Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты баңгизаттарга каршы күрөшүү кампаниясын баштады

144
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты баңгизаттарга каршы күрөшүү кампаниясын баштады

Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты баңгизаттарга каршы күрөшүү кампаниясын баштоо үчүн хижрий 1444-жылы 29-жумадуссаний, миладий 2023-жылы 23-январь күнү «Суна» маалымат агенттигинде конференция өткөрдү. Бул тууралуу Хизб-ут-Тахрир Борбордук маалымат бөлүмүнүн Судан вилаятындагы өкүлү билдирди.

«Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты баңгизаттарга каршы кампания баштады» деп аталган конференцияда Хизб-ут-Тахрирдин Судандагы расмий сүйлөөчүсү устаз Ибрахим Усман Абу Халил менен Хизб-ут-Тахрирдин мүчөсү доктор Мухаммад Абдурахман сөз сүйлөштү.

Доктор Мухаммад Абдурахман өз сөзүндө баңгизаттардын өндүрүлүшү, таратылып жаткандыгы, алар коом жана адамдарга канчалык кооптуу экендиги, алгач Суданга 2013-жылдан мурун контрабанда жолу менен аз көлөмдө алып кирилгени, кийин өлкөнүн аэропорттору жана порттору аркылуу тонналап ири көлөмдө контейнерлер аркылуу алып кирилип жатканы, бийлик да кабары мындан кабардар экендиги жөнүндө сүйлөдү. О.э. саясий, коопсуздук жана экономикалык кризистин акыбетинде абалдын оорлошкону баңгизаттардын жайылышына салым кошкону, мурунку режим сыяктуу жаңы бийлик бул маселеге кайдыгер карагандыгы баңгизаттардын кеңири жайылышын жеңилдетип, өтө өтүмдүү товарга айлантканы жөнүндө айтты.

Устаз Абу Халил ушуларды баса белгиледи: «Акыл адам үчүн өтө маанилүү. Аллах адамды акыл менен сыйлап, Исламда акыл сакталышы зарыл болгон коомдун жогорку максаттарынын бири болуп эсептелет. Суданды баңгизаттарга чөктүрүү заманыбыздагы саясий согуштардагы натыйжалуу куралдардын бири болуп, бул төртүнчү же бешинчи муундагы согуштардын алкагына кирет. Бул согушта душман душманды ичинен кулатууну, мамлекетин моюн сундурууну жана эркин тизгиндөөнү көздөйт. Мындай кооптуу согуш аскерийлерди гана эмес, бүткүл коомду бутага алат. Муну менен бирге, Батыштын уу пикирлери да массалык кыргын куралы болгон баңгизаттардан калышпайт жана ал оболу дин жана мамлекетке ээ улуу Исламды о.э. жарандардын пикир жана сакафатын бутага алган. Фолькердин Суданга өкүмдар болуп алышы, Батыш элчиликтери жана эл аралык уюмдар мамлекетти өз короосуна айлантып алышы, колонизатор алып келген жарандык коом уюмдардын иш-аракети, адамдардын мээсине демократиялык, илманийлик жана жарандык пикирлерди куюу, аялдарды батышташтыруу жана жаштарды бузуу… булардын бардыгы коомду коргогон дубалды кулатып, бардык нерсеге уруксат берип, кыйроого алып келүүдө».

Устаз Абу Халил баңгизаттарды жок кылуу үчүн Хизб жетектеп жаткан бул ири кампания «Баңгизат согушунда Халифалик менен жеңишке жетебиз» деп аталганын айтып, бул кампания улуу Ражаб айынын акырына чейин уланарын баса белгилеп мындай деди: «Бул кампаниябыз жаштарга багытталган, адамдар чогулган жайларда, коомдук жайларда, жыйын жана форумдарда, көчөлөрдө, семинарларда, жума хутбаларында, баяндарда, диск, плакат жана башка каражаттарда негизинен жаштарга этибар каратканбыз. Шексиз, Ислам Умматы Ислам мамлекети менен гана баңгизатты жана башка душманды жеңүүгө жетишет. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети гана – коргоочу жана калкан. Расулуллах ﷺ айткан:

«الْإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»

«Имам-халифа анын артында туруп согуш кылына турган жана аны менен коргонула турган калкан»».

Устаз өз сөзүн «Баңгизаттар согушунда Халифалык менен жеңишке жетебиз» деген ураан менен аяктады.

Конференцияга көптөгөн массалык маалымат каражаттары жана коомдук активисттер катышып, жакшы сөздөрдү айтышты о.э. адамдардын тагдырий маселелери жөнүндө Хизбдин туруктуу жана адаттагы камкор позициясын жогору баалашты.

 

Роя гезити, №428, 2022-жыл, 1-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here