Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаяты өлкө калкына кайрылуу жасады

584
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаяты өлкө калкына кайрылуу жасады

Ишемби күнү борбор Тунис көчөлөрүндө миңдеген тунистиктер демонстрацияга чыгышты. Козголоңду эскерип өткөрүлгөн бул митингдерде президент Кайс Саиддын саясатына каршы чоң жүрүштөр өткөрүлдү. Хабиб Буркиба көчөсүндө адамдар «Калк режимди кулатууну каалайт», президентке карата «Кет!» деп кыйкырып, жүрүш өткөрүштү.

Өз кезегинде, Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаяты билдирүү жарыялап, Тунис калкына кайрылды: «Оо, Тунис калкы! Демократия себептүү жашооңор кыйраганын о.э. өлкөңөр акча жана таасир менен өкүмдарлык кылып жаткан күчтөрдүн короосуна айланганын өзүңөр күбө болдуңар. Саясий чөйрө саткын болуп, колонизатор Батыш мамлекеттерине көз каранды болууга шашылып жатышканына өзүңөр күбөсүңөр…».

Кайрылууда дагы мындай делет: «Силер тогут залимдерге каршы көтөрүлгөн козголоңдо Ислам Умматынын биринчи сабында элеңер, тогут Ибн Алини куудуңар. Андыктан, силерге алсыздар жана малайлар жетекчилик кылуусуна ыраазы болосуңарбы?! Акыры, козголоңуңарды туура жолунан адаштырган жана өлкөнү кайра кордук жана көз карандылыкка кайтаргандар дал ошолор го?! Кафирлерге кызматкер болууга ыраазы болосуңарбы, акыры, силер Аллах Ислам менен сыйлаган мусулмансыңар го?! Ооба, силер мужахид фатиктердин мусулман неберелерисиңер, демек, эмнеге бул илманий адамдын бейбаштыгына сүкүт кылып жатасыңар?! Бул президенттен, же оппозициядан, же болбосо Эмгек уюмунан «улуттук» деген сөздөр менен сүйлөшүү өткөрүүлөрүн күтүп жатасыңарбы, акыры, алар моюн сунуу жана өлкөнү кафирге тапшыруудан башка нерсени билишпейт го?! Же дагы эле шайлоолордон үмүт кылып жатасыңарбы?! Өткөн шайлоолордон баарынан кийин эч кандай өзгөрүү болбогонун, тескерисинче, алар колонзаторлук системасын кайра бекемдегенин көрбөдүңөрбү?!».

Билдирүүнүн акырында мындай делет: «Пайгамбарыңар Aдын минхажы негизинде саясат жүргүзгөн мамлекет тикеленип Аллахтын дини тургузулбаса, силер бул дүйнөдө да, Акыретте да өзүңөрдү куткара албайсыңар?! Бул мамлекет тикелене турган күнгө – максаттар туура болсо – көз ачып жумгандан да аз убакыт калды. Биз менен толук азаттыктын ортосунда 2011-жылдагыдай кармануу зарыл болгон кескин позиция бар. Ошол позицияны кайра кармансаңар, албетте ар кандай малайды кууп саласыңар, илманий жана капиталисттик түзүмдөрдү кулатасыңар жана адам ойлоп тапкан пикирлерди жок кыласыңар, Исламдан башка эч кандай альтернативага ыраазы болбойсуңар».

 Роя гезити, №426, 2022-жыл, 18-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here