Камсыздандыруу – капитализм чириндилеринен

1898
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

 Камсыздандыруу – капитализм чириндилеринен

Кыргызстанда 1-январдан тартып “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам (ор. ОСАГО — обязательное страхование автогражданской ответственности) күчүнө кирди. Демек, кыскача айтканда, “ОСАГО” мыйзамы иштей баштады.

Камсыздандыруу – бул капиталисттик экономика мыйзамдарынын бири.

Өмүр, товар, мүлк же башка бир нерсени камсыздандыруу бүтүмү – бүтүмдөрдөн бир бүтүм. Ал камсыздандыруу компаниясы менен камсыздандыруучу адамдын ортосундагы бүтүм. Кайсы бир адамдын товар же мүлкүнө зыян жеткенде, камсыздандыруучу компаниядан анын өзүн же акчасын, өмүрү же ден соолугу үчүн болсо белгилүү бир каражатты беришине кепилдикти талап кылат. Бул иш белгилүү бир каражат акысына белгилүү бир мөөнөттү белгилеп койгон учурда болот. Компания бу талапты кабыл алат. Мына ушул сунуш жана кабылга ылайык, камсыздандыруу компаниясы – эки тарап келишкен белгилүү бир шарттар боюнча – зыянга учураган нерсенин же өзүн, же акчасын, же келишилген каражатты төлөөгө убада берет.

Камсыздандыруунун акыйкат-вакиъси мына ушул. Эгер аны текшерип чыксак, анын эки тараптан батыл экендиги айкын болот:

Биринчиден, ал бүтүм. Себеби, ал эки тарап ортосундагы келишим болуп, сунуш жана кабылды да өз ичине алат. Сунуш камсыздандыруучу тарабынан, кабыл болсо компания тарабынан болот. Демек, бул бүтүм шарият боюнча дурус болушу үчүн, ал бүтүмдүн шаръий шарттарын өз ичине алышы керек. Ал шарттар бар болсо дурус болот, эгер жок болсо, болбойт. Шаръий бүтүм нерсенин өзүнө же кызыкчылык негизине түзүлүшү керек. Андай болбосо, ал батыл болот.

Экинчиден, компаниянын өзгөчө шарттар астында камсыздандыруучуга убада бериши – кепилдик түрүнөн болуп саналат. Моюндагы милдетти б.а. мажбуриятты аткарууда кепилдикке алуучунун жоопкерчилиги кепилдикке алынуучунун жоопкерчилигине кошулушу – кепилдик деп аталат. Ал шаръий кепилдик болушу үчүн, андан да кепилдик жаатындагы шаръий шарттар табылышы керек. Табылса дурус болот, табылбаса – жок. Демек, жоопкерчиликтин жоопкерчиликке кошулушу о.э. кепилдикке алуучу, кепилдикке алынуучу жана кепилдик берилүүчүнүн болушу шарт. Кепилдикке алуучу мойнундагы мажбуриятты акысыз аткарышы шарт.

Камсыздандырууда бу кепилдик шарттарынын бири да табылбайт.
Ошондуктан, өмүрдү болобу, товарды болобу, мүлктү болобу, башканы болобу – камсыздандыруунун бардык түрү шаръан харам. Анткени, анын бүтүмү батыл. Камсыздандыруу компаниясынын бүтүм талабы менен бере турган убадасы да шаръан батыл. Ушуга ылайык, ушул бүтүм жана убада аркылуу алынган каражат шаръий болбогон жол менен табылган киреше эсептелип, аны жеш харам.

Азыр Кыргызстанда өкүм жүргүзүлүп жаткан конституцияда дин мамлекеттен ажыратылган жана мүмкүн болушунча динге тескери өкүмдөр кабыл алынышына аракет кылынат. Кыргызстанда калктын 90%дан ашыгы мусулмандар болгондугу үчүн, негизги каршылык да Исламга карата болот. Мисалы, жакында эле Куранда жана хадистерде харам экендиги ачык баян кылынган “казино” кумар оюндары тууралуу мыйзам кабыл алынды. Жана муну көпчүлүк депутаттар президент  башкаруусунда колдоп-кубаттады. Камсыздандыруу да так ушундай мусулмандар үчүн харам болгон мыйзам долбоорлорунан. Түпкүлүгүндө, мындай мыйзамдар калктын канын соруш үчүн капиталисттер тарабынан ойлоп табылган долбоорлордон. Кыргызстандагы башкаруу дал ушундай долбоорлорду ишке ашыруу менен капиталисттерге кызмат кылып берүүдө. “Элге жеңилдик” деген алдоо менен элдин каражатын капиталисттик компанияларга кош колдоп тапшырууда.

