Жеке адамдардын саламаттыгын сактоо – профилактика

2513
0

Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты

              Бисмиллахир рохманир рохиим

           Жеке адамдардын саламаттыгын сактоо – профилактика

Адамдардын саламаттыгын сактоо профилактикасы

   Бул бөлүм Халифалыктагы жекече саламаттык көз карашынан профилактикалык медицинаны өз ичине алат жана адамдын саламаттык абалдарына таасирин тийгизе турган социалдык саламаттык иш-чараларына көңүл бурат. Ушул китептин кириш сөзүндө айтылгандай, шарият Халифага жекече текшерүү тарабынан калктын саламаттыгын сактоону важиб кылган. Ушуга ылайык, адамдардын ден соолугу начарлашынын алдын алуу үчүн активдүү чараларды колдонуу зарыл. Профилактикалык чараларды төмөнкү түрлөргө ажыратууга болот:

а) биринчи даражалуу профилактика: Бул башынан эле инфекциянын алдын алуучу аракеттер. Калктын саламаттыгын сактоо боюнча чаралардын көпчүлүгү биринчи даражалуу профилактикалык чаралар болуп эсептелет. Биз жогоруда бул маселеге кеңири токтолдук.

б) экинчи даражалуу профилактика: Оору күчөп кетишинин алдын алуу максатында дарылоо мүмкүнчүлүгүн күчөтүү үчүн ооруга эртерээк диагноз коюуну максат кылуучу иштер.

в) үчүнчү даражалуу профилактика: Реабилитация жана ооруга ылайыкташуу аркылуу чыныгы оорунун терс акыбеттерин жана таасирлерин айзата турган аракеттер.

  Чындыгында, Расулуллах с.а.в. пандемиялар, ар түрдүү оорулар жана профилактикалык чараларга карата Ислам ээлеген орунду баяндап берди. Абу Хузома атасынан кылган риваятта айтылат:

سألتُ رسولَ اللهِ صلَّى اللهُ عليهِ وسلَّمَ فقلتُ: يا رسولَ اللهِ، أرأيتَ رُقىً نسترْقيها ودواءً نتداوى به وتقاةً نتقِيها، هل تردُّ من قدرِ اللهِ شيئًا؟ قال: هي منْ قدرِ اللهِ

“Мен Расулуллах с.а.в.дан: Я Расулуллах! Биз шыпаа талабында окуган рукия, биз дарылануучу дабаа жана биз илтижа кылган коргоого эмне дейсиз? Булар Аллахтын кадарынан бирер нерсени өзгөртөбү?” – деп сурадым. Расулуллах с.а.в.: “Булар (т.а. жогоруда айтылган үч нерсе) Аллахтын кадарынан, – деп жооп берди. Термизи чыгарган жана муну сахих, хасан хадис деген. Т.а. Расулуллах с.а.в. саламаттыкты сактоо үчүн чара көрүүнү баса белгилеген. Буга кошумча, Куръан аяттары да оору жана алсыздыктан кыйналгандарга уруксат өкүмүн берет. Аллах Таала айтат:

لَّيۡسَ عَلَى ٱلۡأَعۡمَىٰ حَرَجٞ وَلَا عَلَى ٱلۡأَعۡرَجِ حَرَجٞ وَلَا عَلَى ٱلۡمَرِيضِ حَرَجٞۗ وَمَن يُطِعِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ يُدۡخِلۡهُ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُۖ وَمَن يَتَوَلَّ يُعَذِّبۡهُ عَذَابًا أَلِيمٗا

  (Жихадга чыкпай калуудан) көзү сокур кишиге кысым жок. Чолокко кысым жок. Оорулууга кысым жок (т.а. алар жихадка чыкпагандары үчүн айыпталышпайт). Ким Аллах жана анын пайгамбарына моюн сунса, Ал Зат аны астынан дарыялар агып тура турган бейиштерге киргизет. Ким жүз буруп кетсе, аны жан чыдагыс азап менен азаптайт”.[48:17].

   Чындыгында, Ислам оорулардан сактанууга умумий көрүнүштө насаат кылган жана оорулардан сактануунун айрым жактарына белгилүү бир көрүнүштө жол көрсөткөн. Ушундан кийин аким (мамлекет башчысы) ижтихад кылат жана калктын саламаттыгын сактоонун бардык жол-жоболорун ишке салат. Калкты оору жана пандемиялардан коргоо үчүн бардык чараларды көрөт. Себеби, ал калктын абалынан кабардар болууга жана алардан зыянды алыстатууга жоопкер. Оору да зыяндын бир түрү болуп эсептелет. Чындыгында, Расулуллах с.а.в.дан өздүк гигиена, туура тамактануу жана сергек жашоо таризи жөнүндөгү таалиматтар аркылуу адамдардын саламаттыгын коргоого тиешелүү бир катар көрсөтмөлөр келген. Абдуллах ибн Амр ибн Асс разияллоху анхудан риваят кылынат. Ал киши айтат:

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ: يَا عَبْدَاللَّهِ، أَلَمْ أُخْبَرْ أَنَّكَ تَصُومُ النَّهَارَ وَتَقُومُ اللَّيْلَ؟ قُلْتُ: بَلَى يَا رَسُولَ اللَّهِ، قَالَ: فَلاَ تَفْعَلْ، صُمْ وَأَفْطِرْ، وَقُمْ وَنَمْ، فَإِنَّ لِجَسَدِكَ عَلَيْكَ حَقًّا، وَإِنَّ لِعَيْنِكَ عَلَيْكَ حَقًّا، وَإِنَّ لِزَوْجِكَ عَلَيْكَ حَقًّا، وإن لزورك عليك حقًا.

