Түркиянын яхудий вужудундагы элчиси Эрдагандын жалгандарын ачыктап жатат

598
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Түркиянын яхудий вужудундагы элчиси Эрдагандын жалгандарын ачыктап жатат

Түркиянын Тель-Авивдеги жаңы элчиси Шакир Озкан Тарунлар Түркия региондогу мамлекеттер арасында яхудий вужудун мамлекет катары тааныган биринчи мамлекет экенин баса белгиледи. Ал: «Түркия жана түрктөр «израиль» мамлекети тикеленишине да, яхудийлерге да каршы болбогон», – деди. Ал: ««израилде» түрк яхудийлери жашайт. Алардын саны 100 миңге жакын, алар эки мамлекет ортосундагы көпүрө болушат», – деп кошумчалады.

Буга түшүндүрмө берип, Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестин жериндеги маалымат бөлүмү өзүнүн веб-сайтында шуларды баса белгиледи: «Кыязы, Түркия элчиси адаштыруу эрежесин, айрыкча, Эрдаган үйрөткөн жалганды унутуп койгон көрүнөт, ушул себептен улам, жаап жашырбастан Түркия жана анын өкүмдарларынын мубарек Фалестин жеринин баскынчыларына карата түпкү позициясын ачык айтып койду. Негизи, бардык исламий өлкөлөрдөгү өкүмдарлардын позициясы да ушундай… Кээ бирөөлөрү алдоо жана көз боёмочулук кылып жаткан болсо, дагы кээ бирлери нормалдашуу жана кыянат кылып жатышат… Бирок, алар да, булар да, баары колонизатор кафир Батыштын өлкөлөрүбүздөгү кызыкчылыктарына кызмат кылып, алардын вужуддарын коргошууда жана берилгендигин көрсөтүшүүдө. Ырас, яхудий вужудунун тирүүлүгү Батыштын стратегиялык кызыкчылыгы болгон соң, демек, бул малай өкүмдарлар үчүн да яхудий вужуду ошондой болот. Демек, Фалестинди кызганган ар бир калыс мусулман колду колубузга сунуунун учуру келди. Биз биргеликте бул өкүмдарларды кулатышыбыз жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелешибиз керек. Халифалык гана, биз, мусулмандарды жана Фалестинди колонизаторлордун жана алардын жуундукорлорунун кишенинен азат кылат о.э. Умматтын тартып алынган күч-кубатын жана бийлигин кайтарып берет».

 Роя гезити, №426, 2022-жыл, 18-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here