Өткөөл өкмөтүн экинчи нускасы да колонизатор кафир Батыштын планын аткарууга милдеттендирилген өкмөт, андан эч кандай жакшылык күтүүгө болбойт

1968
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Өткөөл өкмөтүн экинчи нускасы да колонизатор кафир Батыштын планын аткарууга милдеттендирилген өкмөт, андан эч кандай жакшылык күтүүгө болбойт

2022-жылы 5-декабрь күнү Хартумдагы республика сарайында аскерийлер менен «Азаттык жана Өзгөрүү» күчтөрүнүн борбордук кеңеши саясий негиз келишимин түзүштү. Америкачыл генерал Бурхан реалдуу бийликтен бүтүндөй бошоп калган кызматтарга кайтууну каалаган британиячыл саясий күчтөрдү корлорчо жан берүүгө мажбур кылды.

Бул келишим Адвокаттар уюмунун башкаруу комитети үстүбүздөгү жылдын 30-августунда шашылыш түрдө иштеп чыккан конституцияга негизделет. Чет мамлекеттер аны алкыштап, «тараптарды бириктирүүгө жарактуу документ» деп макташты. Мисалы, бул конституция долбоорун АКШ жана Британия сыяктуу тогуз мамлекеттин элчиликтери жогору баалап, биргелешкен билдирүүлөрүндө мындай дешти: «Бул Адвокаттар уюмунун документинде баян кылынган негизги талаптар ишеничтүү жана майнаптуу жарандык башкаруудагы өткөөл өкмөт түзүү үчүн өтө маанилүү болуп эсептелет». (https://sudantribune.com, 2022-жыл, 11-сентябрь).

Эки колонизатор уюл (АКШ жана Британия) Адвокаттар уюму тарабынан даярдалган илманий конституция долбоору негизинде өткөөл өкмөттү түзүүгө келишип алган соң, бул уу тамак жергиликтүү колдор тарабынан даярдалды. Шексиз, бул конституция кафир Батыш хазаратына негизделген турмушту назарга алып, өлкө биримдигин бузат, байлыктары капиталисттик компаниялар тарабынан талап-тонолушу үчүн Судан дарбазаларын ачып берет. Негизи, ансыз деле өлкө калкы колдору байланып, өз байлыктарына ээ бола албай келишет!

Оо, Судан калкы!

Бул саясий келишим жана Адвокаттар уюмунун конституциясынын талабына ылайык түзүлө турган өткөөл өкмөт Судан калкына эч кандай жакшылык алып келбейт. Себеби, ал да мурункулар сыяктуу, функционалдык өкмөт болуп, колонизаторлордун планын аткарат. Ошол пландар саясий декларация жана конституцияда ушул формада иштелип чыккан:

Биринчи план: мыйзам чыгаруу жана турмуш түзүмүндө бир да шаръий өкүмдү калтырбай жок кылуу менен жашоону бир гана кафир Батыш хазараты негизинде калыптандыруу. Мисалы, бул саясий келишимде Ислам түзүмү (Халифалык) дегендин ордуна, 3-пунктта «Судан жарандык, демократиялык, федеративдик, парламенттик мамлекет, кожоюндук элдин колунда» деп жазылган. 6-пунктта «эркиндиктерди камсыздоо жана адам укуктары, өзгөчө, аялдардын укуктары туурасындагы түзүмдөрдү аткаруу» деп айтылган. Бул эски 1\3-беренедеги демократиялык куфр түзүмүнө негизделген конституциянын дал өзү. Келишимде кожоюндук улуу шарияттын колунда дегендин ордуна, 5-беренеде кожоюндук элге таандык экендиги айтылган. Шаръий өкүмдөргө чектелүү дегендин ордуна, келишимдин II бөлүгүндө 7-беренеден 33-беренеге чейин толук негизги укук жана эркиндиктер жөнүндөгү документ жазылган жана бул документ колдонууга да, 77\2-беренени бекер кылууга да жараксыз. Кыскасы, бул документтен аялдар, балдар жана эркек кишилер туурасында эски конституция буза албаган нерселерди CEDAW конвенциясы, балдардын укугун коргоо жана башка конвенциялар сыяктуулар улуу Ислам акыйдасына тескери документтер аркылуу бузуу көздөлгөн.

