АКШ делегациясынын Кыргызстанга, Жапаровдун Орусияга сапары

1439
0

АКШ делегациясынын Кыргызстанга, Жапаровдун Орусияга сапары

         Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азимбакиев Садыр Жапаров 8-майда Орусияга расмий сапары менен барарын ырастады.

         Мамлекет башчы Москвага Орусия президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен барат. Сапардын алкагында эки өлкө президенттеринин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү жана Орусиянын башка расмий өкүлдөрү менен жолугушуулар пландалууда. Жапаров 9-майдагы парадга да катышат.

         Ал арада Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 25-апрелде расмий иш сапары менен Орусияга барганын парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

         Буга чейин Орусиянын Россельхознадзор мекемеси кыргызстандык “Тойбосс” компаниясынын колбасасынан чочконун ДНКсы табылганын билдирип, Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл жүргүзгөн кызматтарынын ишин чабал деп баалаган. Ага удаа эле Кыргызстандын балык жана сүт азыктарынын импортуна ар кандай шылтоолор менен тыюу салган. Айрым эксперттер Орусиянын мындай кадамын Кыргызстандын Орусия кызыкчылыктарына каршы келе турган кадамдарына байланыштырууда. Маселен, жакында эле мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев депутаттар жана президент саясий чечим кабыл алса латын арибине өтүүгө окумуштуулар, коомчулук даяр экенин билдирген. Бул өз кезегинде өлкөнү сакофий колониясына айландырып келген Орусиянын каршылыгына дуушар боло турган демилге экени талашсыз.

         Мындан тышкары, Кыргызстан АКШ менен болгон дипломатиялык алакаларын илгерилетүүдө. Өлкөгө ушул күндөрү АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Дональд Лу баштаган делегация расмий сапар менен келип, президент менен жолугушту. Лу активисттер менен болгон жолугушуусунда АКШ Кыргызстан менен экономикалык кызматташтыкты, санарип экономиканы өнүктүрүүгө кызыкдар экенин, башка да багыттар боюнча мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгууга даярдык бардыгын айтты. Анын айтымында, пикир келишпестиктер бар болсо да президент менен креативдүү экономиканы колдоо боюнча пикири бирдей.

         Белгилүү болгондой, АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык келишим 2015-жылы кыргыз өкмөтү тарабынан бир тараптуу жокко чыгарылган. Акыркы мезгилде бул келишимди кайрадан түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп келет. А бирок, Украинадагы согуш жана Орусия-Америка алакасынан улам аталган документке кол коюлбай келет.

         Ал эми, Американын мындай тоскоолдуктарга карабай экономикалык колдоо жана кызматташтыктары өлкөнүн Кытайдын таасирине өтүп кетүүсүн алдын алуу аракети катары кароого болот. Анткени, бийликтин сөз эркиндиги ж.б Батыш баалуулуктарына каршы кадамдарына карабай АКШ башында турган уюмдар өкмөттүн экономикалык демилгелерин колдоого алууда. Маселен, өкмөт башчы Акылбек Жапаров жакында Вашингтонго барып, Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун жыйындарына катышып, “жашыл экономикага” инвестиция тартуу тууралуу сунуштарды берип келген. Мындан улам,  ушул аптада Кыргызстанга АКШнын финансы министринин жардамчысы Элизабет Розенберг келери күтүлүп жатат.     Жыйынтыктап айтканда, Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан, эл аралык саясат чыңалган учурда державалардын таасир талашуучу аймагына айланып барууда. Орусия регионго өзүнүн экономикалык, аскерий мүмкүнчүлүктөрүн ишке салуу менен таасирин сактап калууга урунуп жатат. Мындан улам, президент эч бир лидер катышпаган парадга барууга мажбур абалда. Экинчи тараптан өзүнүн жылма саясатын уланткан Кытай Борбор Азия өлкөлөрү менен май айында өз өлкөсүндө саммит өткөрүп, таасирин кеңейтүү алдында турат. Ал эми, Америка баштаган Батыш өлкөлөрү Украина маселесиндеги Орусиянын алсыздыгынан пайдаланып, аймакты Кытайдан мурун өз таасири астына алууга урунуп жатат. А бирок, бул колонизатор каапырлардын эч бири мусулмандардын каалоо, кызыкчылыктары жолунда иш алып барбайт. Тескерисинче, Исламга каршы күрөштө баарынын максаты, душмандыгы бирдей. Андыктан, биз мусулмандар алардын этегин кармоонун ордуна өз мамлекетибизди тикелөө аркылуу алардын колониялык саясатынан чыгууга аракет кылышыбыз шарт. Ошондо гана эки дүйнө бакытына, Алланын ыраазылыгына жете алабыз!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here