بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Мусулмандардын каны да, намысы да бир
Расулуллах ﷺ айтат:
«مَثَلُ الْمُؤْمِنِينَ فِي تَوَادِّهِمْ وَتَرَاحُمِهِمْ كَمَثَلِ الْجَسَدِ الْوَاحِدِ، إِذَا اشْتَكَى مِنْهُ عُضْوٌ تَدَاعَى لَهُ سَائِرُ الْجَسَدِ بِالْحُمَّى وَالسَّهَرِ»
«Момундардын өз ара тилектештиги жана ырайымдуулуктары кудум бир денеге окшойт. Эгер, анын бир мүчөсү ооруса, калган мүчөлөр да ысытмалап, уйкусуз болуп чыгат».
«الْمُؤْمِنُ لِلْمُؤْمِنِ كَالْبُنْيَانِ يَشُدُّ بَعْضُهُ بَعْضًا»
«Момун момунга кудум бири-бирин тиреп турган имарат сыяктуу».
Бул жерде Расулуллах ﷺ жыныс, улут, түс жана мекенине карабастан, бардык момундарды айтып жатат. Бирер регионго, же өлкөгө, же болбосо түскө чектебеди. Сириядагы, Фалестиндеги, Бирмадагы, Борбордук Африкадагы, Өзбекстандагы, Кашмирдеги, Кытайдагы, Индиядагы мусулмандар бир дене-бир жан. Мусулмандар дүйнөнүн ал четиндеги бир аялдын же кемпирдин ый-муңу жана жардамга чакырыгы үчүн нусратка шашылышкан, анын жынысына жана улутуна карашпаган. Эртең, Аллахтын уруксаты менен, жер жүзүндөгү бардык мусулмандарды камкордук кылып коргоочу бир мамлекети жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид халифалары тикеленсе, мусулмандардын алсыз абалына жардам берип, аларды коргойт жана зулум кылгандардан өч алат. О.э. Халифа Расулуллах ﷺдын бул хадисин иш жүзүндө колдонот:
«الْمُؤْمِنُونَ تتَكَافَأُ دِمَاؤُهُمْ، وَهُمْ يَدٌ عَلَى مَنْ سِوَاهُمْ، وَيَسْعَى بِذِمَّتِهِمْ أَدْنَاهُمْ»
«Момундардын каны бир, бири-бирин колдошот, зиммийге амандык берилсе, бардыгы ага амал кылышат».
Роя гезити, №423, 2022-жыл, 28-декабрь.