Соодагерлер жаңы салык эрежелерине каршы митингге чыкты

2557
0

Соодагерлер жаңы салык эрежелерине каршы митингге чыкты

         Бишкектеги базарларда иштеген жүздөгөн адам 2-мартта жаңы салык эрежелерине каршы митингге чыкты. Алар товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) колдонула баштагандан бери чыгым, убара-түйшүк көбөйгөнүн, соода солгундаганын айтып жатат. Кыргыз өкмөтү болсо электрондук кагаз толтурууга өткөндөн тартып, салык көп чогулуп жатканын айтууда.

         Митингге чыккандар мурдагыдай патент системасын калтырууну талап кылышты. О.э жалпы товардын суммасынан эмес, түшкөн кирешеден салык төлөө туура болоорун айтышты.

         Бишкекте жана айрым аймактарда буга чейин дагы жаңы салык эрежелерине, көзөмөл-кассалык аппараттардын киргизилишине каршы нааразылык акциялары өткөн.

         Жаңы кодекс боюнча жогорудагы КНС салыгынан башка өлкөдө салыктын дагы алты түрү бар. Алар: киреше салыгы, пайда салыгы, акциз салыгы, жер казынасын пайдалануу салыгы, сатуу салыгы. Ал эми жер салыгы мүлк салыгы менен бириктирилген. Расмий маалыматка ылайык, 2022-жылы 208 миллиард сомго жакын салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогулган. Өкмөт бул белгиленген пландан 3,7 миллиард сомго ашык аткарылганын, мурдагы жылга караганда 63,8 млрд сомго көп экенин билдирген.

         Белгилүү болгондой, өкмөт быйыл бюджеттин таңкыстыгы 35 млрд сомдон ашаарын расмий моюнга алган. Мындан улам, бюджетти толтуруу үчүн ар кандай айла-амалдарды ойлоп табууда. Маселен, жол эрежесин бузган айдоочуларга карата айып-пулдардын көлөмүн эселеп көбөйткөн. Мыйзам 8-марттан тарта күчүнө кирет. Буга кошумча, жол салыгын салууну да сунуштап жатат. Ага ылайык, айдоочу автоунаасынын жүргөн жолунун узундугуна жараша акы төлөйт. Башкача айтканда, күйүүчү майдын ар бир литрине кошулуп алынат. Мындан тышкары, автоунаанын дөңгөлөктөрүн жок кылууга жана керектен чыккан автоунааларды, автоунаа майларын жок кылууга төлөмдөр алынмакчы.

         Ал эми, калктын жонунан кайыш тилип алган каражаттарды болсо өздөрү каалагандай сарптап келет. Маселен, жергиликтүү бийликтин жетекчилери үчүн Chevrolet Captiva үлгүсүндөгү 90 автоунаа сатып алынды. Өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун коңшу Казакстанга барып-келген жеке учакка эле бир миллиондон ашык каражат сарптаган. Ал эми, карапайым калктын пенсия, жөлөк пулдарын мыйзамга ылайык камсыздай албай “өлүп кетелиби” деп жооп бергени баарыбызга маалым. А түгүл, Башмыйзамга ылайык, пенсия жашоо минимумунан жогору берилиши керек. Бул төлөмдөр аткарылбай жаткандыктан, министрлер кабинети Конституциялык сотко да кайрылган. Учурда өлкөдө минималдуу пенсия, жашоо минимумунан беш эсе аз берилет.

         Булардан белгилүү болгондой, өкмөт айрым тармактарда айлык акыны популисттик менен көтөрүп алган. Түпкүлүгүндө, карыз менен бюджетти толтуруу жана өндүрүштү жолго койбой туруп айлык акыны көтөрүү өлкөдөгү инфляцияны дагы да күчөтөт. Башкача айтканда, баалар менен кызмат акылар эселеп өсөт. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, тогуз айда күнүмдүк азык-түлүктүн баасы менен тарифтер былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу орточо 10,6% өскөн. Ал эми, айрым товарлар эселеп өскөнү маалым. Мына ушундайча кыргыз бийлиги өткөн жылы берген убадаларын аткара албай бюджеттин тешигин бүтөгөнгө аракет кылууда. Салыктардан тышкары, мурдагы бийликтердин жолун улап чет элдик сүткор каржы уюмдарынан бюджетти толтуруу үчүн карыз жана кредиттерди алууда. 2022-жылы кыргыз бийлиги бюджетти колдоо үчүн эл аралык каржы уюмдардан 30 млрд сомдон ашык каражат алаары белгилүү болгон. Ал эми, Дүйнөлүк банк алдыңкы беш жылда Кыргызстанга 600 млн доллар бөлөөрүн билдирген. Түпкүлүгүндө, бул көйгөйлөрдүн баары пайда негизине курулган капиталисттик системасы колдонулуп жаткандыгына байланыштуу. Анткени, капиталисттик мамлекеттерде бюджет негизинен салыктардын эсебинен толтурулат. АКШда 90%дан ашса, Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө 100%га жетет. Ал эми Кыргызстанда салыктар бюджеттин 75%ын түзөт. Калган кирешени, гранттар, чет элдик мамлекет жана уюмдардан алган карыз, кредиттер, дивидендден, мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар түзөт.

         Мунун каршысында Ислам байлыктын бир ууч капиталисттердин, монополисттердин колуна топтолуп калышына да, карапайым калктын салык төлөп калышына да уруксат бербейт. Тескерисинче, байлардан алып муктаждарга бөлүштүрүү менен коомдогу бакубат жашоону, тең салмактуулукту камсыздап берет! Бул тең салмактуулукту зекет жана үшүр о.э. мурас сыяктуу өкүмдөр толук камсыздап берет. Анткени, булар алсыз адамдын акылынан чыккан эмес, күч-кудурет ээси болгон Аллах Тааланын пенделери үчүн берген мыйзамдары!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here