Туура минхаж негизинде аракет кылып жаткан алсыздарга аталган сыйлык

322
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Туура минхаж негизинде аракет кылып жаткан алсыздарга аталган сыйлык

 Шейх Исам Амира

Аллах Таала айтат:

﴿وَنُرِيدُ أَنْ نَمُنَّ عَلَى الَّذِينَ اسْتُضْعِفُوا فِي الْأَرْضِ وَنَجْعَلَهُمْ أَئِمَّةً وَنَجْعَلَهُمُ الْوَارِثِينَ * وَنُمَكِّنَ لَهُمْ فِي الْأَرْضِ وَنُرِي فِرْعَوْنَ وَهَامَانَ وَجُنُودَهُمَا مِنْهُمْ مَا كَانُوا يَحْذَرُونَ﴾

«Биз болсо ал жерде кордолгон кишилерге камкордук кылууну, аларды (кордук, бечаралыктан чыгарып, адамдарга) башчыларга айлантууну жана аларды (Фиръавн мүлкүнүн) мураскорлору кылууну каалайбыз. Дагы аларды ошол жерде жайгаштырып, Фиръавн жана Хаманга о.э. экөөсүнүн аскерлерине (Бани Исраил) тарабынан өздөрү корккон нерсени (т.а. мал-дөөлөттөрү колдорунан чыгып, өкүм-салтанат Бани Исраил коомунун колуна өтүшүн) көрсөтүп коюуну (каалайбыз)»                                                                                                                [28:5-6]

﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُم فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُم مِّن بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْنًا يَعْبُدُونَنِي لَا يُشْرِكُونَ بِي شَيْئًا وَمَن كَفَرَ بَعْدَ ذَلِكَ فَأُوْلَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ﴾

«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн (итикаддуу) заттарды халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. «Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин куфрону (ниъмат) кылса, анда, алар фасыктар»                                                [24:55]

Өтө көптөгөн тафсир уламалары ушул аяттарга түшүнбөстүккө таптакыр орун калтырбай турган түрдө түшүндүрмө беришкен. Ушул түшүндүрмөдө шаръий өзгөрүү жасоо тарыйкатына ылайык аракет кылып жаткан алсыз момундардын тагдыры шексиз Халифалык, үстөмдүк жана коопсуздук болорун айтышкан. Алсыздарды кемсинтип, маскаралаган жана куугунтуктаган текеберлердин тагдыры кыйроо болорун жана өлкөлөрү ойрон кылынышын, алсыздардын колунда кор болуп, шерменделик менен аякташын, бул Аллах Субханаху ва Тааланын убадасы жана буйругу о.э. алсыздар менен текеберлерге койгон өзгөргүс мыйзамы экенин… баян кылган.

Жогорудагы биринчи аят жөнүндөгү муфассирлердин тафсирлерин кыскача көрсөтүп өтөбүз:

  • Тафсири муяссар: «Фиръавн кордоп алсыз кылган адамдарга Биз фазилет көрсөтүүнү, изгиликтин жетекчилери жана даъватчылары кылууга о.э. Фиръавн өлгөндөн кийин жер жүзүнүн мураскорлоруна айлантууну каалайбыз».
  • Тафсири Саъдий: «Алардан алсыздыкты арылтабыз, аларга каршы күрөшкөндөрдү кыйратып, каршы чыккандарды кор кылабыз. Динде ﴿وَنَجْعَلَهُمْ أَئِمَّةً﴾ «аларды башчыларга айлантуу», жер жүзүндө ﴿وَنَجْعَلَهُمُ الْوَارِثِينَ﴾ «мураскорлору кылуу», алар акыбеттерин Ахыреттен мурда бул дүйнөдө эле көрүшөт».
  • Васити Тантавий: «Кийин Хак Субханахунун каалоо жана хикматы талап кылган нерселерди т.а. залим коомду коркутуусун – алар канчалык этият болушпасын, сактанышпасын – шексиз ишке ашырышын о.э. мазлумдар бардык оор зулумдарды башынан өткөрүшкөндөн кийин куткарышын баян кылды».
  • Тафсири Багавий: «﴿وَنَجْعَلَهُمْ أَئِمَّةً﴾ «аларды башчыларга айлантабыз» адамдар ээрчий турган изгиликтин жетекчилерине айлантуу. Катада «валийлер жана падышаларга» айлантуу деген».
  • Тафсири Ибн Касир: «Аллах Таала муну алсыздардын колу менен жасады. Аллахтын өкүмү жана калеми Фиръавн Мусанын колу менен кыйроого учурашын жазып койгон. Ал тургай, (эй, Фиръавн) сен пайда болушунан коркуп, ал себептүү миңдеген ата-энелерди кырган ошол бала сенин төшөгүңдө өсүп-чоңойду, сенин тамагыңды жеди, сен аны эркелетип, тарбияладың, бирок, сенин өлүмүң, кыйрашың жана аскерлериңдин кыйрашы ушул баланын колу менен болду… Муну Роббиң ар ишке кудуреттүү, ар иште үстөм экенин, күч-кудурети чексиз экендигин, Ал эмнени кааласа, болорун, эмнени каалабаса, болбошун билип коюшуң үчүн кылды».
  • Тафсири Куртубий: «Т.а. биз аларга фазилет жана берешендигибизди көрсөтүп, башчыларга айлантабыз. Ибн Аббас: «Изгиликтин жетекчилери, валий жана падышалар» деди. Мужахид болсо: «Изгиликке чакыруучулар» деди».
  • Тафсири Табарий: «Бул аяттын мааниси ушул: белгилүү болгондой, Фиръавн жер жүзүндө чектен чыгып, Бани Исраил сыяктуу жер калкынын бир тайпасын кыйратып, алсыз абалга салган. Ошондуктан, Аллах Таала «Биз Фиръавн алсыз кылган Бани Исраилге камкордук кылууну жана аларды башчыларга айлантууну каалайбыз» деп айтууда».
  • Тафсир ибн Ашур: «Камкордук кылууну төрт нерсеге хостоду: аларды башчыларга айлантуу, мураскорлорго айлантуу, жер жүзүндө жеңүүчүлөргө айлантуу жана алардын колу менен Фиръавн падышалыгын жок кылуу».

Экинчи аят жөнүндөгү муфассирлердин тафсиринен кыскача айтып өтөбүз:

  • Тафсири муяссар: «Аллах ыйман келтиргендерге жана салих амалдарды кылгандарга, алардан мурунку Аллах жана расулдарына ыйман келтиргендерди кылгандай, мушриктердин жеринин мураскорлору жана ал жердин халифалары кылууну убада кылды. О.э. алар Аллахка ибадат кылып, итаат кылуудан чыкпай, Ага эч нерсени шерик кылышпаса, аларга Ислам динин дин кылып берүүнү жана кооптуу абалдарын коопсуз, бейпил абалга өзгөртүүнү да убада кылды».
  • Тафсири Саъдий: «Бул Аллахтын чыныгы убадаларынын бири болуп, анын чечмеленишине да, хабарына да күбөлүк бар. Бул Умматтан кимде-ким ыйман келтирсе жана салих амал кылса, Аллах аларды жер жүзүнө халифа кылууну убадалады. Т.а. ушул убадага ылайык, алар жер жүзүнүн халифалары болуп, жердин иштерин башкарышат. Аллах аларга Өзү ыраазы болгон динди-Исламды үстөм кылат, алардын кооптуу абалдарын тынч абалга алмаштырат».
  • Васити Тантавий: «Бул аяттын өңүтү Аллах чынчыл момундарга таптакыр тескери иш кылбаган убадасынан турат».
  • Ибн Касир: «Бул Аллах Таала Расула ﷺга «сенин Умматыңды жер жүзүнө халифа кыламын» деген убадасы. Т.а. алар адамдарга имам-башчы жана валий болуп, алар менен өлкөлөр оңдолот, өнүгүп-өсөт жана аларга бүткүл адамдар моюн сунуп баш ийишет».
  • Тафсири Багавий: «Т.а. Аллах аларды араб-ажам кафирлеринин жерине мураскор кылууну, аларды жер жүзүнүн падышаларына, саясатчыларына жана ээлерине айлантууну убада кылды. Убада кылып убадасын аткарды, динин үстөм кылды, авлия-досторуна нусрат берди жана аларды кооп-коркунучтан кийин коопсуздукка жана кеңдикке алып чыкты».
  • Тафсири Ибн Касир: «Бул Аллах Таала Расулу ﷺга «сенин Умматыңды жер жүзүнө халифа кыламын» деген убадасы. Т.а. алар адамдарга имам-башчы жана валий болуп, алар менен өлкөлөр оңдолот, өнүгүп-өсөт жана аларга бүткүл адамдар моюн сунушат, адамдар кооп-коркунучтуу абалдан коопсуз жана өкүмдарлык абалга өтүшөт».
  • Тафсири Куртубий: «Ибн Арабий айтат: «Биз аларга айттык, бул Аллахтын Пайгамбарлыкты, Халифалыкты берүү о.э. динди жана шариятты тикелөө туурасындагы убадасы. Аллах алардын ар бирин Өзүнүн кадары менен жана ар биринин абалына карап убадасын аткарды». Ибн Арабий сөзүнүн аягында айтты: «Чындыгында, алар мазлум-жеңилишкен эле, кийин жеңүүчүгө айланышты, издөөдө эле, кийин издөөчүлөргө айланышты. Демек, бул коопсуздук жана азиздиктин чокусу».
  • Тафсири Табарий: «Бул аларды араб-ажам мушриктеринин жерине мураскор кылуу о.э. жер жүзүнүн падышаларына жана саясатчыларына айлантуу үчүн».

