Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Кытайга кетти

902
0

Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Кытайга кетти

 Кабар: Президент Садыр Жапаров 17-май күнү мамлекеттик сапар менен Кытайга кетти. Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, ал сапардын алкагында “Кытай-Борбор Азия” саммитине да катышат.

 О.э. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Кытай мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, Кытай Элдик Саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл Кытай комитетинин төрагасы Ван Хунин менен жолугушат.

 Кыргызстандык делегациянын курамында президенттин жубайы Айгүл Жапарова, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева, президенттин администрациясынын чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын жетекчиси Айбек Жунушалиев бар. Аны бир катар министрлер жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери да коштоп кетти.

 Садыр Жапаровдун Кытайга сапары 18-20-май күндөрү болот.

 Комментарий: Украина согушу созулуп, Россия саясий, аскерий жана экономикалык жактан алсырап барган сайын Борбор Азия үстүндө Батыш мамлекеттери менен Кытайдын ортосундагы күрөш кызып барууда. Батыш расмийлери аймактагы мамлекеттерди Россияга каршы салынган санкцияларды сактоого чакыруу шылтоосу менен “зыярат” кылып, жергиликтүү бийлик менен жакындан мамиле орнотууга аракет кылып жатышкан болсо, Кытай экономикалык долбоорлор аркылуу аймактагы мамлекеттерди көбүрөөк өзүнө тартып жатат. Кытай ушул кезге чейин аймактагы мамлекеттер менен негизинен экономикалык кызматташтыкка көңүл буруп келген болсо, 18-май күнү алты мамлекет башчынын алгачкы саммити болуп эсептелген – “Кытай-Борбор Азия” саммитин уюштуруу аркылуу аймакта саясий аракеттерди баштады. Кытайдын демилгеси менен уюштурулуп жаткан бул саммит АКШнын “С5+1” форматына альтернатива катары  уюштурулуп, мындан көздөлгөн максат – аймактагы мамлекеттер Батышка жүздөнүшүнүн алдын алуу.

 Белгилүү болгондой, Россияга учурдагы саясий жана экономикалык абалында аймактагы мамлекеттерди өзүнүн таасири алдында кармап туруу кыйын болууда. Россия колдон чыгарып бара жаткан аймак бош калбашы жана анын ордун кимдир бирөөлөр ээлеши анык нерсе. Владимир Путин үчүн аймакта АКШнын таасири күчөгөндөн көрө, бул боштукту Кытай толтурганы пайдалуураак.

 Быйыл 20-22-март күндөрү Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Москвага сапары учурунда  Борбор Азия аймагына өзгөчө көңүл бурулду. Бул нерсе эки мамлекет башчынын “Жаңы доордо ар тараптуу өнөктөштүк жана стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү жөнүндөгү биргелешкен билдирүүсүндө” айтылды. Аймактагы мамлекеттердин Батышка ыкташына нааразы болгон расмий Москва жана Пекин бул мамлекеттер ким менен дос болушу керектиги да белгиленген биргелешкен билдирүүнү жарыялашты.

 Ал билдирүүдө: “Тараптар Борбор Азия мамлекеттеринин суверенитети жана улуттук өнүгүүсүн колдоо боюнча өз ара координациялоону күчөтүүгө даяр о.э. “түстүү революцияларды” импорт кылуу аракеттерин жана аймактагы мамлекеттердин ички иштерине сырттан кийлигишүүнү кабыл албайт”, – деп айтылган.

 2022-жылдын февраль айында Владимир Путиндин Пекинге сапары учурунда да эки мамлекет башчы биргелешкен билдирүү берип, Россия менен Кытай “тышкы күчтөрдүн кошуна аймактарда коопсуздук жана туруктуулукка зыян жеткирүү аракеттерине” каршы экендиги о.э. “тышкы күчтөрдүн ар кандай шылтоо менен суверендүү мамлекеттердин ички иштерине аралашуусуна каршылык көрсөтүү, түстүү революцияга каршы туруу” ниетинде экендиги айтылган. Мындан, “Россия АКШ кирип келишинин алдын алуу үчүн бул аймакты Кытайга “тартуу” кылып жиберүүгө да даяр” деген тыянак чыгарса болот.

 Бүгүнкү күндө аймактагы мамлекеттердин негизги инвестору Кытай болгондуктан, аймактагы ар бир мамлекет андан ири өлчөмдө карыз.

 2020-жылдагы отчётко ылайык, Өзбекстандын Кытайдан карызы 3 млрд доллар. Бул цифра мамлекеттик карыздын 12 пайызын түзөт. Кыргызстан Кытайдан 1 миллиард 700 миллион доллар карыз алган жана бул жалпы тышкы карыздын 40 пайызын түзөт. Тажикстандын тышкы карызында Кытайдын үлүшү 48 пайызды түзөт. Буга чейинки аралыкта Тажикстан Кытайдан 1 миллиард 200 миллион доллар карыз алган. Казакстандын Кытайдан карызы 12 миллиард доллардан ашык. Бул болсо мамлекеттик карыздын 8 пайызын түзөт. Түркмөнстан жөнүндө болсо анык маалыматтар жок.

 Эми Кытай аймакта экономикалык таасирин күчөтүү менен бирге саясий таасирин күчөтүүгө аракет кылышын эсепке алсак, АКШ менен Кытайдын ортосундагы таасир талашуу күрөшү күчөшү мүмкүн.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here