Жапаров электр энергиясынын баасы кымбаттай турганын билдирди

3249
0

Жапаров электр энергиясынын баасы кымбаттай турганын билдирди

         Президент Садыр Жапаров фейсбуктагы баракчасы аркылуу электр энергиясынын тарифи май айынан тарта көтөрүлө турганын билдирди.

         Анын айтымында, ушул жылдын май айынан баштап, электр энергиясына болгон тариф 0,77 тыйындан 1 сомго көтөрүлөт. Бүгүнкү күндө өндүрүлгөн электр энергиянын өздүк наркы Токтогулда чыккан жерде 21 тыйын. Ал эми, үйлөргө жеткенге чейинки чыгымдар кошулуп 1 кВт саат электр энергиянын өздүк баасы 2 сом 38 тыйынды түзөт.

         Жапаровдун билдирүүсү Кыргызстандын бардык аймактарында маал-маалы менен свет өчүрүлүп жаткан учурга туш келди. Айрым жарандар жарык күн сайын 4-5 жолу өчүп жатканын айтышууда.

         Кыргызстанда электр энергиясын кымбаттатуу маселеси соңку бир нече жылдан бери көтөрүлүп келген. Акыркы жолу 2021-жылы октябрь айында электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тарифтер күчүнө кирген. Ага ылайык, аз камсыз болгон 110 миң үй-бүлө 700 кВтка чейин 50 тыйындан төлөп келет. Калган калк мурункудай эле 700 кВтка чейин 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 16 тыйындан төлөйт. Ал эми мекеме-ишканалар, компаниялар үчүн тариф 1 сом 68 тыйындан 5 сом 4 тыйынга чейинки тариф бекитилген. Мындай кымбаттатууларга карабай, энергетика тармагынын карызы 137 миллиард сомду түзөт.

         Түпкүлүгүндө, Кыргызстандагы энергетикалык кризистен тарифтин арзандыгынан эмес, тармактагы жемкорлукка, капиталисттердин ар кандай алдоолор акча жасап келишинен улам чыга албай келет. Мындай коррупциялык аракеттер 1997-жылы “Кыргызэнерго” ишканасы Дүйнөлүк банктын сунушу менен үчкө бөлүнгөндөн кийин дагы да күчөгөн. Маселен, “Электр станциялар” ишканасы электр энергиясынын ГЭСтерде өндүрүлгөн өздүк наркын ар кандай алдоо жолу менен эсептейт да, айырманы тиешелүү чиновниктер сол чөнтөккө солошот. Экинчи тараптан капитализмдин табиятына ылайык, ГЭСтерди жеке менчик колуна карматуу үчүн, ишкананы банкрот кылуу максатында жыл сайын чыгашалар ашыра эсептелет.

         “Электр тармактар” акционердик коому ишканасы болсо өндүрүлгөн энергияны жогорку чыңалуудагы электр зымдары аркылуу бөлүштүрүүчү компанияларга жеткирип берүүдө пайданы өөнөп калат. Маселен, “табийгый” жоготуу 5% дын айланасында деп эсептейт. Ал эми, адистердин айтымында, жогорку чыңалуудагы чубалгылар менен жеткирип берүүлөрдүн чыныгы табигый жоготуусу 1% айланасында эле болот. Демек, мындагы жоголгон 4% электр энергиясын чиновниктер чет өлкөлөргө сатып жиберишет.

         Ал эми бөлүштүргүч компаниялар электр энергиясын 35 тыйындан 42 тыйынга чейин сатып алат. Булардын ичинен мамлекеттик ишканалары “табигый жоготуу” шылтоосу менен уруп калышат. Мындай жоготуу бир учурда 50%га чейин чыккан. Азыр болсо 22%дын айланасында экени айтылууда. Бул деле 3 миллиард кВт саат, тактап айтканда, бүтүндөй бир Күрпсай ГЭСинин иштеп чыккан энергиясы дайынсыз жоголот дегенди түшүндүрөт. Ал эми, жеке менчик компанияларда “табигый жоготуу” дээрлик болбойт. Анткени, алар энергияны сатып алгандыктан, мамлекеттик ишканалар сыяктуу «табигый жоготуу»ларга кызыктар эмес.

