Түрк режими Шам калкынын канын эл аралык коомчулукка курмандык катары тартуу кылууда

392
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Түрк режими Шам калкынын канын эл аралык коомчулукка курмандык катары тартуу кылууда

 Устаз Ахмад Абдулжавад

Биз китептерде өз улутташына жана диндешине кыянаттык кылуу жолуна түшкөн Абраха жана Ибн Алкамий сыяктууларды окуп, ачууланганбыз. Бирок, жашообузда да түрк режими ошондой кыянаттык жолуна киргенин көрүп, андан да көбүрөөк ачууланып, жек көрүүдөбүз.

Түрк режиминин Шамдагы мубарек козголоң башталгандан бери аны жолунан адаштырууну жана жок кылууну көздөгөн жаман ниеттеги ролу өткөн кылымдын башында Мустафа Кемалдын Усманий Халифалык мамлекетин жок кылгандагы ролуна өтө окшошууда. Түрк режиминин бул ролу – негизинен Американын каалоолорун аткаруу жана анын региондогу кызыкчылыктарын коргоо үчүн жалган айтуу, алдоо жана кыянаттык кылуу. Түрк режими Американын малайы Башар Асадды бийликте сактап калуу жана анын илманий режими кулашына жок бербөө, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык түзүмүнүн тикеленишин алдын алуу ролун ойноп жатат.

Шам козголоңуна каршы тил бириктирүүнүн башталышы 2011-жылы козголоңдун алгачкы күндөрүндө эле башталган. Ал кезде түрк режими Асад режими өзүнүн куралсыз калкына каршы жасаган кылмыштарын каралады, айыптады о.э. ошол убакта жалындаган көчөнүн ачуусун басуу үчүн Асад режимин жалган реформаларды өткөрүүгө чакырган. Кийин түрк режими өз билдирүүлөрүн күчөтүп, Сирия режими өз мыйзамдуулугун жоготту, анын башын өзгөртүү керек деген талапты ортого салды. Бул билдирүүлөр ошол убакта Түркия премьер-министри болуп турган Эрдаган тарабынан да берилген.

Түрк режими Сириядагы согушкер жамааттардын ыйманы алсыз, арамза, шайтандын бийлик жана акчага азгыруусуна алданган жетекчилерин сатып алган соң, анын ыплас ролу андан да күчөдү… Акыбетте, түрк режими Женева, Астана жана Сочидеги кыянаттык келишимдерде Халабды, эки Гута жана Хивранды Асад режимине тапшырууга жетишти. Анын мындай ыплас ролу дагы да ыпластанды, мисалы, Түркиянын тышкы иштер министри Мавлуд Чавушоглу 2022-жылы 24-августта Асад режими менен жарашуу жөнүндө билдирүү берди… Анын артынан режимдин башчысы Эрдаган Башар Асад менен жолугушмакчы экени туурасында билдирүү берди… Анын билдирүүлөрү Түркиянын «Хуррият» гезити сыяктуу көптөгөн массалык маалымат каражаттарында таратылды.

Андан соң Түркия коргоо министри Хулуси Акар менен анын сириялык кесиптеши Алий Махмудаббас жана россиялык кесиптеши Сергей Шойгу о.э. алардын разведка жетекчилери ортосунда жолугушуу болуп өттү. Түркия режими Россия борбору Москвада өткөн бул жолугушуу менен Шам козголоңуна каршы тил бириктирүүлөрүнүн чынжырына дагы бир үзүктү кошту жана бул нерсе тээ ниетине жетмейин акыркы үзүк болбойт көрүнөт. Негизи, анын ниети – азат кылынган делип жаткан жерлердин баарын канкор Сирия режиминин көзөмөлүнө кайра тапшыруу.

Түрк режими негизги этибарды оппозиция менен Асад режимин жараштыруу деген нерсеге чөйрө даярдоого каратты. Бул үчүн фронтторду жапты жана кыйрай баштаган Асад режимин кулата турган ар кандай согуштук операцияны алдын алды. Ошол эле учурда, түрк режими «Инказ» жана «убактылуу» өкмөттөргө жана согушкер жамааттардын түркиячыл жетекчилеринен турган куурчактарына козголоңду колдоп-кубаттаган калкка басым кылууну үйрөттү. Калкка ар тараптуу басым өткөрүп, кайратын сындырып, ушул аркылуу Асад режимине моюн сунууга мажбурлоону буйруду. Ушул буйруктардын кезектегиси катары, Сирияда күйүүчү май продукцияларынын кризиси пайда кылынды о.э. Американын саясий чечимин жана №2254-резолюцияны кабыл алуудан баш тарткан калыс козголоңчуларды о.э. көз карандысыз согушкерлерди коопсуздук кызматы куугунтуктады.