“Расулуллах с.а.в. менден:

Эй Абдуллах, угушумча сен күндүзү орозо кармап, түндөрү кыямда болот экенсиң, ушундайбы? – деп сурады.

Ооба, ушундай, я Расулуллах, – деп жооп бердим.

Ошондо Расулуллах с.а.в.:

Андай кылба. Сен бир күн орозо карма, бир күн дем ал. Бир күн кыямда болуп, бир күн укта. Анткени, денеңдин сенин үстүңдө акысы бар. Көзүңдүн сенде акысы бар. Аялыңдын сенде акысы бар. Сени зыярат кылуучунун сенде акысы бар,деди”.

Хулафаи рошидиндер жана алардан кийинки халифалар доорунда Ислам тарыхы профилактикалык саламаттыкты сактоого татаал жана илимий жандашуу үлгүсүн көрсөткөн. Мындан тышкары тарыхтан белгилүү болгондой, Ислам халифалыктын жарандарына акысыз медициналык жардам көрсөтүүнү камсыздаган о.э. профилактикалык медициналык жардам да халифалыктын өзүнө хос болгон саламаттыкты сактоо саясатынын негизин түзгөн. Пайгамбарыбыз с.а.в.дын бул маселеге болгон жандашууларын о.э. Халифалык мамлекетинин саясаттарын үйрөнүүдөн белгилүү болгондой, Аллахтын изни менен жакын арада келүүчү Халифалык да саламаттыкты сактоо саясатына өзгөчө маани бериши керек. Заманбап глобалдык саламаттыкты сактоо түзүмдөрүнөн айырмалуу түрдө, бүгүн халифалык түзүмүнүн жашоого кайтышы талап кылынууда. Бүгүнкү күндө өтө кирешелүү болгон дары-дармек иштеп чыгаруу өнөржайы тарабынан башкарылуучу фармацевтикалык аралашуу негизги багытка айланып калды.

Мамлекет тарабынан адамдын саламаттыгын күзөтүп баруу жана маалыматтарды топтоо

  Кирешеси жогору мамлекеттерде өлүм абалдары туурасындагы маалыматтарды топтой турган түзүмдөр бар. Бирок, бир нече алсыз жана кирешеси аз мамлекеттерде болсо андай түзүмдөр жок жана мындай мамлекеттерде өлүмдөрдүн саны белгилүү бир абалдарда толук болбогон маалыматтардан божомол кылынат. Өлүм абалдары жөнүндөгү маалыматтарды жогорку сапатта топтоону өнүктүрүү ушул жакыр мамлекеттерде саламаттыкты сактоо жана профилактиканы жакшыртуу үчүн зарыл аамил болуп эсептелет. Болгону өлүм абалдарын күзөтүү менен чектелип калбастык өтө маанилүү. Балким, медициналык кароого жана ооруканага жаткырууга муктаж боло турган ооруларды күзөтүү да зарыл. Ошондуктан, мамлекет калктын саламаттыгын сактоо саясатынан келип чыгып коомдун ичкерисиндеги ооруга тиешелүү маалыматтарды топтойт. Саламаттыкты сактоо саясаты умумий түрдө адамдардын саламаттык абалына негизделиши керек. Халифалык мамлекетинде  саламаттыкты сактоону камсыздоо мамлекеттин мойнуна түшөт. Бул Халифанын жоопкерчилиги болуп, аны камсыздоого аракет кылат. Ишенимдүү булактарда келишинче, Уммавийлер жана Аббасийлер доорундагы көптөгөн ооруканалар мамлекеттик казынадан т.а. байтул малдан каржыланган. Умар ибн Хаттоб разияллоху анхунун халифалыгы доорунда калкты каттоого алуу аркылуу мамлекеттен жардам алуучу калктын катмары да эсепке алынган о.э. жаңы төрөлгөн бөбөктөр үчүн нафака бөлүнгөн. Ошону менен бирге, мусулмандарга кайрымдуулук иштерине, вакф кылышына уруксат берилген. Мамлекет болсо, бул кайрымдуулуктарды ооруканалар, изилдөө борборлору сыяктуу саламаттыкты сактоо түзүмүндөгү тармактарга сунуштаган.

