Жол эрежесин бузгандарга айып пулдун өлчөмү көбөйдү

2543
0

Жол эрежесин бузгандарга айып пулдун өлчөмү көбөйдү

         Кыргызстанда жол эрежесин бузган айдоочуларга катаал жаза колдонула баштайт. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол коюп, документ өкмөттүк “Эркин-Тоо” гезитине жарыяланды.

Маалыматка ылайык, мыйзам 8-марттан тарта күчүнө кирет. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, айып пулдардын мурдагы жана азыркы көлөмүн жарыялады. Ага ылайык:

Айдоочу жол чырактын кызыл түсүнөн өтсө же тротуар менен жүрсө — мурдагы 3 000 сом, 5 500 сомго;

Унаа башкарууга укугу жок жаран рулга отурса — мурдагы 5500 сом, эми 15 000 сомго;

Белгиленген нормадагы ылдамдыктан 40-60 чакырым/сааттан ашса — мурдагы 5 500 сом, эми 7 500 сомго;

Белгиленген нормадагы ылдамдыктан 60 чакырым/сааттан ашса — мурдагы 7 500 сом, эми 15 000 сомго;

Каршы тилкеге чыгып айдаса — мурдагы 5500 сом, эми 15 000 сомго;

Унаа бейбаштыгы үчүн — мурдагы 7 500 сом, 15 000 сомго жогорулайт. Эреже кайталап бузулса 6 айга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат.

         Ал эми, айдоочу бир жыл ичинде үч же андан көп жол эрежесин бузса кайрадан сынак айдоочулук күбөлүк үчүн сынак тапшырат. Мурда айдоочу 10 миң сомго чейин төлөнбөгөн айып пул менен жүрө берсе, эми 3000 сомдон ашык айып пул үчүн унаа айып короого токтотулат.

Буга чейин өкмөт жол салыгын салууну да сунуштап чыккан. Ага ылайык, айдоочу автоунаасынын жүргөн жолунун узундугуна жараша акы төлөйт. Башкача айтканда, күйүүчү майдын ар бир литрине кошулуп алынат. Мындан түшкөн каражат жолдорду оңдоого жана каржылоого жумшалат имиш. Буга кошумча, автоунаанын дөңгөлөктөрүн жок кылууга жана керектен чыккан автоунааларды, автоунаа майларын жок кылууга төлөмдөр алынмакчы.

Белгилүү болгондой, өкмөт быйыл бюджеттин таңкыстыгы 35 млрд сомдон ашаарын расмий моюнга алган. Мындан улам, бюджетти толтуруу үчүн ар кандай айла-амалдарды ойлоп табууда.

Ал эми, калктын жонунан кайыш тилип алган каражаттарды болсо өздөрү каалагандай сарптап келет. Маселен, жергиликтүү бийликтин жетекчилери үчүн Chevrolet Captiva үлгүсүндөгү 90 автоунаа сатып алынды. Өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун коңшу Казакстанга барып-келген жеке учакка эле бир миллиондон ашык каражат сарптаган.

Ал эми, карапайым калктын пенсия, жөлөкпулдарын мыйзамга ылайык камсыздай албай “өлүп кетелиби” деп жооп бергени баарыбызга маалым. А түгүл, Башмыйзамга ылайык, пенсия жашоо минимумунан жогору берилиши керек. Бул төлөмдөр аткарылбай жаткандыктан, министрлер кабинети Конституциялык сотко да кайрылышкан. Учурда өлкөдө минималдуу пенсия, жашоо минимумунан беш эсе аз берилет.

Булардан белгилүү болгондой, өкмөт айрым тармактарда айлык акыны популисттик менен көтөрүп алган. Түпкүлүгүндө, карыз менен бюджетти толтуруу жана өндүрүштү жолго койбой туруп айлык акыны көтөрүү өлкөдөгү инфляцияны дагы да күчөтөт. Башкача айтканда, баалар менен кызмат акылар эселеп өсөт. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, тогуз айда күнүмдүк азык-түлүктүн баасы менен тарифтер былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу орточо 10,6% өскөн. Ал эми, айрым товарлар эселеп өскөнү маалым.

