АКШ (Израил)ди каралаган депутатты жазалады

910
0

АКШ (Израил)ди каралаган депутатты жазалады

АКШнын биринчи хижабдуу депутаты катары таанылган Илхан Умар (Израил)ди сындаганы үчүн тышкы мамилелер комитетинен чыгарылды. Бул тууралуу ВВС маалымат агенттиги кабарлады.

 (Израил)дин айрым саясаттарын сындаганы жана антисемиттик комментарийлери үчүн Республикачылар Илхан Умарды тышкы мамилелер комитетинен четтетүүгө добуш беришти. Натыйжада Миннесота штатынан АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын мүчөлөрүнүн бири болгон Илхан Умарды 218 добуш менен тышкы мамилелер комитетинен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынды жана Американын тышкы саясаты жөнүндө сүйлөөгө татыксыз деп табылды. Республикачылардын айтышынча, Илхан Умар (Израил)ге каршы оор билдирүү тараткан.

Комментарий: Мындай окуялар “Сөз эркиндиги”, “Бийлик элдики” сыяктуу демократиялык баалуулуктар жалган экендигин күндөн-күнгө ашкерелеп жатат. Негизи, демократия жана анын принциптери жалган. Анткени, ал белгилүү бир тараптар үчүн кызмат кылып, башкалардын баалуулуктарын таптакыр этибарга албайт. Эгер Илхан Умар Куранда келген яхудийлер жөнүндөгү аяттарды каралап чыкканда, анда дароо “Сөз эркиндиги” шылтоосу менен алкыштарга татыктуу болмок.

Батыштын “Бийлик элдики” деген сөзү да кудум ушундай. Качан гана өздөрүнүн кызыкчылыгына туура келсе, “Бийлик элдики” деп жар сала башташат. Эгер тескерисинче болсо, билмексен болуп калышат. Бийлик чындап эле элдики болсо, мисалы, Мисирде элдин көпчүлүгү Мурси бийлигин каалап турса да, аскерлер андан бийликти күч менен тартып алган кезде демократиялык Батыш мамлекеттери эмне үчүн унчугушпады? Себеби, алардын кызыкчылыгы ушуну талап кылат болчу. Эмне үчүн Сирияда элдин 90 пайыздан көбүрөөгү Шариятты колдонууну талап кылган кезде АКШ жана Европа башында турган демократияны дааба кылуучу мамлекеттер Сирияга кутуруп чабуул кылышууда? Себеби, бул алардын кызыкчылыгына туура келбейт. Батыш мамлекеттериндеги бийликти өз колуна алган капиталисттердин башка мамлекеттерди колония кылуу жана байлыктарын талап-тоноо үчүн демократияны маска кылып алышканы жашыруун сыр эмес.

Кээде Исламий өлкөлөр үстүнөн өкүм жүргүзүп жаткан режимдердин залимдиги, өз калкын репрессия кылышы мусулмандар аң-сезиминде Батыштын жасалма демократиясына умтулуу пайда кылышы мүмкүн. А бирок унутпашыбыз керек болгон нерсе, ушул залим режимдердин ар бири ошол демократияны кооздоп көрсөтүп жаткан Батыш мамлекеттеринин бирине көзкаранды жана алардын көрсөтмөсү негизинде аракет кылат. Мындан тышкары, үчүнчү дүйнө мамлекеттери сыяктуу алсыз калктарды карамүртөздүк менен колония кылып жаткан жана алардын башына балээлерди жаалырып жаткан Батыш өкмөттөрүн бийликке алып келген нерсе да кудум ушул демократиянын дал өзү. Демократиялык Батыш мамлекеттеринин колонизатордугу себептүү ири өлчөмдөгү кен байлыктарга ээ болгон Африка мамлекеттеринин калкы кандай жакырчылыкта жашап жаткандыгын айтып отурууга кажет жок деп ойлойм.

Негизи, мусулмандардын милдети демократияга умтулуу эмес, тескерисинче Исламды колдонуу үчүн аракет кылуу. Мына ошондо сасыган демократияны арзуу кылганы орун калбайт. Бир кездерде Ислам көркөм көрүнүштө колдонулган замандарда мусулмандар демократияга да, андан башкасына да эч кандай муктаждык сезишпеген. Тескерисинче, бардык улуттар мусулмандардын көркөм хазаратына умтулуп жашашкан.

Ушундай болгон соң, бүгүнкү күндө да мусулмандар демократияны четке кагышы жана анын “демократия – бул эркиндик”, “демократия – бул азаттык”, “демократия – бул Шуро” “демократия – бул Үммөт межлиси” деген жалгандарына алданып калбашы керек.

Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here