Ошол эле учурда, түрк режими өз куурчактарынын жардамында шаар жана айылдардагы таасирдүү кишилерди, көчө жана уруу аксакалдарын экинчи даражалуу иштер менен чалгытууга жана иш-аракеттерин жамааттын алкагына гана чектеп коюуга жетишти. Муну ишке ашыруу үчүн «Уруу жана көчөлөр кеңеши» жана «Жарашуу кеңеши» түзүлдү, кудум эле Асад режиминин «Элдик кеңешине» окшойт. Түрк режими өзүнүн адамдары аркылуу Сириядагы көчө жана уруулардын таасирдүү кишилерин жана аксакалдарын калктын колдоосунан куру жалак калтырууга, аракетинен адаштырууга жетишти. Анткени, ал кишилердин жана аксакалдардын аракети козголоңду кайра туура жолуна жолдоо үчүн чыныгы демонстрацияларды уюштуруу эле. Уруу жана көчөлөр кеңеши 2022-жылы 21-декабрда жарыялаган билдирүү ушул экинчи даражалуу нерселердин бири болду. Билдирүүдө Дайруз Зурдагы эки аялдын намысына кол салынып, өлтүрүлгөн окуя жөнүндө жазылган. Бирок, бул кеңештердин билдирүүлөрүндө региондорго жаап жаткан бомбалар же түрк режими анын көзөмөлүндөгү региондорду Дамаск режимине тапшырмакчы экендиги жөнүндө бир ооз сөздү көрбөйсүң. Негизи, бардык жан, намыс жана мал-мүлккө каршы чыныгы кооп-коркунуч – бул региондорду режимге тапшыруу. Бул кылмыштар таасирдүү кишилер жана аксакалдарды өздөрүнүн табигый ролунан бурууга багытталган. Алардын табигый ролу козголоңдун аракетин оңдоо, чет элден сунулган колдорду кесүү, жамааттардын жетекчилеринин көз карандылыгына жана саткындыгына чекит коюу сыяктуу аракеттер аркылуу түрк режими жана анын артында турган Американын пландарын кыйратуу эле. Негизи, түрк режими Асад режимин сактап калуу жана кулатылышын алдын алуу сыяктуу Американын кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн жамааттардын жетекчилеринин көз карандылык жана саткындыгына өзгөчө көңүл бурду.

Сөзүбүздүн акырында ушуну кайра баса белгилейбиз: түрк режими башынан бери эле мубарек козголоңубуздун жүрөгүнө сайылган канжар болуп турат. Түрк режими анын чыныгы ролу козголоңчуларга ачылып калбашы үчүн, өз ролун жашыруу үчүн ар кандай ыплас каражаттарды ишке салуудан уялбай жатат. Бул жашыруу вазыйпасын, өкүнүчтүүсү, сакалдар жана селделер аткарышууда, өткүнчү дүйнө матасынын акысына ага мактоолорду айтуу жана болгон мүмкүнчүлүктөрү менен кылмыштарын актоо аркылуу анын айыбын жабууга аракет кылып жатышат… Ошентип, жакында Түркия тышкы иштер министрлиги Анкара саясий туруктуулукка – алар айткан туруктуулукка – жетишкенде ал көзөмөлдөп жаткан аймактарды Дамаск бийлигине тапшыруу ниетинде экени туурасында билдирүү жарыялады. Пайгамбарыбыз Aдын:

«قَدْ صَدَقَكَ وَهُوَ كَذُوبٌ»

«Ал – каззаб-шайтан. Бирок, сага туура сөздү айтыптыр», деген сөзү ушул түрк режимине туура келип жатканын баса белгилемекчибиз.

Түркия режими жана анын артында турган Америка максатына жетишине жол бербөө үчүн амалий кадамдар зарыл. Бул болсо, козголоңдун эрк-чечимин кайра алуу, Түркиянын козголоңдун саясатын башкарган жетекчилигин кыйратып, башка саясий жетекчиликтин айланасында биригүү менен ишке ашат. Бул саясий жетекчилик – исламий акыйдасынан алынган саясий долбоорго т.а. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык болгон улуу Ислам долбооруна ээ жетекчилик. Бул үчүн шаар жана айылдардагы козголоңчулар, мужахиддер, таасирдүү кишилер жана уруу аксакалдарынан турган калыс уюм түзүлүп, сыйкырчынын сыйкырын өзүнө ура турган жана козголоңду туура жолуна жолдой турган саясий жана согуштук иш-аракеттерди жасоо шарт.

 Роя гезити, №425, 2022-жыл, 11-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here