Азыр Кыргызстанда 1 мамлекеттик, 9 жеке компания лицензия алып, айдоочуларга полис берүүгө акылуу болушту. Статистикалык маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 1млн 400 миң автомобиль бар. Орто эсеп менен, булардын ар биринен полис үчүн 2 000 сомдон топтолду дейли. 2 млрд 800 млн сом болот. Бул сумма компаниялардын жылдык кирешеси (доход) болуп саналат. Жол кырсыгы болсо 2022-жылы 11 айда орто эсеп менен 6 500 жолу катталып, 10 000 адам жаракат алган. (Муну бир жылдык статистика деп алалы). Кырсыкта өлгөндөрдүн саны 600, анын ичинен 70и жаш балдар. Эми ушул эсепте канча төлөм төлөнүшүн максималдуу түрдө эсептеп көрөлү:

Каза болгон 570 кишиге 300 000 сомдон = 171 млн сом болот.

70 жаш баланы “майып бала” категориясында эсептесек, 200 000 сомдон = 14 млн сом болот

Майыптардын саны 1 жылда орто эсеп менен 400 болууда.

Демек, 1-топтогу майыптарды 100 деп алсак, аларга 200 000сомдон = 20 млн. сом

2-топтогу майыптарды да 100 деп алсак, аларга 150 000 сомдон = 15 млн. сом

3-топтогу майыптарды 200 деп алсак, аларга 100 000 сомдон = 20 млн. сом

Салык 2% = 56 млн. сом

Иш жүргүзүүлөргө 4 млн сом кетсин деп алалы.

 171+14+20+15+20+56+4 = 300 млн

Бул 300 млн сом камсыздандыруу компанияларынын жылдык чыгашасы (расход) болду.

Эми кирешеден чыгашаны алып таштайбыз:

2 млрд 800млн – 300 млн = 2 млрд 500 млн

Бул компаниялардын жылдык пайдасы (прибыль) болду.

Компания банкрот болбошу үчүн төлөмдөр белгилүү бир суммага чектелген.

Мисалы, бирөөнүн кымбат автомашинасына 1млн сомдук зыян келтирсең, сени камсыздандырган компания анын 150 миң сомун гана төлөп берет. Калганын өзүң төлөшүң керек. Демек, ОСАГО мыйзам долбоору адамдарга камкордук кылуу үчүн иштелип чыгылбастан, балким, капиталисттик компанияларга калк каражатын топтоп бериш үчүн иштелип чыкканы ачык-айкын көрүнүп турат.

Эй Кыргызстан калкы!

Эң оболу, мындай мыйзам долбоорлору силерди харамга жетелейт. Жада калса, экономикалык жактан да эч кандай пайда бербейт, балким зыян келтирет. Мындай мыйзамдар инсаниятты төмөндүккө гана жетелейт. Демек, мындай долбоорлорго каршы тургула! Кыргызстандагы Хизб ут-Тахрир силерди түбөлүк бакытка алып бара турган Ислам азиздигине чакырат. Ал үчүн туура жолдогу рошид Халифалыкты кайта тикелөө ваажиб.

Эй акимдер!

Ислам өкүмдөрүн колдонуп, мусулмандардын каражаттарын өндүрүшкө, өнөржайга, завод жана фабрикалар курууга багыттоонун убагы келбедиби?

Эй мусулмандар!

Ислам өкүмдөрүнө амал кылуу, исламий жашоону алып келүү, Аллахтын раазылыгына жетишүү мезгили келбедиби?

“Эй момундар, Аллах жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (т.а. динге) даъват кылган чакта, аны кабыл алгыла”

Хизб ут-Тахрир – Кыргызстан

  1. 01. 2023

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here