«Ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылгандар үчүн шаттык жана эң сонун акыбет-бейиш бар»

811
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

﴿الَّذِينَ آمَنُواْ وَعَمِلُواْ الصَّالِحَاتِ طُوبَى لَهُمْ وَحُسْنُ مَآبٍ﴾

«Ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылгандар үчүн шаттык жана эң сонун акыбет-бейиш бар»

Уммат душмандары мусулмандарды батышчыл кылуу жана Уммат жаштарын исламий сакафаттан арылтуу үчүн түрдүү ыкма жана каражаттарды ишке салышты… Алардын бир максаты калды. Ал да болсо, ойгонуунун ар кандай түрүн жок кылуу. Алар мусулман өлкөлөрүндө байкап жаткан бул ойгонууну жок кылуу үчүн эле эмес, ал тургай, чыныгы ойгонуунун белгилери да көрүнбөшү үчүн бүт мүмкүнчүлүктөрү менен аракет кылышууда. Себеби, Батыш бул белги анын бүгүн болбосо, эртең боло турган анык кыйроосунун башталышы экенин билишет.

Батыштын сакафаты өкүмдарылыбыздын жардамы менен мусулман Уммат жаштарындагы күч жана энергияны текке кетирди. О.э. алардын мүмкүнчүлүктөрүн жоготуп, анык бир максатсыз, адашып-тентиреп жүргөн жаштарга айлантты. Умматтын маселелерин билбеген, өздөрүнүн түпкү ролун жана дүйнөгө келүүдөн көздөлгөн максатын билбеген жаштарга айланышты… Негизи, мусулмандын дүйнөгө келүүдөн көздөлгөн максаты – ар бир иште Аллах Тааланы ыраазы кылуу жана бул максат – Кыямат күнүндө сооп алуудан үмүткөр ар бир мусулман адамдын көздөгөн бакыты.

Демек, бүткүл Ислам Умматы, өзгөчө жаштарыбыз ушуну анык билиши керек – адам бактылуу болуу үчүн тандаган жол адамды кээде тынчсыздантып, кээде кубанта турган жол болбошу керек, а балким, адамдын кадыржамдыгы шексиз толук жана майнаптуу болушу керек. Бул болсо, эч качан туура аклий акыйдасыз болбойт. Себеби, туура акыйда эң чоң түйүндү туура чечет, бул акыйдадан чечимдер т.а. шурудай тизилген жана Аллахтын ыразылыгына алып бара турган татыктуу шаръий өкүмдөр алынат. Негизи, Аллах Тааланын ушул аятына ылайык, бакыт – бул Анын ыраазылыгы:

﴿الَّذِينَ آمَنُواْ وَعَمِلُواْ الصَّالِحَاتِ طُوبَى لَهُمْ وَحُسْنُ مَآبٍ﴾

«Ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылгандар үчүн шаттык жана эң сонун акыбет-бейиш бар»                                                                                                                   [13:29]

 

Роя гезити, №436, 2023-жыл, 29-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here