Суу көйгөйү тарифти көтөрүү менен чечилеби?
Бишкек шаарынын суу таңкыстыгы бул жуманын негизги окуясы болуп калды. 8-июнда Жогорку Кеңеште да таза суу маселеси көтөрүлүп, аны чечүүнүн жолдору талкууланды. Бишкек шаар мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиевдин айтымында, борбордогу таза суу көйгөйүн чечүү үчүн 500 миллиондой сом керек. Бир суу топтогон жайды куруу үчүн болжол менен 150 милилон сом сарпталат. Мындан улам, парламент 150 милилон сом бөлүп берүүнү колдоду.
Ал эми, Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кыргызстандын суу ирригациялык системаларын модернизациялоого 800 миллион доллар зарыл экендигин жана өлкөнү толук таза суу менен камсыздоого 400 миллион доллар керектелерин билдирген. Жапаровдун айтымында, бул тармактагы долбоорлорду өкмөт Дүйнөлүк банк менен бирге жүргүзөт.
Белгилүү болгондой, Бишкектеги суу көйгөйүнөн улам, конуштардын тургундары нааразылык акциясына чыккан. Мэрия таза суунун тартыштыгын калктын таза сууну чарбалык аянттарын суугарууга жумшап жана сарамжалсыз пайдаланганына байланыштырган.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстандагы 1873 айылдын 346сында таза суу системасы жок, 476 айылда суу түтүктөрүнүн эскилиги жеткен. Бийлик 2026-жылга чейин айылдарды толук таза суу менен камсыздоо программасын кабыл алган.
Буга чейин Бишкек шаардык кеңеши таза сууга жана канализацияга болгон тарифтин баасын көтөрүү боюнча токтом долбоорун кабыл алган. Токтомго ылайык, бир куб метр таза суу: шаар тургундары үчүн 8,1 сомдон 10,45 сомго; бюджеттик мекемелер үчүн 9,1 сомдон 12,95 сомго; башка керектөөчүлөр үчүн 13 сомдон 18,5 сомго кымбаттаган. Тарифти өзгөртүүгө суу-канализация түтүктөрүн жаңылоого чоң көлөмдөгү каражат кетери себеп болгону айтылган. Ошондой эле, “Бишкек шаарынын суу менен камсыздоону жакшыртуу долбоору” боюнча алынган насыяны төлөөгө жумшалмакчы. Эске салсак, Бишкекти таза суу менен камсыз кылуу үчүн 2014-2015-жылдары Швейцария ЕБРР менен бирдикте 5,5 млн евро кредит жана 4,9 млн евро грант берген. Долбоорду улай, 2016-жылы 8 млн евро кредит, 8 млн евро грант дагы бөлүнгөн. Ачык маалыматтарда Кыргызстандан жылына 55 млрд метр/куб таза суу агып чыгаары айтылат. Өлкө анын 7 пайызын гана пайдаланат. Андан сырткары жер астындагы таза суунун көлөмү 19 млрд метр/кубду түзөт.
Жогорудагылардан маалым болгондой, суунун тарифин көтөрүү эл аралык уюмдардын талабы болуп эсептелет. Алар кредиттер өз учурунда төлөнүшү үчүн мына ушундай талаптарын коюшат. Ал эми, аны төлөө көйгөйү жаралган учурда бул талаптар саясий талаптарга айырбашталат. Тагыраагы, өз кызыкчылыктарына ылайык мыйзамдарды кабыл алдыруу талаптары коюлат. Мындан тышкары, бийликке басым өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү болушу үчүн берилген каражаттардын коррупциялык жолдор менен кумга сиңип кетишине “көз кысты – бармак басты” мамиле кылышат. Буга Бишкекти таза суу менен камсыздоо үчүн берилген кредиттердин натыйжалуу пайдаланылбагандыгы ачык мисал боло алат. Демек, бийликтин оңду-солду жумшаган каражатты тарифти кымбаттатуу менен калктын капчыгынан төлөөсү зулумдуктан башка нерсе эмес. Анткени, Кыргызстан тоолуу аймак болгондуктан, таза суунун да, агынды суунун да көлөмү калкты камсыздап, ашып калат. Аткаминерлер бул үлкөн суунун запасын майнаптуу колдонуунун ордуна каражатты коррупциялык жолдор менен сол чөнтөккө коротууда. Натыйжада, суу көйгөйү чечилбестен эл аралык уюмдардын басымы менен ар эки жылда суунун тарифин кымбаттатуу менен убара. Мына ушул көйгөйдүн негизги себеби болуп саналат.
Мунун каршысында, Исламий шарият сууну умумий (жалпы) мүлктүн катарына кошкон. Бул мүлктөрдү коргоо үчүн алардын ар бирине тиешелүү болгон өкүмдөрдү баян кылып берди. Мисалы, мамлекет умумий жана мамлекеттик мүлктөрдү шаръий өкүмдөр аркылуу гана башкара алат. Ал эми, аны менчик мүлккө айлантууга тыюу салынат. Ушуга ылайык, шарият суунун кайсы түрүн болсо да колдонууну үммөткө акысыз кылып белгилеген. Муну менен катар, Ислам мусулмандарга жалпы мүлктү, анын ичинде сууну сарамжалдуу колдонууну да буюрат. Шарият бул өкүмдөрдү ишке ашырууда болсо мыйзамдан мурун адамдардын Аллага таянуусуна, тагыраагы, такыбаалыгына таянат. Коом Алланын өкүмдөрүнө үзгүлтүксүз моюн сунуусу үчүн тынымсыз даават кылынат. Ушуга карабай тоң моюндук кылгандарды гана мыйзамдар аркылуу тартипке салат. Демек, бүгүнкү Кыргызстан жана дүйнө калкындагы суу көйгөйү ресурстун жетишсиздигине эмес, пайдага негизделген капиталисттик эл аралык системага байланган. Андыктан, мына ушул капиталисттик системаны уратып, шарий мамлекетти тикелөөгө, шариатты турмушка ашырууга аракет кылышыбыз шарт!
Мумтаз Маверанахрий