«Шайлоолорду шылдыңдоо» айыбы менен камакка алуулар

2085
0

Басма сөз баянаты

«Шайлоолорду шылдыңдоо» айыбы менен камакка алуулар

Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын маалымат бөлүмү «Батыш күчтөрүнүн айла-амалына жана парламенттик шайлоонун маскарапоздугуна карабастан, Уммат Исламий Халифалыкты тикелөө козголоңун улантат» деп аталган темада билдирүү жарыялады. Хизб билдирүүдө 2010-жылы 17-декабрда тунистиктердин козголоңуна кабылган режим Батышка көз каранды илманий режим болгонун баса белгилеп, ошол убактагы парламенттик шайлоо «маскарапоздук» деп атады жана ал Тунис калкына каршы кезектеги фитна экенин ачыктады. О.э. бүгүнкү президент Кайс Саид бара жаткан кооптуу жолдон сак болууга чакырып, президент Кайс Саид Франция саясатына моюп сунуп, өлкөбүздөгү өкүмдарлыгына ыраазы болуп жатканын о.э. илманий түзүмдү коргоп, Исламды башкаруудан жана мыйзамчылыктан четтеткенин баян кылды.

Хизб-ут-Тахрирдин Тунис вилаятындагы мүчөлөрү бир аптадан бери ушул билдирүүнү таратуу кампаниясын жүргүзүп жатышкан. Билдирүүнү таратуу учурунда 15-декабрь күнү Манзил-Тамим шаарынын полициясы Мухаммадамин Дабибийди камакка алып, дагы эле камакта кармап турушат. Анын камакка алынгандыгы туурасында маалымат берилбей жаткан. Андан соң анын иши «Республика президентин акаараттоо» деген айып менен сотко өткөрүлдү!

Ошол күнү (15-декабрь) полиция кызматкерлери Хизб мүчөсү Юсуф Мансурдун борбор Тунистеги дүкөнүнө бастырып кирип, билдирүү баракчаларын алып, ошол эле күнү Юсуф Мансурду «шайлоонун тынчтыгын бузду» деп сотко өткөрүштү! Кийинчерээк айыбы тастыкталбаганы үчүн аны коё беришти!

Эртеси 16-декабрь күнү козголоңдун бешиги болгон Сиди Бузид шаарында Хизб-ут-Тахрир мүчөсү Захир Абдуллах «баракча таратуу жана кастыкты козутуучу сөз сүйлөө» деген айып менен камакка алынды! Боордошубуз Захир дагы эле камакта кармалып турат, камакка алынгандыгы туурасында маалымат берилбей жатат.

Биз, Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын маалымат бөлүмүнүн мүчөлөрү, бул камакка алуулар жөнүндө ушуларды баса белгилейбиз:

  • Мамлекет президентине эске салып коёлу, Тунис козголоңунун урааны режимди кулатуу болгон, демек, бул ураанды көтөрүп чыгып, элге Ислам акыйдасы негизинде түпкү өзгөрүү жасоону талап кылууга чакырган адамдарды камакка алуу козголоңго кыянаттык болуп эсептелет.
  • Жигиттерди саясий билдирүүнү таратышканы үчүн камакка алуу мамлекет үчүн шерменделик болуп саналат. Бул, жетекчилердин бузгунчулугун о.э. өз колдору менен түзгөн мыйзам жана конституция үстөмдүгүнө баш ийүү жөнүндөгү сөздөрү жалган экендигин ачыктоодо.

Бирок, Хизбдин бул билдирүүсү чет элдик элчиликтердин тынчын бузган көрүнөт. Ошондуктан, алар кызмат үчүн бири-бирине каршы күрөшүп жаткан өкүмдар тайпага Хизбдин үнүн өчүрүү же басуу максатында жигиттерди камакка алууну буйрушкан… Демек, президент «пикир билдирген адамдарды эч качан камакка албайбыз» деген сөздөрү жалган болуп чыкты!

  • Бул бир катар камакка алуулардан дагы бир нерсе тастыкталууда, «25-июль бийлиги» да Хизб-ут-Тахрирге андан мурунку бийлик сыяктуу мамиле кылууда. Себеби, ал далилге каршы далил менен, идеяга каршы идея менен күрөшө албайт. Тескерисинче, биз бул бийлик коркутуу, үйлөргө бастырып кирүү жана душмандык кылууда полицей мамлекетинен нуска көчүрүп жатканына күбө болуп жатабыз. Кудум ал диктаторлукту кайра баштоо үчүн заман менен жарышып жаткандай. Анткени, адамдарга бул бузгунчу системанын акыйкатын көрсөтүп берүү үчүн пикирий күрөш жүргүзүп жаткан жигиттер зулум таяктарына айланган коопсуздук күчтөрү тарабынан бутага алынууда. Режим кызмат үчүн алып барылган пайдасыз күрөштү кризис деп көрсөтүүдө, түпкүлүгүндө кризис өтө татаал болуп, негизинен, учурдагы бузгунчу системада көрүнөт. Анткени, бул система – колонизаторлук жана анын малайларынын таламын алган о.э. бийликтен, мыйзам чыгаруудан жана адамдардын мамилелерин тартипке салуудан Исламды четтеткен система.

Тыянактап баса белгилейбиз, Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын мүчөлөрү Буркиба жана Ибн Али режимдерин да көрүшкөн, бирок, алардын камакка алуулары Хизб мүчөлөрүн максатынан кайтара албаган. Демек, бүгүнкү күндө алардын өлкөдө Батышка, анын мыйзам чыгаруу системасына жана жергиликтүү малайлардын өкүмдарлыгына чекит коюу жана Ислам негизиндеги рошид башкарууну тикелөө жөнүндөгү убада-шерттери мурункудан да катъий жана бекем. Мындан улам, залимдердин камактары Хизб мүчөлөрүнө эч качан таасир өткөрө албайт.

Аллах Таала айтат.

﴿يُرِيدُونَ أَنْ يُطْفِئُوا نُورَ اللَّهِ بِأَفْوَاهِهِمْ وَيَأْبَى اللَّهُ إِلاَّ أَنْ يُتِمَّ نُورَهُ وَلَوْ كَرِهَ الْكَافِرُونَ﴾

«Алар Аллахтын нурун ооздору менен өчүрмөкчү болушат, Аллах болсо, (кафирлер) каалашпаса да Өз нурун толук (ар тарапка) жаюуну каалайт»                                    [9:32]

Хизб-ут-Тахрирдин Тунистеги

маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here