Швецияда Куран өрттөлдү
Швецияда Расмус Палудан Түркиянын Стокгольмдогу элчиканасынын алдында Куран китебин өрттөдү. Палудан Стокгольмдогу Түркия элчиканасынын алдында митинг уюштуруу жана Куранды өрттөө үчүн Швеция полициясынан уруксат алган. Швеция өкмөтү сөз эркиндигинин бир бөлүгү катары Палуданга бул ишке уруксат берип, аны полиция аркылуу коргоду.
Ошол уруксат негизинде элчикана имаратынын жанында митинг уюштурган Палудан митингчилердин алдында сөзгө чыгып, өзүнө нааразылык билдирген түрк жарандары менен мусулмандарга да мамилесин билдирди. Палудан сөз сүйлөгөн аймакта кеңири масштабдуу коппсуздук чаралары көрүлүп, ленталар менен тосулду жана айланага көптөгөн полициячылар жайгаштырылды.
Комментарий: Батыштын “сөз эркиндиги” шылтоосунда Палудандын бул жийиркеничтүү ишин акташы анын эки жүздүү мунафыктыгын дагы бир жолу көрсөттү. Себеби, Куранды өрттөө же Расулуллах ﷺды карикатура кылуу сыяктуу мусулмандардын ыйык нерселери кордолгондо дароо “сөз эркиндиги” пайда болот. Ал эми өздөрүнө келгенде болсо, “сөз эркиндиги” деген нерсе унутулат. Мисалы, бир элестетип көрүңүз, эгер ошол наалаты Расмус Палудан «холокост» жана анын натыйжаларын каралап чыкканда эмне болмок, албетте өкмөт анын колуна кишен салып, ишин сотко ашырат болчу. Нацистердин крематорийлерин четке каккан тарыхчы Дэвид Ирвингдин 2006-жылы 20-февралда Австрия соту тарабынан 3 жылга камалышы, же 2012-жылы холокост түшүнүгүнө каршы пикир билдирген Силвия Столз 1 жыл 8 айга камалышы, же холокостту четке каккан 94 жаштагы активист Урсула Хафербектин 2022-жылы бир жылга камалышы, немецтердин яхудийлерге каршы кылмыштары жалган деген тыянакка келген Француз философу Роже Гародиге чөң өлчөмдөгү айып пул салынышы, булардын бардыгы “сөз эркиндиги” куру жомок экендигин көрсөтүп турат.
Эгерде азыр мусулмандардын башын бириктирген бир Халифасы болгондо, куфр калкы Ислам жана анын ыйык нерселерине каршы ушундай иштерге батына алат беле?! Албетте, жок! Себеби, Халифа мусулмандарды ар кандай чабуулдардан коргой турган калкан болуп эсептелет. Расулуллах ﷺ айтат:
«إِنَّمَا الْإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مَنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»
«Имам – анын артында туруп согуш кылына турган жана аны менен коргонула турган калкан» (Муттафакун алайх).
Бул калкан мусулмандарды дээрлик 1400 жыл коргоду. Муну Халифалыктын тарыхы тастыктап турат. Качан бул калкан тикеленсе, Аллахтын изни менен мусулмандар дагы кайрадан азиздикке жетери анык.
Зохид Заргар