Борбор Азия+1 саммиттери – колонизаторлук куралы

662
0

Борбор Азия+1 саммиттери – колонизаторлук куралы

         19-майда Кытайдын Сиань шаарында алгачкы жолу “Борбор Азия – Кытай” саммити болуп өттү. Саммиттин жыйынтыгы боюнча Сиань декларациясы кабыл алынды.

         Саммитти утурлай Борбор Азия президенттеринин Кытайга мамлекеттик сапарлары да уюштурулган. Мамлекеттик сапардын алкагында, Казакстан Кытай менен 48 документке, Өзбекстан 41, Кыргызстан 25, Тажикстан 25, Түркмөнстан да “Бир куур – бир жол” долбоорунун алкагында бир катар келишимге кол койгону айтылды.

         Саммитте сүйлөгөн лидерлер аймак менен Кытайдын ортосундагы соода, экономикалык жана маданий кызматташтыкка басым жасашты. Кытай лидери Си Цзиньпин өз сөзүндө, Кытай Борбор Азияга жалпысынан 26 миллиард юань же 3,8 миллиард доллар каржылык колдоо жана кайтарымсыз насыя бере турганын белгилеп өттү. Анын айтымында, соода процедураларын жеңилдетүү үчүн кошумча чаралар көрүлүп, эки тараптуу инвестициялык макулдашуулар жаңыланат. Муну менен катар Кытай ташылуучу жүктүн көлөмүн көбөйтүү үчүн Каспий деңизи аркылуу кеткен эл аралык транспорттук коридордун курулушун, портторду модернизациялоону эртелетип, Европага кеткен темир жол каттамын көбөйтөт. О.э Кытай Борбор Азия менен энергетика тармагын өнүктүрүп, Кытай — Борбор Азия газ түтүгүнүн D линиясынын курулушун тездетет жана нефть, газ соодасынын көлөмү жогорулатылат.

         О.э “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу долбооруна аталган үч өлкөнүн башчылары тең токтолуп, практикалык жумуштар жасалып жатканы жана каржы маселеси тез арада чечилиши керектиги айтылды. Бул долбоор боюнча кызматташууга 2022-жылы Самаркандда кол коюлган. Кыргызстандын аймагынан өтө турган темир жолунун узундугу 280 чакырымды түзөт. Ички долбоордун болжолдуу баасы 5 млрд. долларга барабар экени буга чейин кабарланган.

         Белгилүү болгондой, Кытай бул саммит аркылуу Борбор Азия менен алакаларын жаңы тепкичке көтөрүүдө. 2013-жылы Кытай “Бир куур – бир жол” долбоорун жарыялоо менен Борбор Азияда жаңы долбоорлорду ишке ашыра баштаган. 2020-жылдын аягында Кытайдын аймакка салган инвестициясынын жалпы көлөмү 40 миллиард доллар болсо, 2022-жылдын аягында бул көрсөткүч 70,2 миллиард долларга жетти. Ал эми, 2023-жылдын алгачкы эки айында аймактын Кытай менен соода алмашуусу 22% өстү. Кытай капиталынын аймактагы негизги үлүшүн Казакстан ээлейт. 2022-жылы кытай-казак соодасы 33 пайызга өсүп, 31 млрд миллиард долларды түздү. Ал эми, мамлекеттик сапардын алкагында Казакстан Кытай менен 22 миллиард долларлык келишим түздү. Казакстандан кийинки көлөм Түркмөнстанга туура келет. Түркмөнстан менен Кытайдын соода алмашуусу 2022-жылы 52% өсүп, 11,2 млрд долларга жетти. Мунун негизги бөлүгү Түркмөн газынын экспорту түзөт.

         Өзбекстан президентинин Кытайга болгон сапарынын алкагында 25 миллиард долларлык келишим түзүлдү. Эки өлкөнүн соода алмашуусу өткөн жылы 8,9 млрд доллардан ашкан. Кыргызстандын улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кытай менен соода алмашуу өткөн жылы 35,8 пайызга өсүп, 4,1 млрд доллардан ашкан. А бирок, Кытайдын Бажы кызматы бул көрсөткүч өткөн жылы 15,5 млрд доллар болгонун жарыялаган. Ал эми, Тажикстан менен Кытайдын соодасы өткөн жылы 2,6 млрд долларды түзгөн.

         Ошол эле маалда Борбор Азиянын баардык мамлекеттери Кытайга миллиарддаган акча карыз. Алардын ичинен Казакстан тогуз миллиард карызы менен биринчи орунда турат. Расмий Ташкенттен Бээжин төрт миллиард доллар аласасы бар. Кыргызстандын Кытайга карызы 1,78 миллард доллар. Тажикстандын карызы бир миллиард долларга жакын. Ал эми Түркмөнстандыкы канча экени белгисиз. Бул каражаттар негизинен инфраструктуралык долбоорлорго алынган. Маселен, Кыргызстан ал акчаны жолдорду курууга, Бишкек ЖЭБди жаңылоого, Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы энергетика долбоору сыяктуу жалпысынан тогуз долбоорго жумшаган.

         Жогорудан маалым болгондой, Кытайдын Борбор Азиядагы таасири дагы да күчөп барууда. А түгүл, статистика көрсөткөндөй аймактын Кытай менен соода алакасы Орусия менен Борбор Азиянын соодасынан ашып түшүүдө. Маселен, Борбор Азия менен Орусиянын соода алакасы 40 млрд $ды түзөт. Бул Орусияга санкция салган Батыштан Борбор Азия аркылуу товарларды сатуу  300%га чейин өскөндөн кийинки көлөм.

