Малга салык салуу мыйзамы коомдук талкууда

3391
0

Малга салык салуу мыйзамы коомдук талкууда

         Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаевдин мал-жандыктан салык алууга байланыштуу мыйзам долбоору 22-майда коомдук талкууга чыгарылды. Мыйзамга ылайык, жеке менчигинде 40 баш кой-эчкиси, 3 баш уй, 2 баш жылкысы барлар салык төлөөчүлөр тизмесине кирет. Салык жылына бир жолу алынып, төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө төлөнөт: Койлорго жана эчкилерге – 100 сом, бодо малга – 250 сом, жылкыларга – 250 сом. Чогулган салык жергиликтүү бюджетке түшөт.

         Улуттук статистика комитетинин соңку маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1,7 миллиондон ашуун бодо мал катталган. Кой-эчкинин саны 6 миллиондон ашкан, жылкынын саны 534 миңге жакын.
          Бийлик салыктын жаңы түрү киргизиле элек экендигин айтып актанса да, жогорудан маалым болгондой бир катар жаңы салыктын түрлөрүн киргизүү боюнча мыйзамдар сунушталууда. Алардын катарында күйүүчү майдын ар бир литринен жол оңдоого акча алып туруу, блогерлерге, интернет дүкөндөрүнө, такси кызматтарына салык салуу сунуштары бар. Буга кошумча, мамлекет 8-марттан тарта жол эрежесин бузган айдоочуларга карата айып-пулдардын көлөмүн эселеп көбөйттү. Мындан тышкары, өкмөт “Салыктык эмес кирешелер” тууралуу мыйзамдын негизинде да бир катар төлөмдөрдү жыйнап алып турат.

         Ал эми, соңку эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Быйыл ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди.

         Жогорудагы депутаттын малга салык салуу мыйзамын айрым аткаминерлер да колдоого алып, Исламда да зекет берилерин жүйө келтиргендер чыгууда. Акыйкатта болсо Ислам түзүмүндө, мамлекет өз иштерин жүргүзүү үчүн салык салууга муктаж болбойт.

         Мындан тышкары, Ислам байлыктын бир ууч адамдардын колунда чогулуп калышына жол бербейт. Ошол эле учурда жакыр жана муктаж кишилерди салык төлөтүү менен айласын кетирбейт. Балким, кирешеси белгилүү өлчөмгө жеткен гана адамдардан зекет жыйып алат. Зекетти адамдар ибадат катары кубануу менен беришет. Ал эми, зекеттен жыйналган мүлктөр бюджеттеги башка мүлктөргө кошулбастан өзүнчө топтолуп, Алла Таала “Тообо” сүрөсүндө белгилеген сегиз түрдүү адамдарга бөлүп берет. Алла Таала айтат:

إِنَّمَا ٱلصَّدَقَٰتُ لِلۡفُقَرَآءِ وَٱلۡمَسَٰكِينِ وَٱلۡعَٰمِلِينَ عَلَيۡهَا وَٱلۡمُؤَلَّفَةِ قُلُوبُهُمۡ وَفِي ٱلرِّقَابِ وَٱلۡغَٰرِمِينَ وَفِي سَبِيلِ ٱللَّهِ وَٱبۡنِ ٱلسَّبِيلِۖ

“Албетте, садагалар (зекеттер) жалаң жакырларга, мискиндерге (бечараларга), садага жыйуучуларга, көңүлдөрү (Исламга) дос кылынуучу кишилерге, моюндарды (кулдарды) азат кылууга, карыздар кишилерге жана Алла жолунда (тактап айтканда, казатка же ажыга кетип жаткандарга) ошондой эле жол жүргөн-мусаапырларга берилет” (Тообо: 60).

         Исламда мамлекет сейрек учурда, тагыраагы, Алла Таала мамлекетке жана Үммөткө парз кылган ишти аткаруу үчүн муктаж болгон учурда гана мусулмандар арасындагы бай адамдарга кайрылып, карыз алышы мүмкүн. Кээде мамлекет мусулмандардын байларынан кайсы бир муктаждыкты чечүү үчүн ушул керектүү каражаттын өлчөмүндө гана салык салышы мүмкүн. Мисалы, Расулуллах (с.а.в) Табук казатына керектүү каражат үчүн мусулмандарга кайрылган. Ошондо, Усман (р.а) бул катаал жылдагы кыйынчылыкты жоюу үчүн миң динар берген. Бирок, салык салуу жайиз болушу үчүн, албетте төмөндөгү шарттар табылышы керек:

– Ушундай абалга сарптоо үчүн жетиштүү каражат Байтулмалда жок болушу керек;

– Мына ушундай абалга сарптоо Байтулмалга жана мусулмандарга важиб экендигине бирер шаръий нусус келиши керек;

– Салынган салык ушул абалга жетчүдөй өлчөмдөн ашпастыгы керек;

– Бул салык өздөрүнүн негизги жана камалий муктаждыктарынан ашыкча мүлкү бар болгон жалаң бай кишилерге салынышы керек.

         Демек, Исламдагы мындай салык Кыргыз бийлиги улам санын арбытып жаткан кошумча нарк салыгы, киреше салыгы, пайда салыгы, акциз салыгы, жер казынасын пайдалануу салыгы, сатуу салыгы сыяктуу туруктуу алынбайт. Дайыма салык топтоо жайиз эмес. Ошондуктан, капиталисттик түзүмдөгү салыкка негизделген экономикалык түзүмдү Исламдагы экономикалык түзүмгө окшотуу чоң ката. Президент, өкмөт башчы жана муфтийибиз баш болуп чакырып жаткан салыктарга Исламда тыюу салынган! Андыктан, мусулмандар мындай салыккорлордун зулумунан кутулуу үчүн бул дүйнө жана акырет ийгилигине жеткире турган Алланын өкүмдөрү менен жашоого шашылуусу керек!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here