Өкмөт буга чейин КНС салыгын көбөйтүү үчүн негизги шаарларда көзөмөл кассалык машиналарды орнотууну милдеттендирген. 2023-жылга чейин Кыргызстандагы болгон соода жайлары кассалык машиналар менен иштөөгө өтөт. Ага макул болбогондор 23 миң сомго чейин айып пулга жыгылат. Бул сумма азыр патентке кеткен акчадан алда канча көп. Ошол эле учурда салыктардын бардыгы толук төлөнгөндө товарлар кымбаттайт. Себеби, алардын өздүк наркына 12% кошумча нарк салыгы кошулат. Буга чейин соодагерлер патентке эле төлөп, КНСти төлөбөй келген.

Жаңы кодекс боюнча жогорудагы КНС салыгынан башка өлкөдө салыктын дагы алты түрү бар. Алар: киреше салыгы, пайда салыгы, акциз салыгы, жер казынасын пайдалануу салыгы, сатуу салыгы. Ал эми жер салыгы мүлк салыгы менен бириктирилди.

Мына ушундайча кыргыз бийлиги өткөн жылы берген убадаларын аткара албай бюджеттин тешигин бүтөгөнгө аракет кылууда. Салыктардан тышкары, мурдагы бийликтердин жолун улап чет элдик сүткор каржы уюмдарынан бюджетти толтуруу үчүн карыз жана кредиттерди алууда. 2022-жылы кыргыз бийлиги бюджетти колдоо үчүн эл аралык каржы уюмдардан 30 млрд сомдон ашык каражат алаары белгилүү болгон. Ал эми, Дүйнөлүк банк алдыңкы беш жылда Кыргызстанга 600 млн доллар бөлөөрүн билдирген.

Капиталисттик мамлекеттерде бюджет негизинен салыктардын эсебинен толтурулат. АКШда 90%дан ашса, Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө -+ 100%га жетет. Ал эми Кыргызстанда салыктар бюджеттин 75%ын түзөт. Калган кирешени, гранттар, чет элдик мамлекет жана уюмдардан алган карыз, кредиттер, дивидендден, мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар түзөт.

Жогорудан маалым болгондой, учурдагы бийлик Кыргызстанда ар бир кыбыр эткен иш салыксыз калбашы керек жана аз салык төлөп калбашы керек деген саясатка багыт алууда. Блогерлерге, интернет дүкөндөрүнө, таксисттерге, жолдон жана малдан алынчу салык сунушу ушуга мисал болот. Булардын баарын ишке ашыруу үчүн салык кызматына күч органдарынын укугу берилүүдө. Б.а. финансылык полиция болууда. О.э. салык кызматы чогултулган салыктын 3%ын алат. Бул салыкчылардын айлыгынын көбөйүшү анын чогулткан салыгына байланыштуу болот дегени. Муну менен салыкчылар каяктан болбосун көп салык чогултууга аракет кылышат. Натыйжада, калктын жашоосу азыркыдан да оорлошот. Баалардын кымбатташы буга кошумча болот.

Мына ушундайча, капитализмдеги бюджет элдин эсебинен толтурулат. Бийлик өкүлдөрү болсо болушунча казынадан уурдап калууга, өзүнүн ишкерлик тармагына көбүрөөк бөлүп алууга жандалбас урат. Ошондой эле, бюджетке жеткирбей, сол чөнтөктөрүн толтурушат.

Мунун каршысында Ислам байлыктын бир ууч капиталисттердин, монополисттердин колуна топтолуп калышына да, карапайым калктын салык төлөп калышына да уруксат бербейт. Тескерисинче, байлардан алып муктаждарга бөлүштүрүү менен коомдогу бакубат жашоону, тең салмактуулукту камсыздап берет! Бул тең салмактуулукту зекет жана үшүр о.э. мурас сыяктуу өкүмдөр толук камсыздап берет. Анткени, булар алсыз адамдын акылынан чыккан эмес, күч-кудурет ээси болгон Аллах Тааланын пенделери үчүн берген мыйзамдары!

Мумтаз Маверанахрий

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here