Эртең Рамазан хилалын күзөтүү ваажиб, ноорузду майрамдоо харам

1037
0

Эртең Рамазан хилалын күзөтүү ваажиб, ноорузду майрамдоо харам

Аллахтын сыноосу менен, эртең майрамдоо харам болгон “навруз” күнү жана моюн сунуу фарз болгон Рамазан хилалын күзөтүү амалдары тушташ  келип олтурат. Кимде-ким ноорузду майрамдаса күнөөкөр болот, кимде-ким хилалды күзөтсө сооп алат. Пенделер мына ушундай сыналат.

Абалкы сөзүбүз быйылкы Рамазан айынын хилалын күзөтүү тууралуу болмокчу.

Быйыл 21-март Шаъбан айынын 29уна дал келүүдө. Демек, ошол күнү кечинде Рамазан айынын хилалы күзөтүлөт. Эгер жаңырган айдын көрүлгөнү шаръий өз тастыгын тапса, анда 22-март мубарак Рамазан айынын биринчи күнү болуп калат. Ал эми, эгер жаңырган ай көрүнбөсө, же айдын көрүлгөнү шаръий өз тастыгын таппаса, Шаъбан айы отуз күнгө толтурулат. Эртеси, 23-март Рамазан айынын биринчи күнү болот.

Бухарий өзүнүн сахихинде Мухаммад ибн Зияд аркылуу ушул хадисти келтирди. Мухаммад ибн Зияд айтат: «Мен Абу Хурайра Gнун мындай дегенин уккам: Набий A же Абу Касим A айтты:

«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ فَإِنْ غُبِّيَ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا عِدَّةَ شَعْبَانَ ثَلاَثِينَ»

«Айды көрүп орозону баштагыла, айды көрүп орозону бүтүргүлө. Эгер, асман булуттуу болсо, шаъбан айынын санагын толук отуз күн кылгыла».

Ибн Аббас Gдан риваят кылынат, Набий Aайтты: «Аны (хилалды) көрүп орозо туткула жана аны көрүп орозону ачкыла. Эгер булуттар себептүү ал көрүнбөсө, санакты толук (шаъбан айын отуз күн) кылгыла».

Белгилүү болгондой, ай санак боюнча, айрым айлар 29унан жаңырса, айрымдары 30унан жаңырат. Ошондуктан, ушул аяктап бараткан шаъбан айы да 29унан же 30унан жаңырып калышы мүмкүн. Ушундан улам да, бул күн “шек” деп аталат. Быйыл шаъбан айынын 29у 21-мартка туура келүүдө. Андыктан, 21-мартта, кечкурун, рамазандын жаңырган айын (хилалды) күзөтүү мусулмандар үчүн зарыл. Ушул себептүү, мүмкүнчүлүгү бар мусулмандар бул күнү ай күзөтөлү. Эскерте кетсек, ай көрүлгөндүгү тууралуу кабар адилеттүү (фасык эмес) мусулмандан гана кабыл алынат.

Эгер биздин өлкөдө айды көрө албасак, дүйнөнүн калган бурчтарынан ай көрүлгөндүгү тууралуу кабарларды күтөбүз. Эгер кайсы бир өлкөдөн, адилеттүү бир мусулмандын ай көргөндүгү шаръий тастыкталса, анда биз үчүн да орозо башталат. Ал эми эгер, андай кабар келбесе, анда шаъбан айын отуз күнгө толуктайбыз.

Муну айтып жаткандыгыбыздын себеби, эгер ай көрүнбөй туруп эле орозо тутуп алсак, анда күнөөкөр болобуз. Мында, “бир күн ашыкча тутсак жакшы эмеспи” делбейт. Анткени, бул күнү ай көрбөстөн туруп орозо тутуудан кайтарылганбыз. Ушуну менен бирге, ай көрүнсө да, бирок, ал күнү орозо тутпай, орозону рамазандын 2-күнүнө калтырып коюу күнөөсүнөн да сактаналы. Мисалы, 21-мартта ай көрүнүп калса, орозо 22-март күнү башталат, аны 23-мартка калтырууга болбойт. Жана ошондой эле, Рамазан хилалын көрүүнүн Кадыр түндөрүн, Айт күнүн туура белгилөөгө да тиешеси бар.