   Халифалык мамлекетинде жергиликтүү саламаттыкты сактоо бөлүмдөрү, вилаят жана райондордогу калктын саламаттыгынын абалы жөнүндө, ар бир аймактагы оорулардын жайылышы туурасында маалыматтарды топтошу керек. Ошондо бул маалыматтар жергиликтүү муктаждыктарды кандыруу үчүн мамлекеттин этибарын саламаттыкты сактоону өнүктүрүүгө багыттайт.

Адамдарды коргоо үчүн зарыл болгон саламаттыкты сактоо маалыматтары төмөнкүлөрдөн турат:

 а) – жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын деңгээли: Негизги жугуштуу оорулардын бардыгы ооруларды көзөмөл кылуу борбору тарабынан күзөтүлүшү мүмкүн. Жугуштуу эмес ооруларды күзөтүү болсо, аймактардагы саламаттыкты сактоо бөлүмдөрү тарабынан күзөтүлүшү мүмкүн.

б) – тубаса оорулар жана майыптык: Халифалык тубаса же кокустан майып болгон калктын тизмесин түзүшү жана калктын муктаждыгына карай чараларды көрүшү керек. Алардан мисалы, тубаса ооруну башынан өткөрүп жаткан, же иштеген жеринде майып болуп калган, же аскерий аракеттер учурунда жарадар болгон айрым топторго мамлекет тарабынан атайын жеңилдиктер берилет.

в) – бейтаптардын ден соолук китепчеси жана алардын оору тарыхы: Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо түзүмү бейтаптар төрөлгөндөн өлгөнгө чейинки бардык тизмени түзөт жана бул тизмелер катъий түрдө сыр сакталат. Ушул тизме бейтаптын дарыгери же атайын дарыгер тарабынан жаңы текшерүу абалында тартипке салынат. Султан Нуриддин Занги крестүүлөргө каршы күрөш доорунда миладий 1156-жылы Дамашкта “Нури” ооруканасын курган. Ал оорукана маанилүү саламаттыкты сактоо мекемеси болгондон тышкары, медициналык тизмелери бар медициналык медресе катары да иш алып барган. Миладий 1185-жылы саякатчы Ибн Жубайр  ооруканада ар бир бейтап үчүн медициналык тизмелер жазылган, анын ичинде, аларга сунушталган дары-дармектер да каттала турган “Жаркын Жол” жөнүндө жазган.

г) – бейтаптардын генетикалык профили жана ооруларга майилдик тесттери: Жакында тикеленүүчү Халифалык мамлекетинин саламаттыкты сактоо кызматы жарандарга мүмкүн болушунча жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүүнү максат кылып белгилейт. Чындыгында, медициналык дарылоодо генетикалык технологияларды колдонуу аркылуу жогорку деңгээлге жетишилди. Генетикалык үзгүлтүксүздүктүн же бүтүндөй адам геномунун ачылышы 21-кылымдын башындагы маанилүү илимий баскыч катары таанылды. Жаңы DNK инфилтрациясы технологиясы аркылуу бир күндүн ичинде болжол менен миң долларга ар кандай бейтаптын адам геному тизмегин жаратуу мүмкүн. Жаңы илимий медициналык маалыматтар пайда болушу жана техникалык билим, жасалма интеллект сыяктуу маалыматтык түзүлүш технологияларын колдонуу аркылуу адам геномунун кооптуу ооруларга чалдыгуу жөндөмүн чектөө мүмкүнчүлүгү пайда болду. Улуу Британиянын NHS веб-сайтында айтылгандай, геномдук технологияларды системалуу колдонуу бейтаптарды дарылоону төмөнкү ыкмалар менен тездетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ:

  • Ооруга диагноз коюу мөөнөтү узак болгону үчүн “EPIQ диагностика” деп аталган нерсенин артынан жылдарды өткөрбөстөн, сейрек кездешүүчү ооруга чалдыккан бейтаптарга тез арада диагноз коё билүү.
  • Адамдарды эң натыйжалуу дары-дармектерге жана терапевттик аралашууларга ылайыкташтыруу. Бул дары каражаттарынын терс таасирлерин азайтат.
  • Туура, эрте диагноз коюу жана дарылоо ыкмаларынан натыйжалуу пайдалануу себептүү рак оорусунан аман калгандардын санын көбөйтүү.

  Ошондуктан, Халифалык мамлекети бейтаптардын муктаждыгын кандыруу максатында адам геномунун маалыматтар базасын пайда кылуу кызматын камсыздоого аракет кылышы керек. Адамдын генетикалык кодун сыр сактоо жана аны кескин көрүнүштө көзөмөлдөө важиб болот.

  Шахсий профилактика медицинасына келсек, скрининг текшерүүсү көбүнчө экинчи даражалуу профилактика деп аталат. Адистештирилген дарыгерлер комитети мамлекет камсыздашы керек болгон оору деп скрининг текшерүүсүн айтышат. Скрининг текшерүүдөн өткөрүү көздөлүп жаткан ооруда айрым шарттар бар болушу керек. Мисалы: оору олуттуу ден соолук проблемасын жаратышы, ооруну дарылоо бар экендиги жана оору үчүн скрининг текшерүүсү жогорку диагностикага ээ болушу.(уландысы бар).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here