Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык жакында Аллахтын уруксаты менен тикеленет!

1128
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык жакында Аллахтын уруксаты менен тикеленет!

Мына ошондо батылдар зыянга учурашат!

Халифалык үлкөн нерсе, макамы жана деңгээли өтө маанилүү. Ошондуктан, мусулмандар Халифалыкты тикелөөгө калыс аракет кылып жаткан адамдарга кошулуп кетпеши үчүн Америка жана Батыш Исламга тиешеси жок кээ бир жамааттардын кылмыштарын шылтоолоп, Халифалыктын атын каралоого урунушту. Бирок, алар эч качан максатына жетишпейт. Себеби, Халифалык – Аллах Табарака ва Тааланын убадасы, Расулу ﷺдын башараты. Аллах Таала айтат:

﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْ‌ضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْ‌تَضَىٰ لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُم مِّن بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْناً يَعْبُدُونَنِي لَا يُشْرِ‌كُونَ بِي شَيْئاً وَمَن كَفَرَ‌ بَعْدَ ذَٰلِكَ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ﴾

«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн (итикаддуу) заттарды халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. «Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин куфрону (ниъмат) кылса, анда, алар фасыктар»                                                [24:55]

Имам Ахмад Нуман ибн Башир разияллаху анхудан Расулуллах ﷺдын мындай дегенин риваят кылат:

«تَكُونُ النُّبُوَّةُ فِيكُمْ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا. ثُمَّ تَكُونُ خِلاَفَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ اللهُ أَنْ يَرْفَعَهَا. ثُمَّ تَكُونُ مُلْكًا عَاضًّا، فَيَكُونُ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ يَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا. ثُمَّ تَكُونُ مُلْكًا جَبْرِيَّةً، فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا. ثُمَّ تَكُونُ خِلاَفَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ. ثُمَّ سَكَتَ».

«Силердин араңарда Аллах каалаганча пайгамбарлык уланат. Кийин Аллах каалаганда аны көтөрөт. Кийин пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот жана ал Аллах каалаганча турат. Кийин Аллах Өзү каалаганда аны көтөрөт. Кийин зордукчул падышалык болот жана ал Аллах каалаганча турат. Кийин Аллах Өзү каалаганда аны көтөрөт. Кийин жабыр көрсөтүүчү залим падышалык болот жана ал Аллах каалаганча турат. Кийин Аллах Өзү каалаганда аны көтөрөт. Кийин пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот. Андан соң Пайгамбар A сүкүт кылды».

 Роя гезити, №423, 2022-жыл, 28-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here