         Аймактын Орусия менен соода байланышынын сап башында Казакстан турат. Бул эки өлкөнүн соода алмашуусу 10 пайыз жогорулап, 26 млрд долларга жеткен. Орусиянын Өзбекстан менен болгон товар алмашуусу 23% өсүп, 9,28 млрд долларга жеткен. Кыргызстан менен болгон соода 30 пайызга өсүп, 3 миллиард долларды түзгөн. Тажикстан менен болгон товар алмашуу 18 пайыз өсүп, 1,5 млрд доллардан ашкан. Ал эми, Түркмөнстан менен Орусиянын соодасы 1 млрд доллар болгон. Украиндагы согуш жана экономикасынын алсырашы Орусияны Борбор Азия өлкөлөрүнө карата дагы да катуу кол саясат жүргүзүүгө мажбур кылууда. Буга 9-майда Кремлде өткөн парадга аймактагы мамлекеттердин президенттери бири калбай барышы да ишара кылат. Орусия аймактагы таасирин бекем кармап калуу үчүн өткөн жылы С5+Орусия саммитин уюштурган. Ал формалдуу түрдө Казакстанда өткөрүлүп, Орусиянын жана Борбор Азиядагы беш өлкөнүн президенттери катышкан. Бул платформа аркылуу Орусия негизинен Батыштын аймактагы таасири артышына каршы турууга аракет кылмакчы. Ал эми, Кытайдын аймактагы таасири артышына каршы күрөшүүгө кубаты калбагандыктан, аны менен соодалашууга мажбур абалда. Муну Кытай лидеринин Орусияга болгон расмий сапары учурундагы билдирүүлөрү да тастыктап турат. Си менен Путин биргелешкен билдирүүсүндө “Орусия менен Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнө сырттан кийлигишүүгө жана “түстүү революцияны” импорттоо аракеттерине жол бербейт” деген.

         Мындан тышкары, С5+1 форматында АКШ менен Борбор Азия мамлекеттери ортосунда да саммит өткөрүлүп келет. Бул форматтагы жолугушуу 2015-жылдан бери уланууда. Америка С5+1 саммиттери аркылуу терроризмге каршы күрөшүү, ишкерликтеги атаандаштык, транспорт коридорун түзүү, энергетика жана аймактык кызматташтык долбоорлорун талкуулап келет. Бул долбоорлор аркылуу Америка аймакты Орусия таасиринен узакташтырып, Кытайга каршы турууга аракет кылат. А бирок, Американын аймактагы мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан, С5+1 форматында Индия жана Япония саммиттери да уюштурулган. Белгилүү болгондой, АКШ Япония менен Индияны Кытайдын таасирине каршы майнаптуу колдонуп келет. Башкача айтканда, Япония менен Индиянын С5+1 саммиттери алардын экономикалык кызыкчылыктарына кызмат кылса да, жалпысынан Американын аймактагы Кытайга каршы саясатына шайкеш алып барылат.

         Ал эми, Европа биримдиги Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясын 2019-жылы кабыл алган. Мунун алкагында “Европа биримдиги+Борбор Азия” саммити уюштурулган. Мындан белгилүү болгондой, Борбор Азияда АКШ, Орусия, Кытай менен бирге Евро Биримдик да саясий оюнга аралашып келет. Евро биримдиктин стратегиясында аймакка инвестиция аркылуу экономикалык таасирин күчөтүүдөн баштап студенттерди окутуу, тажрыйба алмашуу шылтоолору менен өз кадрларын даярдоого чейин каралган. Азырынча Борбор Азия өлкөлөрүндө Евробиримдиктин саясий таасири алсыз болгону менен, экономикалык жактан кирип келүү жана таасирин өткөрүү жолундагы аракетин токтото элек. Ошол эле убакта региондогу мамлекеттердин билим берүү тармагына жардам берүү аркылуу өзүнүн сакафий таасирин кеңейтүүгө да умтулуп келет.

         Жыйынтыктап айтканда, бүгүнкү күндө капитализм өкүмдарлык кылган дүйнө империалисттери кайсыл аймакта боштук болсо, ошол жерге тамак издеген иттердей жетип келүүдө. Учурда мындай боштук Борбор Азияда күзөтүлүп жатышы жана бул аймактын стратегиялык маанилүүлүгү империалисттердин аймакта таасирин кеңейтүүсүнө түрткү берип жатат.        Демек, Украина кризисинин артынан таасир талашуу аймагы Борбор Азияга көчүп жатканы жашыруун эмес. Буга акыркы кездеги саясий окуялар жана Борбор Азия лидерлери менен ири мамлекеттердин ортосундагы алакалар да ишара кылууда. Айрыкча, С5+1 саммиттеринин шылтоосу менен ар бир колонизатор аймакты өз таасири астында кармап калууга аракет кылууда. Муну «Кытай-Борбор Азия», «АКШ-Борбор Азия», Евро Биримдик-Борбор Азия», «Орусия-Борбор Азия», «Индия-Борбор Азия», «Япония-Борбор Азия» саммиттеринин байма-бай өткөрүлүшү да далилдеп турат. Анткени, капитализм дүйнө карашы «чексиз каалоо – чектүү ресурс» теориясына негизделген. Мындан улам, империалисттер дүйнөнүн төрт бурчундагы кен байлыктарды, энергия ресурстарын ташып кетүүгө кызыктар! Биз мусулмандар пайдага негизделген, зулумдук үстүнө курулган капиталисттик системадан баш тартып, өз Исламыбызга жүздөнгөнгө чейин колонизаторлордун биздин үстүбүздөгү өкүмзордугу улана бермекчи. Андыктан, Борбор Азияны эле эмес, бүткүл дүйнөдөгү мусулмандарды бул кордуктан куткара турган Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу үстүбүздөгү зулумдукту токтотууга аракет кылышыбыз шарт!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here