Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты
Бисмиллахир рохманир рохиим
Адамдардын саламаттыгын сактоо профилактикасы
Мектептеги медайым
Бардык мектептерде окуучулардын ден соолугун үзгүлтүксүз көзөмөлдөй турган медайымдар болушу керек. Алар окуучулардын саламаттыгын күзөтүп турушат, алгачкы медициналык жардамды беришет жана окуучулардын зарыл болгон эмдөөсүнө көз салып турушат. Эгер окуучулардын саламаттыгында көйгөй табылса, аларды алгачкы медициналык жардамга жибериши мүмкүн. О.э. мектептеги медайымдар окуучу жана студенттерди кароодон өткөрүү жараянында аныкталган саламаттыкка тиешелүү көйгөйлөрдү мугалимдерге жана ата-энелерге кабарлайт. Мектептеги медайымдар мезгилдик семинарлар аркылуу окуучуларга, алардын үй-бүлөсүнө жана мектептин кызматкерлерине саламаттык үчүн жол-жоболорду көрсөтүшөт, эскертип, кеңеш берип турушат.
Калкка шахсий саламаттык жана тамактануу жөнүндө маалымат берүү
Алгачкы Ислам мамлекетинде дарыланууга жана саламаттыкка үндөө Расулуллах с.а.в.дын бир катар жол-жобо жана көрсөтмөлөрүндө өз көрүнүшүн тапкан. Ушул темада келген бир нече хадистер соо-саламаттык Аллахтын неъматы экендигин жана ал үчүн дуба кылынышы керектигин баса белгилейт. Айша энебизден риваят кылынышынча Расулуллах с.а.в.:
اللهم عافني في جسدي، وعافني في بصري، واجعله الوارث مني، لا إله إلا الله الحليم الكريم، سبحان الله رب العرش العظيم، الحمد لله رب العالمين
“ Эй Аллахым! Менин денемди саламат кыл, көзүмдү саламат кыл. Мурасколорума да ушуну бер. Сенден башка илах жок. Өзүң Халим жана Каримсин. Улуу Арштын роббиси болгон Аллах аруу. Бардык ааламдардын роббиси Аллахка хамду-саналар болсун”, – дейт эле. Абу Иса бул хадисти хасан, гариб деген.
Бухарийде Ибн Аббас розияллоху анхудан риваят бар. Расулуллах с.а.в. айтат:
نِعْمَتَانِ مَغْبُونٌ فيهما كثيرٌ من الناس: الصحةُ، والفراغُ
“Адамдардын көпчүлүгү алданып калган эки неъмат бар. Булар – саламаттык жана бош убакыт неъматы.”
Ушул жерде жетиштүү уйку насибесин берүү менен дененин акысын өтөөнү адамдарга эскерте турган хадиси набавийлер бар. Ушул хадистер дем алууга, дене тарбия менен алектенүүгө, туура жана өлчөмү менен тамактанууга о.э. өздүк гигиенаны сактоого жана тазалыкка чакырат. О.э. ушул хадистер жүрөктөр Аллахты зикир кылуу менен кадыржам болушу кандай маанилүү экендигин жана булар дененин акысы экендигин адамдарга эскертет. Айша энебизден риваят кылынат:
أنَّ النَّبيَّ صلَّى اللهُ عليه وسلَّم بَعَث إلى عُثمانَ بنِ مَظعونٍ، فجاءه، فقال: يا عُثمانُ، أرغِبْتَ عن سُنَّتي؟! قال: لا واللهِ يا رَسولَ اللهِ، ولكِنْ سُنَّتَك أطلُبُ. قال: فإنِّي أنام وأصَلِّي، وأصومُ وأُفطِرُ، وأَنكِحُ النِّساءَ، فاتَّقِ اللهَ يا عثمانُ؛ فإنَّ لأهلِك عليك حقًّا، وإنَّ لضَيفِك عليك حَقًّا، وإنَّ لنَفْسِك عليك حَقًّا؛ فصُمْ وأفطِرْ، وصَلِّ ونَمْ
“Набий с.а.в. Усман ибн Мазъунга чакыртты жана ал келгенде:
Эй Усман сен менин сүннөтүмдөн жуз үйрүдүңбү, – деп сурады.
Усман:
Аллахка ант болсун, эч качан жүз үйрүбөдүм, я Расулуллах, мен сиздин сүннөтүңүздөмүн, – деп жооп берди.
Расулуллах саллаху алайхи ва саллам:
Мен албетте уктаймын, намаз да окуймун, орозо да кармайм, кээде орозо кармабайм, аёлдарга үйлөнөм. Аллахтан корк, эй Усман! Анткени, сенин үстүңдө үй-бүлөңдүн акысы бар. Сенин үстүңдө меймандын акысы бар. Сенин үстүңдө ўз нафсиңдин акысы бар. Демек ушундай болгон соң, сен тынымсыз эмес, аралатып орозо карма. Намаз да оку жана уктап дем ал, – деди”. Абу Давуд “Сунанында” риваят кылган.
Азыктануу жана туура тамактануу жаатында да бир катар насстар туура тамактануу канчалык маанилүү экендигине көңүл бурат. Мисалы, Аллах Таала айтат:
يَا أَيُّهَا النَّاسُ كُلُوا مِمَّا فِي الْأَرْضِ حَلَالًا طَيِّبًا وَلَا تَتَّبِعُوا خُطُوَاتِ الشَّيْطَانِ ۚ إِنَّهُ لَكُمْ عَدُوٌّ مُّبِينٌ
“Эй, адамдар! Жер жүзүндө адал-таза нерселерден жегиле, шайтандын артынан ээрчибегиле. Шексиз, ал силерге ачык душман.” [2:168].
