Жер титирөөдө 72 миңден ашык адам каза болгону божомолдонууда

3751
0

Жер титирөөдө 72 миңден ашык адам каза болгону божомолдонууда

Түркия министрлер кабинети зилзала маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган жыйындан кийин берген билдирүүсүндө зилзаланын натыйжасында каза болгондордун саны 35418ге, жараат алгандардын саны болсо 105505ке жеткенин билдирди. Түркия ишканалар жана ишкердик конфедерациясынын (TÜRKONFED) отчётуна ылайык, каза болгондордун саны 72 миңден ашары божомолдонууда.

О.э. президент Эрдоган билдирүүсүндө жалпысынан төмөнкүлөрдү белгиледи: Кулаган имараттардын алдында калган акыркы жаран чыгарылганга чейин куткаруу иштери уланат. Зилзала натыйжасында урандыга айланган же жашоого жараксыз болуп калган ар бир үй жана ишкана кайрадан курулуп, ээлерине тапшырылат. Бул жаатта Айлана-чөйрө, шаарлаштыруу жана климаттын өзгөрүшү министрлиги ТОКİ компаниясы менен биргеликте жаңы үйлөрдү куруу үчүн даярдык көрө баштады о.э. 1 жылдын ичинде сапаттуу жана коопсуз имараттарды куруп бүтүү көздөлүүдө. Зилзалада каза болгондордун жакындарына зарыл болгон муктаждыктары үчүн 10000 лира накталай акча берилет.

Комментарий: Чындыгында Түркияда болгон зилзала аябай чоң жоготууларга себеп болду. Бул зилзалада каза болгон момун-мусулмандарды Аллах рахматына алсын, жараат алгандарга шыпаа берсин.

Ал эми кырдаалга башка тараптан назар сала турган болсок, бул абал Түркиядагы эле эмес, дүйнө жүзүндөгү мусулмандар бир дене сыяктуу экендигин жана ар кандай абалда биригип кетиши мүмкүндүгүн дагы бир жолу далилдеди. Т.а. зилзала болгон аймактагы элдерге Түркиянын өзүнөн жана көптөгөн Исламий өлкөлөрдөн жардамдарды жөнөтүүдө о.э. урандылар алдында калган адамдарды куткаруу үчүн моралдык жана материалдык күчтөрүн жумшоодо мусулмандар улуу биримдиктин үлгүсүн көрсөтүштү. Буга көркөм мисалдар ушунчалык көп дейсиң, аларды айтып бүтө албайбыз. Колунда эч нерсе болбогону үчүн жалгыз уйун сатып жардам жөнөткөн энелер, зилзаладан жабыр тарткандар суукта калбасын үчүн чөнтөгүнө колкап салып, тонун берип жиберген аталар, миллиондогон доллар акча берип, өзүнүн ким экендигин билдирбей кеткен калыс мусулмандар, дүкөндөрүнө кулпу салып, үйүндөгү ток чыгаруучу генератор жана күрөктөрүн унаасына жүктөп жолго чыккан соодагерлер, урандылар алдында калган мусулмандарды куткаруу үчүн өтө кооптуу болушуна карабастан, өзүнүн өмүрүн тобокелге салган ыктыярчы куткаруучулар… жана башка миңдеген мисалдарды келтирүүгө болот. Көңүл бурбаган бир да исламий өлкө калбады. Ал турга жашоодо кыйналып жаткан Афганистан жана Аракандагы мусулмандар да тапканын топтоп жөнөтүп жатышат.

Кыскасы, бул биримдик Аллах Таааланын إِنَّمَا الْمُؤْمِنُونَ إِخْوَةٌ “Момундар шек-күмөнсүз ага-инилер”, аяты жана Расулуллах A дын:

«تَرَى الْمُؤْمِنِينَ فِي تَرَاحُمِهِمْ وَتَوَادِّهِمْ وَتَعَاطُفِهِمْ كَمَثَلِ الْجَسَدِ، إِذَا اشْتَكَى عُضْو تَدَاعَى لَهُ سَائِرُ جَسَدِهِ بِالسَّهَرِ وَالْحُمَّى»

Момундар бири-бирине ырайым, мээрим жана достук көрсөтүүдө кудум бир дене сыяктуу, эгер анын бир мүчөсү арызданса калган мүчөлөр ысытма жана уйкусуздук менен бири-бирин ага чакырып жатканын көрөсүңөр, – деген хадиси Ислам Үммөтүнүн канына канчалык сиңип кеткенин дагы бир жол далилдеди. Алардын дилинде биримдик учкуну өчө электигин дүйнө жүзүнө дагы бир жолу көрсөттү.

Башка хазараттарда таптакыр табылбай турган бул биримдик Халифалык мамлекети кулатылган жана анын ордун колонизатор кафирлерге көз каранды мамлекетчелер ээлеген о.э. мусулмандар көптөгөн жылдар бою Исламдан четтетилип, Ислам өкүмдөрүнүн ордуна илманийлик, демократия өкүмдөөрү колдонулуп жаткан бир учурда жүз берүүдө. Бирок унутпашыбыз керек болгон нерсе, эгер мусулмандар бир Халифалык мамлекетинде биригишпесе, жогорудагы биримдик – канчалык көздү кубандырбасын – көпкө созулбайт. Мусулмандар биримдигинин бирден-бир кепилдиги – аларды бир байрак алдына бириктире турган Халифалык мамлекети. Ушундай болгон соң, мусулмандар бүтүндөй Ислам Үммөтүн бириктире турган Халифалык мамлекетин тикелеши керек.

Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here