Индия адамдарга Хизб ут-Тахрир туурасында чындыкты айтуудан дагы качууда

431
0

Басма сөз баянаты

Индия адамдарга Хизб ут-Тахрир туурасында чындыкты айтуудан дагы качууда

2023-жылы 10-майда айрым маалымат платформалары, «Text & Television» сыяктуулар Бхапал жана Хайдарабад шаарларында 16 мусулмандын камакка алынганы туурасында кабар беришти. Бул маалымат платформаларында айтылган негизсиз кабарларда Хизб ут-Тахрир Индияга каршы жихад кылууну пландап жаткан «террорчу» уюм катары көрсөтүлгөн. Айыптоолор разведка кызматтарынын (жергиликтүү жана федералдык) «белгисиз» булактарына, айрым чет элдик агенттиктерге негизделген. Камакка алынгандарда Хизб ут-Тахрир китептеринен турган бир канча материалдардын болгондугу бул айыптоолорго «негиз» болууда. Андан бери интернетте бул айыптоолордун түрдүү версиялары тарай баштады, камакка алынган 16 мусулмандын айрымдары Тамил Наду штатындагы Хизб ут-Тахрир мүчөлөрүнө каршы сот ишине байланыштырылды.

Дүйнөнүн эң ири демократиялык мамлекети делип жаткан Индия эч качан акыйкатты карманбастыгын дагы бир жолу ырастады. Өтүп жаткан сот ишинде Моди өкмөтү таяк жеген соң, эми туңгуюктан чыгуу үчүн коомдун түрдүү катмарларына, сот түзүмүнө сигнал берүүдө. Ушул аркылуу Хизб ут-Тахрирдин аброюн булгап, адамдарды Хизбдин даъватынан чалгытмакчы болууда. Ошентип, ал чет мамлекеттердин буйруктарын аткарууга даяр турат. Бул окуя бүткүл дүйнөдөгү адамдардын демократияга болгон ишеничи бүтүндөй жоголгон учурда Индияда болууда. Анткени, адамдар башкаруу, саясат, экономика жана коом сыяктуу турмуштун бардык тармактарында кайра-кайра алдануусунун эң ачык-айкын себептеринин бири – бул демократия. Жакында Моди демократияга багыштаган дүйнөлүк форумда “Индия – демократиянын энеси” деп бүткүл дүйнөнү таң калтырганы күтүлбөгөн нерсе эмес. Ал мындай сөздөрү менен индус калкын, интеллигенттерин жана өлкө мекемелерин ыңгайсыз абалга салды. Бирок, мамлекеттеги бир ууч кимселер кыжалат болушкан жок. Себеби, алар Модинин акыйкатка бүтүндөй тескери сөздөрүнө кулак салууга үйрөнүп калышкан.

Белгилүү тарыхчы Беруний 1016-жылы Индияга жасаган сапарында көргөн нерселери туурасында өз пикирин жазып калтырган. Ал Индиядагы индус аалымдары деп аталган мушриктер адамдарга дин жана тарых туурасында айтып жаткан аша чабууну жана жалганды жактырышын, ал доордун өкүмдарлары тарабынан бул нерсе көбүнчө макулдалганын айткан! Жакынкы тарыхты карсак, “Бхаратия Жаната” партиясынын жетекчилиги «Кашмир файлы» жана «Керала икаясы» сыяктуу жалган-фантастикадан турган кинофильмдерди акыйкат катары көрсөткөнүнө күбө болобуз. Чамасы, Индиядагы абал өзгөрбөгөн көрүнөт. Себеби, демократия маскарапоздугу менен адамдарды дагы да чаташтыруу үчүн акыйкатка жалганды кийдирүү Ислам душмандарынын өзүнө таандык мүнөзүнө туурат келет.

Бийлик жана алардын куурчак разведка кызматы Индия калкына канчалык жалган айтышпасын, Хизб ут-Тахрир акыйкатты айтууну токтотпойт. Хизб мусулман өлкөлөрү үчүн башкаруу түзүмү катары Халифалыкты сунуштайт. Халифалык түзүмүн кайра тикелөөдөгү Хизбдин тарикаты курал жана зомбулук сыяктуу ар кандай мажбурлоо услубдарынан алыс, жалаң гана пикирий жана саясий даъватка чектелген. Хизб мусулмандарга үйрөнүп чыгышы үчүн бул даъватты сунуштап, Хизбге каршы чыккандардын ар кандай дооматтарына карабастан, бул иш-аракетин улантат.

Чынында, бул шерменде айыптоолор таасирлүү кишилерге чындыкты көрүү мүмкүнчүлүгүн берди. Бул окуялар жахилият тарапкерлеринин акыйкатка каршы тура албастыгын ачыктоодо. Анткени, Аллах Субханаху ва Таала калыс даъват ээлерине нусрат берип, акыйкатка каршы чыгып жаткандарды Өз уруксаты менен кор кылат.

Биз, Хизб ут-Тахрир мүчөлөрү, Ислам Умматынын өкүлдөрү катары, мусулман жана кайрымусулман бүткүл адамзатты Исламды альтернатива хазарат катары кабыл алууга, адамзатты, анын катырында Индия калкын бактысыз жана жакыр кылып, бөлүп ыдыраткан илманий капитализмден жана демократиядан баш тартууга чакырабыз. О.э. өз калкына жан тарткан ар кандай калыс инсанды капиталисттердин издеш жана кызматкерлери болгон экстремисттерге жалданган медианын маалыматтарын адамдарга ачыктап берүүгө чакырабыз. Ислам жана мусулмандардын аброюн төгүүгө жалгыз кызыкдар тарап ушул капиталисттер болот, алардын максаты – эркиндик жана демократия ураанынан пайдаланып адамдарды кул кылуу. Бирок, биз, мусулмандар – пенделерди пенделерге кулдук кылуудан ааламдардын Роббиси Аллахка кулдук кылууга, дүйнө тардынан бул дүйнө жана Акырет кеңдигине, диндердин зулумунан Ислам адилетине алып чыгуу үчүн Аллах Таала тарабынан жөнөтүлгөн калкпыз.

﴿إِنَّهُ مَنْ يَأْتِ رَبَّهُ مُجْرِماً فَإِنَّ لَهُ جَهَنَّمَ لَا يَمُوتُ فِيهَا وَلَا يَحْيَا﴾

«Эч күмөн жок! Кимде-ким Роббисинин (алдына) күнөөкөр болуп келсе, анда албетте ал үчүн тозок бар, ал ошол жайда өлө да албайт, өмүр да сүрө албайт»                       [20:74]

 

Мухандис Салахиддин Азаза

Хизб ут-Тахрирдин

борбордук маалымат бөлүмүнүн төрагасы

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here