Аллах Таала дагы айтат:
ثُمَّ كُلِی مِن كُلِّ ٱلثَّمَرَ ٰتِ فَٱسۡلُكِی سُبُلَ رَبِّكِ ذُلُلࣰاۚ یَخۡرُجُ مِنۢ بُطُونِهَا شَرَابࣱ مُّخۡتَلِفٌ أَلۡوَ ٰنُهُۥ فِیهِ شِفَاۤءࣱ لِّلنَّاسِۚ إِنَّ. فِی ذَ ٰلِكَ لَـَٔایَةࣰ لِّقَوۡمࣲ یَتَفَكَّرُونَ
“Роббиң бал аарыга вахий-буйрук кылды: Андан соң түрдүү мөмөлөрдөн жеп, Роббиң (сен үчүн) жеңил-ыңгайлуу кылып койгон жолдордон жүргүн!» Анын кардынан адамдар үчүн шыпаа болгон түркүн түстүү ичимдик-бал чыгат. Албетте, бул иште ой жүгүртө билген коом үчүн аят-үлгү бар”. [16:69].
Расулуллах с.а.в. да азыктануу жана туура тамактануу маанилүү экендигин баса белгилеген. Абдуллах ибн Масъуддан риваят кылынат, Расулуллах с.а.в.:
ما أنزل للهَ داء إلا أنزل له دواءً، فعليكم بألبانِ البقرِ ؛ فإنَّها ترم من كلّ الشجر
“Аллах бирер оору түшүргөн болсо, албетте анын дабаасын да түшүргөн. Ошондуктан силер уйдун сүтүнөн пайдалангыла. Анткени, уй ар түрдүү чөптөрдөн, бактардан жейт”, – деген. Ибн Хиббан өз “сахихинде” риваят кылган. Туура тамактанууга кошумча Набий с.а.в. чектен ашыкча көп жегенден да эскерткен. Расулуллах с.а.в.:
ما مَلَأ آدَمِيٌّ وِعَاءً شَرًّا من بطن، بِحَسْبِ ابن آدم أُكُلَاتٍ يُقِمْنَ صُلْبَه،ُ فإن كان لا مَحَالةَ، فَثُلُثٌ لطعامه، وثلث لشرابه، وثلث لِنَفَسِهِ
“Адамзат ашказанынан жаманыраак идишти толтурбаган. Адам баласына боюн тикелеп ала турган тамак жетиштүү. Эгер мүмкүнчүлүгү болсо, ашказандын үчтөн бирин тамакка, үчтөн бирин суусундукка жана калган үчтөн бирин абага калтырсын”, – деген. Термизий риваят кылган жана аны хасан, сахих хадис деген.
Ушул насстар Исламдын мамлекет курулган алгачкы күндөрдөн баштап эле туура тамактанууга маани бергендигин көрсөтүп турат. Чындыгында, хулафаи рошидиндер доорунда жакырларды, жашы улуу кары-картаңдарды жана ымыркайы бар энелерди азык-түлүк менен камсыздоо аркылуу саламаттыкты сактоо саясаты жүргүзүлгөн. Халифалык мына ушул саясат менен айырмаланып турган жана ошентип ал азык-түлүк менен камсыздоону кепилдеген.
Ал эми бүгүнкү күндө болсо, капитализм өкүмдарлыгына моюн сунган дүйнөдө тамактануу жаатында семиздик жана ысырапкордук өкүм сүрүүдө. Глобалдык Тамактануу отчётунун(Word Nutrition Report) 2020-жылдагы билдирүүсүнө ылайык, 5 жашка чейинки балдардын арасында 149 миллион бала өсүүнүн начардыгынан азап тартууда. 49.5 миллиону ашыкча салмактан кыйналат. 40.1 миллион бала семиздиктен азап тартса, ал эми чоң кишилердин 677.6 миллиону семиздиктен кыйналат. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзу боюнча ар бир тогуз адамдын бирөөсү ачарчылыктан азап тартууда. Ар бир үч кишиден бирөөсү ашыкча салмак же семиздиктен кыйналууда. “Туура эмес тамактануунун эки тараптуу жүгү” өсүп барууда. Т.а. болжол менен дүйнөдөгү ар бир мамлекетте ашыкча салмак жана семирип кетүү менен бир катарда азык-түлүк тартыштыгы жана курсагы тойгончо тамак жебестик көйгөйү да бар.
Мына ушул абалдардан келип чыгып, Халифалык мамлекети исламий жашоо таризин кайрадан тикелеши о.э. Куръан жана Сүннөткө негизделген туура тамактанууну кайтарышы керек. Бухарий Абу Хурайра разияллоху анхудан риваят кылат: “Бир киши аябай көп оокат жейт эле. Ал исламга киргенден кийин өтө аз жей баштады. Бул тууралуу Расулуллах с.а.в.га жеткиришкенде ал зат:
إن المؤمن يأكل في معى واحد، و الكافر يأكل في سبعة أمعاء
“Албетте момун бир ичегиге (бир ашказанга) жейт. Кафир болсо жети ичегиге жейт”, – деген. Момун киши шарият адеби менен жейт. Кафир болсо, шахват жана ачкөздүк менен жейт.
Халифалык мамлекети калкка күнүмдүк турмушта орточо жештик, ысырап кылбастык, ар түрдүү саламаттыкка алып баруучу тамактарды жештик менен тамактануу мыйзамдарына амал кылуу маанилүү экендигин үйрөтөт. Буга кошумча, ал саламаттыкты сактоо максаттарына туура келе турган эң жаңы заманбап ыкмалар менен азык-түлүк коопсуздугун о.э. анын сапатын камсыздай турган ветеринария жана айыл-чарба саясатын жүргүзөт. (уландысы бар).