуулукка чалдыккан. Мындан тышкары, ЮНИСЕФ Нигерияда ар сааттa 5 жашка чейин 100гө жакын бала аз тамактануу себептүү көз жумуп жатканын, бул көрсөткүч күнүнө 2400 өлүмгө туура келерин баса белгиледи.
Балдарды ачарчылыкка кириптер кылган нерселер: гиперинфляция, азык-түлүк продукцияларынын баасынын жогорулугу, өтө жакырчылык, ички согуш себептүү жүзөгө келген коопсуздуктун бузулушу. Бул ички согуштар 2 миллиондон ашуун инсанды өз үйүн таштап кетүүгө мажбур кылды, айыл чарба өндүрүшүн токтотту. Өткөн жылы мамлекеттик органдар айрым качкындар лагерлерин жаап проблеманы дагы да күчөттү. Учурда министрлер, БУУ расмийлери жана башка эл аралык уюмдар курулай билдирүүлөрдү берүү жана пайдасыз демилгелерди көрсөтүүдөн башка нерсе кылышкан жок. Негизи, бул демилгелерде азык-түлүктү камсыздоону жакшылоого убада берилген болсо да, түпкүлүгүндө алар адамдардын начар жашоосунда эч кандай реалдуу өзгөрүүлөрдү алып келбейт. Бул болсо, алар адамдардын проблемалары үчүн эч кандай чечимге ээ эместигин кайра-кайра тастыктоодо.
Набий ﷺ ар бир инсан өзүнүн негизги муктаждыктарын камсыздоо укугуна ээ экенин баса белгилеп, мындай деген:
«لَيْسَ لِابْنِ آدَمَ حَقٌّ فِي سِوَى هَذِهِ الْخِصَالِ بَيْتٌ يَسْكُنُهُ وَثَوْبٌ يُوَارِي عَوْرَتَهُ وَجِلْفُ الْخُبْزِ وَالْمَاءِ»
«Адам баласынын жашай турган үй, авратын жапкан кийим, бир үзүм нан жана суудан турган үч негизги муктаждыгынан башка нерселерге акысы жок». Бирок, Ислам башкаруусу т.а. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык жок болгондуктан биз Умматыбыздын перзенттерин жетиштүү тамактандыра албай жатабыз. Исламий түзүм жок болгондуктан Умматтагы миллиондогон энелердин эң чоң арзуусу перзенттерин тирүү сактап калуу болууда. Бир кездерде Аллах Субханаху ва Тааланын бийлиги турган заманда Африка дүйнө азык-түлүгүнүн себети эле. Xaлифа Умар ибн Хаттаб розияллаху анхунун өкүмдарлык доорунда ачарчылык жүз бергенде Түндүк Африка Араб жарым аралынын калкын азык-түлүк менен камсыздаган. Ал кездерде мусулман өлкөлөрү байлыктарга толуп ташкан. Жада калса, сегизинчи кылымда халифа Умар ибн Абдулазиз өкүмдарлык кылган доордо Исламдын экономикалык саясаты себептүү жана байлыктар адилеттүү бөлүштүрүлгөндүктөн Халифалыктын вилаяттарында зекетке муктаж адам табылбай калган. Мусулман өлкөлөрүнүн гүлдөп өнүккөнүнө, таалим жана саламаттыкты сактоо тармагы дүйнөдө биринчи орунда болгонуна, технологиялык ачылыштар жана дүйнөдөгү эң алдыңкы университеттердин айрымдары Африкада курулганына бүткүл дүйнө суктанган кездер болгон. Бирок, бүгүнкү күндө Африка регионун караңгылык жана үмүтсүздүк курчап алган. Мамлекеттер инсан тарабынан түзүлгөн кемчиликтүү жана бузгунчу түзүмдөр астында, өз калкына кам көрүүнү билбеген өзүмчүл өкүмдарлар жана режимдер заманында келечек муунду тирүү сактап калуу үчүн гана күрөшүүдө.
Шек-күмөнсүз, Халифалык мамлекети Умматтын коргоочусу болуп, Ислам шарияты астында Умматты коопсуздук жана бакубатчылык менен камсыздай алган жалгыз түзүм. Ислам Умматынын перзенттери калдык тамактардан көрө жакшыраак нерсеге акылуу. О.э. алар бардык муктаждыктарын камсыздай турган, карамүртөздүктөн сактай турган жана адамзатка өрнөк боло турган, билимдүү муунду өстүрө турган түзүмгө татыктуу!
﴿وَمَا أَصَابَكُمْ مِنْ مُصِيبَةٍ فَبِمَا كَسَبَتْ أَيْدِيكُمْ وَيَعْفُو عَنْ كَثِيرٍ﴾
«(Эй инсандар), силерге кандайдыр бир мусийбат жетсе, ал өз колуңар кылган нерсе-күнөө себептүү (жетет) жана Ал көп (күнөөлөрдүн жазасын бербестен) кечирип жиберет» [42:30]
Д. Насрин Наваз
Хизб ут-Тахрирдин борбордук маалымат
бөлүмүнүн аялдар жаатынын мүдүрү