“Израилде” нааразылыкка чыккандар 600 миңден ашты
Жөөт вужудунун президенти Ицхак Херцог өкмөттү өлкөдө жапырт нааразылык жараткан сот реформасын токтотууга үндөдү. Анын айтымында, өлкөнүн коопсуздугу, экономикасы жана коомчулугу коркунуч алдында калды. Коргоо министри Йоав Галант өкмөткө сот реформасын токтотууну сунуштап, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жараткан кырдаал түзүлгөнүн айткандан көп өтпөй кызматтан алынды.
“Израил”де Бенямин Нетаньяхунун өкмөтү сунуш кылган сот реформасына каршы нааразылык акциялары он экинчи жума катары менен уланууда. Жекшемби күнү 600 миңден ашуун демонстрант көчөгө чыкты. Жаңы реформага ылайык, Жогорку Соттун судьяларын иш жүзүндө парламенттик көпчүлүк аныктайт. Мындан сырткары, сот өкмөттүн чечимдерин жокко чыгаруу укугунан ажырайт. Парламент аны келерки аптада добушка коюшу керек.
Белгилүү болгондой, Нетаняху өкмөтү Байдендин учурдагы админстрациясы менен келише албай келет. Мындан улам, АКШ март айында Башкы штабдын жетекчиси Марк Милли менен Коргоо министри Лойд Остинди Нетаняхуга басым өткөрүү үчүн жиберди. Алар “израилди” Ортоңку Чыгышта келишпестиктерге жол ачкан аракеттерин токтотууга, айрыкча, Иран менен согуш аракеттерин токтотууга чакырышты. Буга стратегиялык жактан АКШнын Орусия жана Кытай менен алек болуусу себеп болууда.
AКШнын басымдарынан улам, жөөт вужуду Англия менен 2030-жылга чейин технология, соода жана коопсуздук тармактарында эки тараптуу кызматташтык тууралуу келишимге кол койду.
Белгилүү болгондой, колонизатор Англия 1917-жылы “Балфур декларациясы” аркылуу Палестина аймагында яхудий вужудун курууга негиз салган. Учурда АКШ менен жөөт вужудунун келишпестигинен пайдаланып, аймакта таасирин арттырууга аракет кылууда. Жөөт вужуду болсо, өз коопсуздугун коргой албагандыктан, АКШнын басымынан кутулуу үчүн Европадан амандык тилөөгө мажбур абалда.
Мумтаз Маверанахрий