Кыргызстандагы сүткорлукка негизделген каржы уюмдардын кирешеси өстү

1580
0

Кыргызстандагы сүткорлукка негизделген каржы уюмдардын кирешеси өстү

         2022-жылы каржы тармагындагы ишканалардын кирешеси 2021-жылга салыштырмалуу 1,7 эсеге өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

         Маалыматка ылайык, алардын кирешеси 106 миллиард сомго жакындады. Анын ичинен коммерциялык банктар 92 миллиард 597 миллион сом, чакан кредиттик уюмдар 9 миллиард 106 миллион сом, күрөөканалар 1 миллиард 128 миллион сом, камсыздандыруу уюмдары 2 миллиард 857 миллион сом пайда көрдү. 2022-жылы каржы тармагында 635 уюм (Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 594 финансылык-насыялык компаниялар, 15 камсыздандыруу ишканасы жана эки инвестициялык фонд) катталган.

         Учурда калктын калың катмары жакырчылык жана жумушсуздуктан жабыр тартып жаткан чакта капиталисттик система жогорудагыдай банк секторунун үлкөн пайдага ээ болушуна мүмкүнчүлүк түзүп берүүдө. Анткени, банк ээлери бийликтегилер менен да, ири капиталисттер менен да табакташ болушат. Бул болсо аларга кризистик абалда да кирешелерин көбөйтүүгө шарт жаратат. Кудум пандемия учурунда фарм компания ээлери жаңыдан миллиардерлердин катарына кошулганы сыяктуу. Демек, бүгүнкү күндө көйгөй жакырчылык же азык-түлүктүн жетишсиздигине байланыштуу эмес. Тескерисинче, дүйнө капиталы бир ууч адамдын колунда топтолуп калгандыгында. Анткени, статистика азык-түлүк керектөөдөн эки эсе көп өндүрүлүп жатканын жана дүйнөлүк киреше жыл сайын өсүп жатканын көрсөтүүдө. Ошондуктан, дүйнөгө капиталисттик империализм өкүм жүргүзүп турган чакта биздин өлкөлөр бул көйгөйлөрдөн арыла албайт.

         Мунун каршысында, Исламдагы экономикалык саясат бардык жарандардын негизги мухтаждыктарын кандыруу жана жогорку керектөөлөрүнө шарт жаратып берүү үстүнө курулат. Ошондой эле, капиталисттик коомдогудай көпчүлүк адамдарды пайдадан куру калтырып, бир ууч адамдар байлыкты топтоп алышына жана сүткордук, монополия, байлыкты казына (канз) кылып басып жатуу сыяктуу иштерге Ислам толугу менен тыюу салат.

         Демек, жакырчылыктан жана бүгүнкү зулматтан кутулуунун жападан жалгыз жолу Исламды жашоого алып келүүдө. Мындай түзүмгө мусулмандар эле эмес, адамзат муктаж болууда!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here