         Өлкөдө, бөлүштүрүүчү компаниялардан сырткары, аларга кардар болгон ортомчу компаниялар иш алып барат. Бул ортомчу жеке ишканалар деле элдин эсебинен марыган ишканалар болуп саналат. Алардын көпчүлүгү учурунда трансформаторлорду, ток өткөргүч линияларды текейден арзан менчиктеп алышкан. Алардын ар бири мурунку же кийинки энерго-чиновниктердин бирине караштуу.

         Мындан тышкары, чиновниктер сугат учурунда Өзбекстан жана Казакстанга суу сатып да акча жешет. Кайра кышкыга Казакстандан электр энергиясын сатып алуу үчүн келишимдер түзүп, жең ичинен дагы жейт. Мына ушундай чырмалган коррупциялык схемаларды жоюунун ордуна ар келген бийлик тарифти көтөрүү менен элдин жонунан кайыш тилүүнү эп көрүп келет. Алардын шайлоо астындагы куру ураандары убактылуу гана алдоо экени ар сапар ачыкталса да калк акыркы үмүт менен кийинки саткын саясатчыларга алданып калууда.

         Ар бир келген президенттин электр энергиясынын тарифин кымбаттатууда дагы бир жүйөлүү себеби бар. Бул тармакка алынган үлкөн каражаттар жана алардын коррупциялык жолдор менен сол чөнтөккө иштетилиши. Кыргызстан 1992-жылдан ушул кезге чейин энергетика тармагына 2 млрд доллардан ашык каражат жумшаган. Алардын негизги бөлүгү чет элдик каржы уюмдарынан кредит, ссуда, грант катары алынган. Ар сапар кредит алуу боюнча келишим түзүлүп жатканда тармакты «модернизациялоо» деген нерсе шылтоо катары айтылат. Бирок ушунча үлкөн көлөмдөгү кредиттерге карабастан өлкөнүн электр энергия тармагы оор абалда. Бул да электр энергия тармагы коррупциянын чордону экенин ырастап турат. Буга кошумча, ушул кредиттерди эл аралык каржы уюмдар өлкөдөгү тарифтерди кымбаттатуу талабы менен беришет. Маселен, өткөн жылы Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 20 миллион доллар бере турган болгондо, банктын Европа жана Борбор Азия аймагы боюнча вице-президенти Анна Бьерде мындай деген: “Арзан тарифтер зарыл болгондон да көбүрөөк колдонууга түртөт. Биз анын өзгөрүшүн колдойбуз”.

         Түпкүлүгүндө, Дүйнөлүк Банк жана башка эл аралык каржы уюмдары колонизаторлордун куралы экендиги шексиз. Колонизаторлор алардын жардамында өлкөлөрдү карызга батырып, саясий жана экономикалык кызыкчылыктарын ишке ашырышат. Ушул Дүйнөлүк Банктын сунуштары негизинде өлкөбүздөгү мамлекеттик саналган электр энергия секторун жеке тараптарга өткөрүү башталган. Алар менчиктештирүү жана тарифти кымбаттатуу менен өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын өздүк наркын кымбаттатууну да каалашат. Натыйжада, жергиликтүү ишкерлер чет элдик капиталисттердин арзан баадагы товарларына атаандаша албай калат.

         Жыйынтыктап айтканда, проблеманын негизги себеби башыбызда кара булут болуп айланган капиталисттик түзүм. Ошондой эле, тармактагы коррупциялык схемалар. Алар калктын негизги муктаждыгы болгон энергияны менчиктештирүү жана коррупциялык аракеттер менен үлкөн пайда табышууда.

         Түпкүлүгүндө электр энергиясы жалпы элдик мүлк болуп, Исламда анын пайдасына мамлекет же жеке компаниялар ээ болуусу мүмкүн эмес. Анын өзүнүн пайдасы же андан түшкөн киреше ар бир жарандын өзүнө келип түшүүгө тийиш. Исламда электр энергиясы өздүк наркы менен гана элге жеткирилет. Ал эми чет өлкөлөргө сатылган энергиядан түшкөн пайда болсо элге бөлүштүрүп берилет. Демек, калк капитализмден баш тартып, Исламды тикелөөгө аракет кылган жетекчилер аркылуу гана мындай кор абалдан чыга алат. Кайрадан элди алдаган жетекчилерге үмүт артуу болсо бир ийинден чаянга эки жолу чактыруу болуп эсептелет. Бул болсо мусулмандарга жайиз эмес!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here