Россия “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна катышууну каалайт

2035
0

Россия Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна катышууну каалайт

 Кабар: Россия “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна катышмакчы болуп жатат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

 Анын айтымында, мамлекет келечекте 1860 мегаватт электр энергиясын өндүрө ала турган ГЭСти куруу боюнча мегадолбоорду баштап жатат.

 «Эгер ГЭС курулса, өзүбүз колдонобуз. Ал эми катышуучулар курулушка канча салым кошсо, ошончо электр энергиясын алышат. Азыр Орусия дагы бизге кат жазып, кошулуп, каржыламакчы болуп жатат», – деди Таалайбек Ибраев.

Комментарий: 2016-жылдын август айында Россия ошол кездеги экономикалык абалында келишимдеги ири долбоорлорду каржылай албастыгын моюнга алган соң, Кыргызстан өкмөтү 31-декабрда “Камбар-Ата-1” жана Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын куруу жана эксплуатациялоо боюнча Россия менен түзүлгөн келишимдерди жокко чыгарып, ГЭСтердин курулушуна кеткен 37 миллион долларды Россияга кайтарып берүү керектигин билдирген.

 Садыр Жапаровдун 2021-жыл, 11-12-марттагы Ташкентке сапарынын алкагында “Камбар-Ата-1” ГЭСин биргеликте куруу боюнча келишим түзүлгөн. Кийинчерээк, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да ГЭСти биргеликте курууга кызыгуусун билдирип, үч мамлекет ортосунда “Камбар-Ата-1” ГЭСин биргеликте куруу боюнча келишим түзүлдү. Быйыл 6-январь күнү Кыргызстандын Энергетика министрлигинде Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын энергетика министрлеринин жолугушуусу өтүп, анда Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев, Казакстандын энергетика министри Болат Акчулаков жана Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушун талкуулап, долбоордун жол картасы боюнча келишимге кол коюлду.

 Ошондо министр Таалайбек Ибраев: “Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу коңшу үч өлкө үчүн пайдалуу, өзгөчө Кыргызстан үчүн десек болот. Себеби, биздин өлкө электр энергиясын импорттогон эмес, экспорттогон өлкөгө айланышы керек.  “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга даярдык иштери, жол, көпүрө салуу, электр линияларын тартуу, куруу аянтчалары даярдалууда. Анын кубаттуулугу 1860 МВ””, – деген эле.

 Борбор Азиядагы үч республика “Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу боюнча чечим кабыл алып, бул жолдо алгачкы кадамын таштаганда Россия дароо “ишке шерик” боло калып, долбоордун көзөмөлүн колго алуу аракетин баштады. Негизи, Россия буга чейин мындай ири долбоорду ишке ашыра албастыгын билдирген болчу. “Камбар-Ата-1» ГЭСи стратегиялык мааниге ээ болуп, кайсы мамлекет муну колуна алса, биринчиден үлкөн кирешеге ээ болот, экинчиден расмий өкмөткө таасирин күчөтүүгө жетишет. Ошол себептен да Россия ГЭС сыяктуу маанилүү стратегиялык объектини башка мамлекетке оңойчулук менен тапшырып койбойт о.э. ГЭСти бул үч республика биригип өз алдынча куруп алышына да жол бербейт.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here