Эрдоган: “Асад менен мамилебиз үзүлгөнүнө кайгыдабыз”

3075
0

Эрдоган: “Асад менен мамилебиз үзүлгөнүнө кайгыдабыз”

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган “CNN International” телеканалына берген интервьюсунда Сириянын президенти Башар Асад менен үй-бүлөлүк мамилеси жакшы болгондугун, бул жакын мамиле үзүлүп калганы аны кайгыга салганын билдирди. Президент Эрдогандын шайлоо жөнүндөгү жана күн тартибине тиешелүү суроолорго берген жооптору негизги маалымат каражаттары аркылуу эфирге узатылды, бирок Асад жөнүндөгү сөздөрү эфирге чыкпады. Түркия байланыш башкармалыгынын расмий веб-сайтында жарыяланган интервьюнун толук текстинде журналисттин: “Башар Асад менен мамилени кайрадан тикелөө маселеси күн тартибинде барбы?” – деген суроосуна президент Эрдоган төмөнкүдөй жооп берген: “Мен бул маселе боюнча бир нече билдирүүлөрдү бердим. Асад үй-бүлөсү менен жакындыгыбыз бар эле. Үй-бүлөлүк деңгээлде жолугушуп турат элек. Өкүнүчтүүсү, кийинчерээк жүз берген окуялар себептүү жакын мамилебиз үзүлүп калды. Бул үзүлүү бизди да кайгыга салды. Акыркы кездерде Путин мырза менен достугубуз себептүү бул эшикти кайра ачышыбыз жөнүндө ойлондук. Андан соң, “биз бардык маселелерде, айрыкча Сирия түндүгүндөгү терроризмге каршы күрөштө бирге болушубуз керек, эгер буга жетише алсак, бул жерде (Асад менен) мамилени кайрадан тикелөөгө эч кандай тоскоолдук көрбөй жатабыз” деген тыянакка келдик”.

Комментарий: Ушул кезге чейин Россия, Түркия, Иран мамлекеттеринен турган “Астана үчтүгү” мындан кийин Сирия режими да кошулган абалда, “Астана төрттүгүнө” айланары күтүлүүдө. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министринин орунбасары Михаил Богданов Татарстан Республикасынын борбору Казан шаарында өткөн “Россия-Ислам дүйнөсү, Казан форумунда” сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Астана төрттүгүнүн жыйынын алкагында президент Эрдоган менен канкор Асаддын жолугушуусу пландаштырылган. А бирок, бул үчүн Түркиядагы шайлоолор аякташы керек. Себеби, Түркиядагы мусулман калктын реакциясын эсепке албаса болбойт. Ошондуктан, эки президенттин жолугушуусу Түркиядагы шайлоодон кийинкиге белгиленген.

Бул иштер АКШ башчылыгында жүргүзүлүп жаткан “БУУнун №2254-резолюциясы негизинде Асад режимин мыйзамдаштыруу” саясатынын алкагында ишке ашырылып жатат. Т.а. Вашингтон Хафиз Асад доорунан бери АКШнын аймактагы кызматкери болгон Асад режимин сактап калуу үчүн парда артынан саясат жүргүзүүдө.

Сирия калкы колдобой турган канкор Асад режимине мыйзамдуу түс берүү үчүн аймактагы мамлекеттердин бардыгы бирдей аракетке келишти. Бул нерсе буйрук бир жерден болгонун көрсөтүп турат. Бул мамлекетчелер АКШдан буйрук келери менен “Изариль” менен нормалдашуу келишимдерине баш-оту менен киришип кеткендей эле, учурда да Саудия, Түркия, Мисир жана Ирак сыяктуу АКШнын сөзүнөн чыкпай турган аймактагы “достору” менен “союздаштары” Асадды мыйзамдаштырууда олуттуу аракет кылып жатышат. Өзгөчө, Араб мамлекеттери Лигасы бул жаатта активдүү болууда. Аталган Лига 2011-жылы башталган кыргындар себептүү мүчөлүгү токтотулган Асад режимин ар түрдүү шылтоолор менен кайрадан кошуп алды. Лиганын Башкы катчысы Ахмад Абул Гайт Сириянын Лигага кайтып келишин “Сирия Араб мамлекеттери Лигасына негиз салган 7 мамлекеттин бири” экендиги менен актады.

Бул аркылуу өздөрүн козголоңчулардын тарапкери кылып көрсөткөн мамлекеттердин маскалары сыйрыла баштады. Саудиянын Жидда шаарында өткөн Араб мамлекеттери Лигасынын 32-саммитинде, тим эле Сирияда 12 жылдан бери эч нерсе болбогондой, Башар Асад да катышты. Асадды кулатууну максат кылган оппозициялык топторду ушунча жылдан бери курал-жарак жана башка жардамдар менен камсыздап келген араб мамлекеттеринин башчылары менен Асад кол берип учурашты жана бир столдо отурду. Саудиянын мураскор шахзадасы Мухаммад ибн Салмандын сүрөткө түшөрдө Асадды кучактап алганы өзгөчө көңүлдү бурду.

Батыш тарабынан Исламий өлкөлөрдүн башына орнотуп коюлган паскеч акимдердин жана колонизатордук долбооруна кызмат кылуудан башкасын билбей турган Араб мамлекеттери Лигасынын абалы мына ушундай. Кыянатты – берилгендик, куфрга малайлыкты – достук мамилелер деп атоого аракет кылып келген бул малай акимдерди майдандан шыпырып салуунун жана булардын ордуна Аллахтын шариятын аткара турган бир Халифаны тикелөөнүн убагы келди. Себеби, бир Халифа дүйнө жүзүндөгү мусулмандарды бириктирет, Ислам аскерин бутка тургузуп, кыянатчылар менен кылмышкерлерден өч алат. Ушундай болгон соң, акыретке жарык жүз менен барууну каалаган ар бир мусулман Халифалык мамлекетин тикелөөгө салым кошушу керек.

Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here