Мындай ай күзөтүүдө “астрономиялык эсептөөлөр боюнча алганда”, “жерибиздин географиялык жайгашуу абалына ылайык” деген, же болбосо, “Саудия андай белгилептир”, “Түркия тигиндей белгилептир” деген, же “Муфтият мындай фатва чыгарыптыр” деген шылтоолор үзүргө өтпөйт. Мында бир гана чыныгы шаръий күзөтүү менен ай көрүлгөндүгү өз тастыгын табышы шарт кылынат.

Бардык мусулмандар ушул шаръий өкүмдү бекем кармансак, бүткүл дүйнө мусулмандары тегиз орозо тута алабыз. Жана бул бүткүл дүйнө мусулмандары биримдигинин бир көрүнүшү болуп калат. Муну билген куфр башчылары – биримдигибизди бузуу үчүн – орозонун ар кайсы күнгө белгиленишине да зор маани беришет. Мындай арамза ниеттерин биздин малай жетекчилерибиз жана  алардын “сарай уламалары” аркылуу ишке ашырышат. Ушундан улам, мусулман өлкөлөрү эсептелген ар башка мамлекетчелерде орозо ар башка күнү башталып калууда.

Мындай карамүртөздүккө жол бербөөнүн бир гана жолу бар, ал ушул маселедеги шаръий өкүмдү бекем кармануу.

Аллахым сиздерге айды көрүп ооз бекитүүнү жана айды көрүп ооз ачууну насип этсин

Аллахым сиздерди орозонун бардык жакшылыктарына жетиштирсин.

Ал эми “навруз”га токтоло кетсек, ноорузду майрамдоо отпарастыктан калган ширк амалы болуп, аны майрамдатуу болсо империалисттердин айла-амалы болуп саналат.

Негизи, бул күн перс элдериндеги байыркы ширк ишенимдерине тиешелүү майрам болуп, ал “зардуштийя” дининде жарыктык караңгылыктан үстөм болгон күн катары белгиленген. Ислам келип, ар кандай ширк көрүнүштөрү туура эмес ишенимдер экендигин белгиледи о.э. нооруз сыяктуу күндөрдү майрамдоону мусулмандарга харам кылды.

Дүйнөгө капиталисттик империализм өкүмдар болгондон тартып, мындай Исламга тескери “майрам”дарды белгилөөгө катуу көнүл бурулду. 20-кылымдын акырында болсо, капиталисттик Батыш мындан СССРди кулатууда да өнүмдүү пайдалана алды. Анткени, мындай “майрамдар” коммунисттик идеологияга тескери келип, анын мамлекетинде буларга тыюу салынган эле. Капиталисттик Батыш социалисттик лагерь курамындагы калктардын туйгуларын ушундай көрүнүштөр менен кытыгылай алды. О.э. муну менен катар, алар “бир ок менен эки коён атышты”. Б.а. каафир империалисттер мындай көрүнүштөр аркылуу мусулмандарды да адашууга салышты. Мисалы, СССРден бөлүнүп чыккан мусулман өлкөлөрүнүн каафирге малай акимдери нооруз күнүн өз мамлекетчелеринде расмий майрам кылып белгилеп коюшту. Натыйжада, калктары аны майрамдай турган болуп калышты. Ошондуктан да, нооруз күнү 2009-жылдын 30-сентябрында ЮНЕСКО тарабынан “эл аралык күн” деп белгиленди.

Оо мусулмандар! Империалисттер отпарастык майрамын курал кылып, силерди адаштырып жатса – алардын айла-амалдарына көр-сокурларча эргешүү менен – алардын аркасынан кескелдириктин ийинине кошо ээрчип киргендей тозокко кирип кетпегиле!

Ошондуктан, эртең хилал күзөтүү сообуна жетишип, ноорузду майрамдоо күнөөсүнөн алыс болгула!

Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here