“Дмитриевка сценарийи” Кытайга “гүлдесте” болду
17-майда Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында элди дүрбөлөңгө салган окуя болуп өттү. Анда күч орган кызматкерлери менен кылмышка шектүүнүн ортосунда атышуулар болуп, эки кызматкер жараат алганы жана шектүү жок кылынганы кабарланды.
Күч органдарынын маалыматына караганда, өлтүрүлгөн шектүү мындан мурунураак Ошто кармалган кылмыштуу топтун мүчөсү болгон. Маалым болгондой, 12-13-май күндөрү – Оштогу чуулгандуу карактоолор үчүн шектелген кылмыштуу топ – кармалганы кабарланган. Буга чейин, маалымат каражаттарында бул карактоолор “каралар”га тиешелүү кылмыштуу топ тарабынан кылынганы айтылып келген жана маалымат каражаттары муну күч органдарындагы булактарына таянып жазып жатышканын билдиришкен.
Бирок, 17-майда мындай билдирүүлөр кескин түрдө башка багыт алды. Коопсуздук кеңешинин катчысы шектүүнү “террорист” деп атады жана “Кыргызстанда ар түрдүү уюмдар иш алып барат” деп, исламий уюмдарга ишарат кылды. Ош ШИИБ басма сөз катчысы “диний экстремизмге жана каракчылыкка ыктаган кылмыштуу топ” деп билдирди. Демек, булардан көрүнүп тургандай, шектелген кылмыштуу топко бул окуяда “диний тон” кийгизүү башталды.
Дагы бир жагдай, буга чейинки кармоолордо өтө көптөгөн курал-жарактуу топтор күч органдары тарабынан оңой-олтоң эле кармалып жатканын көп көрүп жүрдүк. Ал эми Дмитриевка окуясында бир шектүү үчүн ал тургай бронетехникалар тартылып, көчөлөр жабылды. Атышуулар узакка созулуп, гранаталар ыргытылды. Элдин үрөйү учту, окуя республиканы дүңгүрөттү. Натыйжада, ким тарабынан террорист деп таанылганы белгисиз бойдон, бир адам – эч кимге үн ката албастан – үй ичинде өттөлүп кетти. Булардын баары бул окуя кайсы бир кызыкдар тараптар тарабынан атайын уюштурулганына далалат кылып турат.
Ушулардан улам суроо туулат: Террорист аты жабыштырылган жана диний экстремисттик тон кийгизилген мындай сценарий кимге керек болду? Бул орунда биз шектүүнүн ким экендигине киришмекчи эмеспиз: ыхтымал, ал “кара” кылмышкердир, же атайын кызматтын кылтагына илинген аңсыз мусуландыр, балким, жалган жалаага кабылган жазыксыз жарандыр – кыскасы, темабыз бул жаатта эмес. Темабыз: бул сценарий кимдерге, эмнеге керек болуп калды – ушул жаатта болмокчу.
Ток этер кепке жетиш үчүн, бир аз чегинүү жасоого туура келет. Белгилүү болгондой, “диний терроризм жана экстремизм” империалисттик каафир державалар ойлоп тапкан “жомоктор” болуп, алар муну идеологиялык жана саясий күрөштөрүндө колдонуп келүүдө. Идеологиялык жактан алар муну Исламга каршы күрөштө пайдаланышса, саясий жактан олжо талашууда колдонушууда. Мисалы, Россия атайын терракттар уюштуруп, алардын шылтоосу менен Чеченстанга кыргын салды, АКШ Афганистанды басып алды. Кытай болсо Чыгыш Түркстанды эзип келүүдө ж.б.
Мусулмандар өлкөлөрүнүн каафирлерге малай акимдери болсо, кожоюндарына жасакерленип, “диний тероризм жана экстремизм” шылтоосу менен Исламга жана өз мусулман калкына каршы күрөшүп келет. Азыркы эл аралык саясатта болсо, Орто Азия өлкөлөрү “үч от”: АКШ баштаган Батыш, Россия жана Кытайдын ортосунда калды.
Кыргызстан бийлиги АКШ басымдарынан качып, айрым жагдайларда Россия этегине жамынып жатса да, бирок, негизинен Кытай багытына баш урууда. (Россия болсо Кытай менен болгон кызыкчылыктары себептүү, аймактагы айрым кызыкчылыктарынан Кытайдын пайдасына баш тартууда). Мисалы, “G-7”саммитинде “Россияга салынган санкцияны” айланып өтүү шылтоосу менен, Кыргызстандык бир компания АКШ санкциясына кабылды. АКШ муну менен Кыргызстан Россия жана Кытайга жүздөнүп жатканына каарданганын билдирип, эскертүү берүүдө. О.э. Британия парламентарийлери жалпы Батыштын атынан 9 товарды тизмелеп кетти. Мына ушундай Батыш басымынан качуу багытына ылайык түрдө, Кыргызстан бийлиги “Кытай + Орто Азия” саммитине катышуу үчүн Сианга барды. Жана жаңы кожоюнга куру кол барган жок. “Дмитриевка гүлдестесин” көтөрө барды! (Эскерте кетсек, ушул убакка чейин кыргыз бийлиги ШКУ алкагында Бишкекте эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөш борборун түзүүнү суранып келет).
Мушрик Кытай бийлиги үчүн а түгүл намаз окуу, орозо тутуу да “терроризм жана экстремизм” эсептелет. Ошондуктан, мындай белек бул коммунист-мушриктер тарабынан жакшы кабыл алынары талашсыз. (О.э. мындай сценарий АКШ жана Россияга да жагат).
Кытай болсо малайлардын абалынан пайдаланып, өз позициясын дагы да бекемдөөдө. Мурунтан келе жаткан экономикалык кадамдарынан тышкары, коопсуздук жана коргонууда кызматташуу наамы артында – терроризм, экстремизм, сепаратизм шылтоосу менен – аскерий катышууну мурункудан да күчөтүп о.э. айрым ички иштерге аралаша ала турган болду. Жана булардан да сырткары, колонизаторлук саясий кадамын таштап, саясий партияларды түзүү макулдашуусу артында, биздин өлкөлөрдө кытайчыл партиялар түзүлүп, алардын бийлик үчүн ат салышуусуна жол ачып алды.
Бабаларыбыз айтып келген “кытай жибеги менен соёт” деген накыл турмуш чындыгынан көрүнүп, кыйтайлар биздин акимдерди үлкөн шаан-шөкөт менен тосуп алды. Бу малайлар болсо кытайдын сакофат-маданиятына магдырап, алардын сакофий баскынчылыгына мурункудан да эшиктерди кеңири ачып бермекчи болушту.
Тыянактап айтканда, Аллах Субханаху ва Таала айтат:
يُخَادِعُونَ اللَّهَ وَالَّذِينَ آمَنُوا وَمَا يَخْدَعُونَ إِلَّا أَنفُسَهُمْ وَمَا يَشْعُرُونَ
«Алар Аллахты жана ыймандуу кишилерди алдамакчы болушат жана өздөрү сезбеген абалда өздөрүн гана алдашат» [Бакара:9]
Туркистон