Экинчи план: өлкө бүтүндүгүн бузуу. Бул ушул саясий келишимдеги жана конституция долбоорунун 35-беренесиндеги федеративдик түзүмдү кабыл алуу аркылуу ишке ашырылмакчы. Себеби, федерализм бийликти бөлөт жана мамлекеттерге окшогон «вилаяттарды» пайда кылат. Ал тургай, конституция долбоорунун 1\36-беренесинде ар бир вилаяттын өзүнүн конституциясы болсун делген… Акыры, бул нерсе ар бир вилаятта бийлик үчүн регионализмдик жана уруучулук жаңжалдардын чыгышына алып келет го?!

Өлкө бүтүндүгүнүн кыйроосуна алып келген факторлордун дагы бири – долбоордун 4\2-беренесинде Жуба келишимин ушул конституцияга киргизүү зарылдыгы айтылган. Негизи, Жуба келишими өлкөнү беш регионалдык же этникалык аймактарга бөлүүгө жана 38\8-беренедеги хавакир башкаруусун камтыган текст менен өлкө бүтүндүгүн талкалоого негизделген… Негизи, Судандын чар тарабындагы уруучулук жана регионализм жаңжалдарынын жана күрөштөрүнүн себепчиси ушул Жуба келишими болгон!

Үчүнчү план: мамлекетти негизги шаръий вазыйпасынан үзүү. Бул шаръий вазыйпа – азык-түлүк, кийим-кече жана үй-жайдан турган негизги муктаждыктарды камсыздоо о.э. коопсуздук, таалим, саламаттыкты сактоону камсыздоо аркылуу адамдардын иштерине камкордук кылуу. Ошондуктан, бул саясий келишим жана өткөөл доордун конституция долбоорунда бул маселелер жөнүндө эч нерсе айтылбаган. Болгону экономикадагы бир беренеде, саламаттыкты сактоодогу бир беренеде жана билим берүүдөгү бир беренеде бул жөнүндө айтылган. Бирок, бул беренелер да мамлекеттин жоокерчилигине кандайдыр бир милдетти жүктөбөйт! Себеби, конституция камкор мамлекет үчүн эмес, салыккор мамлекет үчүн түзүлгөн.

Төртүнчү план: экономика. Эл аралык Фонду менен Дүйнөлүк Банк Суданга товар жана кызматтарга бөлүнгөн мамлекеттик субсидияны бекер кылууга, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарына бөлүнгөн каражаттарды азайтууга буйрук берүү менен адамдарга кымбатчылык, жакырчылык жана бактысыз жашоону алып келгенден кийин өткөөл өкмөт «2023-жылдагы бюджеттин директивасына ылайык, салыктарды көбөйтүү жана салыктардын көлөмүн кеңейтүү» менен адамдарды коркутууда. Алардын ниети – өлкө калкын өндүрүштөн кур жалак калтыруу жана өлкө байлыктарына ээ болушуна жол бербей, бул байлыктарды колонизатор мамлекеттердин өткөөл өкмөттөгү малайлары аркылуу ач көз капиталисттерге кош колдоп тапшыруу. Мына, өнөр жай палатасынын билдирүүсүнө ылайык, «өнөр жай палатасы өндүрүш каражаттары жана бажы төлөмдөрү жогору болгондуктан жалпы 7350 заводдун 5940ы жабылганын жарыялады»! (Франс-Пресс). Ошондуктан, эртең өткөөл өкмөт да жакырчылык, кымбатчылык жана кыйынчылыкты дагы да көбөйтүшү анык.

Оо, Судан калкы!

Аллахтын мыйзамы боюнча, өзгөрүү эч качан өз-өзүнөн болбойт. Тескерисинче, өзгөрүү жасоо үчүн алгач жашообузду түп тамырынан толук өзгөртүүчү түзүм жөнүндө пикирлөө керек. Мына ошондо улуу Ислам мабдасын жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык түзүмүн табабыз. Кийин пикирди амалга байлап, ушул аркылуу кубат ээлери болгон калыс адамдардын колу менен бийликке нукура таза Исламды алып келебиз. Аллахка тобокел кылып, Андан гана жардам сурашыбыз керек. Колонизатор кафирлердин аркандарын үзүп, жер-асманды байлашыбыз керек. Ошондо гана Аллах Субханахунун нусраты келет.

﴿إِنَّا لَنَنْصُرُ رُسُلَنَا وَالَّذِينَ آمَنُوا فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَيَوْمَ يَقُومُ الْأَشْهَادُ﴾

«Албетте Биз пайгамбарларыбызга жана момундарга дүйнө тирүүлүгүндө да, күбөлөр тура турган Күндө (кыяматта) да нусрат беребиз»                                                             [40:51]

 

Хизб-ут-Тахрир                                                                          11-жумадулаввал, 1444-х.

Судан вилаяты                                                                                      5-декабрь, 2022-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here