Бөлүнүүлөр АКШ коомун жемирүүдө

844
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Бөлүнүүлөр АКШ коомун жемирүүдө

 Доктор Абдуллах Рубин

АКШ Конгресси 4 күн тарыхий шалдыкты башынан өткөрдү. Себеби, Республикачылар өз ара жаңжалдашып, Өкүлдөр палатасы үчүн 14 жолу спикер шайлай алышпады. Тарыхий дегенибиздин себеби, мурунку мындай ийгиликсиздик 1860-жылы болгон. Ошондо бөлүнүү себептүү спикер менен бир нече ирет келишүү аракеттери ийгиликсиз болуп, анын акыбети жарандык согушка алып келген. Ал тургай, айрым америкалык тарыхчылар Ак үйдү «Кошмо Штаттар кайра ошол жарандык согуштан мурунку кыйын абалга окшош кризиске карай бара жатканын» эскертишти. Учурда депутаттар бири-бири менен тартышып жатканда, 6-январь козголоңунун 2 жылдыгы эскерилди. Депутаттардын бири калган депутаттарга Трамптын ачууланган колдоочулары шайлоону бурмалаган деп айыпталган Өкүлдөр палатасынын мурунку демократ төрагасын издеп, алардын артынан эшиктерди какканын эске салды. Байден бийликке келгенден бери Республикачылар алсырап калышкан эле. Себеби, Конгресстин эки палатасы тең аны колдоп-кубаттады. Бирок, эки ай мурун, орто аралык шайлоолордо Республикачылар партиясы бир аз көпчүлүк добуш менен – Республикачылар 222, Демократтар 213 менен – Өкүлдөр палатасын көзөмөлгө алды. Бул жеңиш менен Республикачылар Трамп администрациясынан кийин биринчи ирет Байден администрациясын жоопко тартуу жана кийинки эки жыл ичинде анын бийлигин чектөөгө үмүт кылып жатышкан. Бирок, алар бул үмүттөрүнө жетүү үчүн оболу Өкүлдөр палатасынын жетекчилигин аткарган спикерди шайлашы керек эле. Бирок, партия ички бөлүнүүгө учурады.

Түпкүлүгүндө, бул кыйын эмес. Бирок, бул ирет оңой болгон жок. Белгилүү бир этапта кыйынчылыктар күчөп, кескиндик өтө курчуганда Өкүлдөр палатасынын бир мүчөсү Метт Гетц четтетилди. Кевин Маккартнинин шайланышына тоскоолдук кылган фракцияга Метт Гетц башчылык кылган эле. Акыбетте, он бешинчи урунушта 7-январь күнү оппозициядагы Республикачылардын көпчүлүгү өз кесиптештери менен Маккартни үчүн добуш берүүгө катышкан соң, Маккартни тиешелүү тартипте Өкүлдөр палатасына спикер болуп шайланды. Бирок, Республикачылардын алтоосу добуш берүүдөн дагы эле баш тартышууда. Ко-ош, ага добуш берилген болсо, бул бөлүнүп чыккандар эмнени каалап жатышат, Кевин Маккартни Өкүлдөр палатасына спикер болуп шайланышы эмнени өзгөртөт?!

Жыйырма Республикачылар алардын партиясынан болсо да Маккартнини коррупциялашкан режимдин бири деп, алгач ага каршы добуш беришкен. Консервативдүү эксперттердин бири Такер Карлсон мындай дейт: «Маккартни анчалык консервативдүү эмес, ал идеологиялык жактан нейтралдуу болуп, анын чыныгы аудиториясы – Вашингтон лоббиси. Эгер, силер калыс саясий ишенимде болсоңор, Маккартнинин бул абалы силердин ачууңарды келтириши керек». Ага карабастан, Маккартни шайланды. Ал тургай, келерки жылдагы президенттикке талапкерлигин койгон Трамп да партияны Маккартнинин айланасына биригүүгө чакырып: «Эй, Республикачылар, ушул чоң жеңишти чоң шерменде жеңилүүгө айлантпагыла, майрамдоонун убагы келди жана буга силер акылуусуңар, Кевин Маккартни дагы жакшы иштерди жасайт!», – деди.

Маккартни бир нече жан берүүнү сунуш кылгандан кийин эле спикер болуп дайындалды, спикерди жумуштан алууну жеңилдетүү ушул жан берүүлөрдүн бири болчу. Анын айтымында, спикерди жумуштан алуу үчүн добуш берүүнү баштоого бир кишинин добушу жетиштүү болушуна уруксат берилди. Ага кошумча, учурда Маккартни Азаттык коомунун мүчөлөрүнө келечекте мыйзам чыгаруу, өзгөртүү киргизүү жана Өкүлдөр палатасында талкуулоодо салмактуу пикирге ээ болгон маанилүү комитеттерден кызматтарды берип жатат. О.э. ал депутаттардын өкмөт каражаттарына каршы позицияларын колдоого да ыраазы болду. Буга жооп катары Демократтардан конгрессмен Эрик Суолвелл: «Козголоңчулар эки жыл мурун Капитолийди басып ала алышпаган, бирок, бүгүн Кевин Маккартни Республикачылар партиясын ээлөөнү козголоңчуларга таштап коюуда», – деп арызданды. Келерки айларда өтө күчтүү тергөө иштери башталышы күтүлүүдө, мисалы, Федералдык Тергөө Бьюросунун саясий ролу, СOVID-19дун келип чыгышы, 6-январь окуяларына тиешелүү тил бириктирүүлөр жана келерки шайлоолордо болушу айтылып жаткан бурмалоолор сыяктуу. Мындан тышкары, Демократтар сунуш кылган жаңы мыйзамчылык тоскоолдук кылууда. О.э. ушул жылдын аягында Федералдык карыздын чегин 31.4 триллион доллардан көбөйтүү жана кийинки Федералдын бюджетти тастыктоо убагында да ар түрдүү кризистер келип чыгышы турган кеп. Учурда Өкүлдөр палатасы 2024-жылдагы президенттик шайлоонун алдында консерваторлор күрөшүн кайра баштоо укугун алган.

 Роя гезити, №425, 2022-жыл, 11-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here