Бирок, бул мыйзам ар кандай алсыз кишиге түшпөйт. Тагырагы, алсыз киши ыйман келтирген жана туура минхаж боюнча өзгөрүү үчүн амал кылып жаткан киши болушу шарт. Туура минхаж Аллах Азза ва Жалла Өз Расулу ﷺга Меккеде турганда түшүргөн вахийи болуп, анда Курайш тогуттарына, алардын батыл акыйдаларына, адашкан ибадаттарына жана туура эмес мамилелерине каршы күрөшүүнү вахий кылды. Бул вахийди ал затка жана ал зат менен уюм катары бирге жүргөн мусулмандарга бир катар буйрук жана кайтаруулар алкагында жиберди. Бул буйрук жана кайтаруулар даъват амалынын ачкычтарынан болуп, ал «إقرأ» «оку» калимасынан башталып, «أنْذِرْ» «эскерт», «قُمْ» «тур», «أعْرِضْ» «жүз үйрү», «اخْفِضْ» «итааттуу бол», «تَوَلَّ» «баш тарт», «طَهِّرْ» «аруула», «اهْجُرْ» «ташта» жана башка калималарга чейин уланды, ошентип Мадинаи Мунавварага хижрат кылуу буйругуна жетип келди… Ал жерде даъват нусрат-жардам менен бекем байланып, биринчи Ислам мамлекети тикеленди… Ошондо мусулмандар халифа кылуу, үстөмдүк, коопсуздук убада кылынган сыйлыкка жетишти. Бул өзгөргүс мыйзам болуп, алардан кийин да минхаж боюнча амал кылган ар бир алсыз момунга берилди, мындан кийин да – Нуъман ибн Баширден риваят кылынган жабыр-зулумдук кылган падышалыктан кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык келиши туурасындагы хадисте келгендей – албетте бул сыйлыкка жетүү мүмкүн.

Биз да бүгүнкү күндө Аллахтын уруксаты менен ушул минхаж негизинде аракет кылып, кафирлер жана алардын жардамчыларынын азарларына сабыр кылып, Аллах жана Расулунун убадасын күтүп турабыз. Муну менен өкүм кылуучу Аллах биз менен кафирлер жана алардын жардамчыларынын арасында өкүм кылып берет о.э. бул даъватка кудум хазраждыктардай күч-кубат ээлерин пайда кылып, муну менен даъватыбыз үчүнчү Акаба байъатында болгондой күч-кубат ээлери менен бекемделип, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык тикеленет. Оо, ааламдар Роббиси, бул күндү жакын кылып, бизди ошол күндүн күбөсү жана аскерлеринен кылгын.

 Роя гезити, №421, 2022-жыл, 14-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here