АКШнын мамлекеттик катчысынын орунбасары Дональд Лу Кыргызстанга келди

1092
0

АКШнын мамлекеттик катчысынын орунбасары Дональд Лу Кыргызстанга келди

 Кабар: АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча орунбасары Дональд Лу 24-апрелде Кыргызстанга келди.

 Дональд Лу мамлекеттик катчы Энтони Блинкендин февраль айындагы Борбор Азия мамлекеттери менен алакаларды бекемдөөнү көздөгөн сапарынын ийгилигин бекемдөө максатында келди.

 “Мамлекеттик катчынын орунбасары кыргыз өкмөтүнүн жогорку даражалуу өкүлдөрү о.э. экономикалык сектордун жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушат”, – деп кабарлады Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги.

 Жолугушуунун негизги темалары АКШнын Кыргызстан экономикасын колдоосу, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, адам укуктары жана маалымат эркиндиги болот.

 Андан соң Дональд Лу Тажикстанга барып, ал жерде бийлик өкүлдөру менен коопсуздук тармагындагы жалпы көйгөйлөр жана максаттарды талкуулашат. О.э. ал Тажикстанда да маалымат тармагынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушат.

 Расмий маалыматта Дональд Лунун Кыргызстан жана Тажикстанга сапары 22-27-апрель күндөрү болору айтылган.

 Комментарий: Россия Украина баткагына батып барган сайын АКШ расмийлеринин Борбор Азияга сапары көбөйүп барууда. Белгилүү болгондой, быйыл 28-февралда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Казакстандын борбору Астана шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери менен “С5+1”форматында жолугушуп, аларга жардам убада кылган жана 1-мартта Өзбекстанга барып, президент Шавкат Мирзиёев менен жолугушкан. Эми мамлекеттик катчынын орунбасары Кыргызстан жана Тажикстанга сапар кылууда.

 АКШнын “С5+1” форматындагы диалогдон көздөгөн максаты Борбор Азия республикаларын Афганистан аркылуу дүйнөлүк базарларга алып чыгуу жана ушул аркылуу бул аймактагы экономикалык жана саясий кызыкчылыктарга ээлик кылуу. Бул долбоор ишке ашса, АКШ бүтүндөй аймакты Россиянын экономикалык таасиринен куткара алат. Себеби, бул дүйнөгө Россия аркылуу гана чыгышы мүмкүн болгон багыттарга альтернативалык жол болуп, Борбор Азияны Россия жана Кытайдын экономикалык колониясынан чыгарып жибериши мүмкүн болгон маанилүү долбоор болуп эсептелет.

 А бирок, Россия АКШ кайрадан кирип келишинин алдын алуу үчүн Кытай менен “тандем” түзүүгө да ыраазы болууда. Кытайдын башчысы Си Цзиньпин 20-мартта расмий сафар менен Москвага барган учурда эки президент бир-бирин “кымбаттуу досум” деп атап, мамилелерди бекемдөөгө макулдашып алышты…

 21-апрелде Кытайдын Франциядагы элчиси Ли Шаэ француз телеканалына берген интервьюсунда Крым жөнүндөгү суроого жооп берип жатып, Украина эле эмес, бардык постсоветтик республикалардын “эгемендүүлүгү” күмөндүү экендигин айтты.

Ли Шаэ: “Эл аралык укукта ал тургай мурдагы советтик өлкөлөр натыйжалуу макамга ээ эмес. Анткени алардын суверендүү мамлекет деген макамына конкреттүү форма берген эл аралык келишим жок”, – деген. Элчинин бул билдирүүсү Кытайдын жаңы стратегиясын ачыктап, келечекте аймактагы мамлекеттерди Россия менен Кытай өз ара “бөлүштүрүп” алышы мүмкүн экендигине ишара кылып турат. Же болбосо, Россия Украинадагы согуш себептүү эл аралык майданда жекеленип калышына жол бербешинин жана чөгүп бара жаткан экономикасын сактап калууга жардам беришинин акысына аймакты Кытайга “тартуу” кылып жибериши да мүмкүн.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here