БУУ: Украинада 8000ден ашык жай тургун өлдү

652
0

БУУ: Украинада 8000ден ашык жай тургун өлдү

 Кабар: БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгы Россия Украинага бастырып киргенден бери 8 миңден ашык жай тургун өлгөндүгүн билдирди.

  БУУнун маалыматына ылайык, былтыр 24-февралдан быйыл 15-февралга чейин Украинада 8006 жай тургун, анын ичинде, 487 бала каза болгон. Ал эми, жарадар болгон 13287 адамдын 954ү жаш балдар болгон. Өлгөндөр менен жарадар болгондордун көбү Донецк жана Луганск облустарында катталган: бул аймактарда бир жылда 4295 адам каза болуп, 7327 адам жарадар болгон.

 Отчёттун авторлору согуш учурунда маалыматтарды тактоонун кыйынчылыгын эске алганда, каза болгондордун чыныгы эсеби мындан көп болушу мүмкүндүгүн белгилешет, себеби кээ бир жерлерде жарандардын өлүмү жа жарааты жөнүндөгү кабарлар дагы деле тастыктала элек. Андай калктуу пункттарга Мариуполь (Донецк облусу), Лисичанск, Попасная жана Северодонецк (Луганск облусу) кирет.

 2022-жылдын 24-февралынан 2023-жылдын 15-февралына чейинки мезгилде эң көп өлүм былтыркы жылдын март айында катталган: ошондо Россиянын кол салуусу натыйжасында украиналык 3918 жай тургун өлсө, 2967 жаран жарадар болгон. О.э. БУУ 2023-жылдын башынан бери Украинада 263 адам өлүп, 759 киши жарадар болгонун билдирди.

 Кабарланган өлүм жана жарааттардын көпчүлүгү жардыруучу куралдар, анын ичинде оор артиллериялык жана көптөгөн ракеталык чабуулдар о.э. авиа соккулар себептүү болгон. Украинада мындай куралдар 6585 кишини өлтүрүп, 12635 адамды жарадар кылган деп айтылат БУУнун отчётунда.

Комментарий: Россиянын Чеченстан мусулмандарына каршы баскынчылык согушу учурундагы кылмыштарын БУУ да, дүйнөлүк коомчулук да көрмөксөн болгон эле. 10 жылдан ашык убакытка созулган кыргындар учурунда он миңдеген жай тургундар, анын ичинде, жаш балдар өлтүрүлгөн. Ошол согушта, Чеченстан оппозициясы жай тургундардан 250 миң киши, анын ичинде 40 миң жаш бала өлгөнүн билдирген. Адам укуктарын коргоочу “Мемориал” уюму жай тургундар арасынан өлгөндөрдүн саны 50 миңге жеткенин кабарлаган. Башка булактарда айтылышынча, 1990 жана 2000-жылдардагы биринчи жана экинчи чечен согушунда кеминде 60 миң жай тургун каза болгон. Чеченстандын убактылуу парламентинин башчысы Таус Жабраилов болсо эки согушта 150 миңден 160 миңге чейин адам өлгөнүн айткан. А бирок, БУУ да, АКШ башында турган батыш мамлекеттери да Россияга каршы бирер жаза колдонушкан жок.

 Сирия козголоңу максатына жакындап, канкор Башар Асад режими кулайын деп калганда Россия АКШнын сунушу менен Сирияда “атайын операция” баштады. 2015-жылдын 30-сентябрында башталып, бүгүнкү күнгө чейин уланып жаткан “атайын операция” учурунда он миңдеген жай тургундар Россиянын “заманбап” куралдары менен бомбаланды. Путиндин тили менен айтканда “Россия аскерлери машыгууларда” медреселер, ооруканалар, мектептер жана калктуу пункттарды талкалады. Ал тургай, орус желдеттери жай тургундарга каршы тыюу салынган куралдардын баарынан, фосфор бомбасы, кассеталык бомбалар, ал тургай бункерлерди кыйратуучу күчтүү куралдардан да пайдаланышты, бүтүндөй квартал жана көчөлөр жексен кылынды. Адаттагыдай эле, БУУ жана дүйнөлүк коомчулук ал кыргындарды көрмөксөн болду… Себеби, ал кылмыштар Европадан алыста жана мусулмандарга каршы кылынып жаткан эле.

  Бүгүнкү күндө Россиянын баскынчылыгы Европанын астанасына барып калган соң, АКШ да, Европа Союзу да биригип, колунан келишинче Украинага аскерий жардам көрсөтүүгө киришишти. Бүт дүйнөнүн назары Россиянын Украинага каршы согушуна каратылды. Россияга каршы болуп көрбөгөндөй санкцияларды колдонуп жатышат. БУУ жана эл аралык коомчулук Россиянын кылмыштарын саат сайын каттоого алып, курмандыктарды эсептеп жатышат. Путинди эл аралык сотко тартуу маселеси да күн тартибинде турат. Бул нерсе, АКШ башында турган Батыш мамлекеттери о.э. алардын мыйзамдарын башка элдерге мажбурлап тыгыштыруучу куралы болгон БУУ канчалык эки жүздүү экендигин ачык айкын көрсөтүп турат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here