Даръа калкы жарашууга каршы нааразылык демонстрациялар менен алек, ал эми, зат кылынган жерлердеги согушкер жамааттар стадион жана аянттарды ачуу менен алек!

799
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Даръа калкы жарашууга каршы нааразылык демонстрациялар менен алек, ал эми, зат кылынган жерлердеги согушкер жамааттар стадион жана аянттарды ачуу менен алек!

Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын радиосунун 2022-жылдын 24-декабрдагы кабарында айтылышынча, жума күнү Даръадагы Жасим жана Даил шаарчаларынын эли режимди кулатууну жана камакка алынгандарды азат кылууну талап кылып демонстрация өткөрдү. Жергиликтүү булактар маалымдашынча, Жасимдин ондогон перзенттери жума намазынан кийин демонстрация өткөрүп, Асад режимин кулатууну жана анын камактарындагы боордошторду азат кылууну, Иран согушкерлерин өлкөдөн чыгарууну талап кылышты. Ушул булактар, маданият борборундагы аскерий коопсуздук кызматкерлери демонстранттарды таратуу үчүн ок атканын кошумчалашкан. О.э. булактар Даилдеги ондогон демонстранттар дал ушундай талаптар менен нааразылык демонстрацияларын өткөргөнүн кабарлашты. Демек, Даръа жарашууга нааразы болуп демонстрация өткөрүп, режимди кулатууну жана камакка алынгандарды азат кылууну талап кылып жатканда, Идлиб жана башка башка азат кылынган аймактардагы согушкер жамааттар канкор режим менен жарашууга даярдык көрүшүүдө. Т.а. өтмөктөрдү ачуу, режимге каршы болгон ар кандай согушту алдын алуу, режимди кулатууну каалаган ар кандай козголоңчуну, активистти, мужахидли жана мухажирди камоо, стадион жана аянттарды ачып адамдарды чалгытуу менен даярдык көрүүдө. Акыйкатта болсо, адамдар баалардын кымбаттыгы жана монополия себептүү о.э. өкмөт тарабынан салынып жаткан салыктар себептүү күнүмдүк тамагын таба албай кыйналышууда.

 Роя гезити, №423, 2022-жыл, 28-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here