بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Катарда ФИФА оюндары, ал эми, Фалестинде өлтүрүү оюндары!
Баскынчы яхудий күчтөрү бейшемби күнү Батыш Жээктеги Жанин качкындар лагерине бастырып кирип, кезектеги адам өлтүрүү кылмышын жасашты. Кол салууда эки киши шахид болду. Алардын бири Жанин катчысынын командачысы.
Бул боюнча Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестиндеги маалымат бөлүмүнүн мүчөсү доктор Мусъаб Абу Аркуб мындай түшүндүрмө берди: «Уммат арасындагы жаш фанаттар алардын командасы дүйнөлүк чемпионаттын тандоо баскычынан кийинки баскычка чыгышканы үчүн кубанып көздөрүнө жаш алып жатышканда, бул жакта яхудий вужудунун армиясы Жаниндеги алдыңкы жигиттерди жок кылууга даярданууда. Душман атайылап, жаман ниетте Уммат жаштарынын көздөрүн стадиондорго буруп койгондо, яхудий снайперлеринин көздөрү Жанин жигиттерин карап, алардын жүрөгүнө ок атууда».
Доктор Абу Аркуб Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн радиосу үчүн берген түшүндүрмөдө мындай суроо салды: «Дүйнөлүк чемпионат Катарда өтүп, ал эми, Фалестинде жигиттер өлтүрүлүүдө, бүгүнкү фанат өкүмдарлар, сарай уламалары жана жалданма журналисттер заманында бул үчүн жооп Сайкс-Пико байрактарын көтөрүп алып, стадиондордо бакыруу болобу?! Түпкүлүгүндө, чыныгы жооп – армияларды аракетке келтирип, пакиза шахиддердин каны үчүн өч алуу, мубарек жерди азат кылуу о.э. яхудий вужудун түп тамыры менен кулатуу».
Роя гезити, №420, 2022-жыл, 7-декабрь.