IGAD – Американын Африкадагы рычагдарынын бири

872
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

IGAD Американын Африкадагы рычагдарынын бири

2022-жылы 30-ноябрь күнү Хартумдагы «Corinthia» мейманканасында IGAD уюмуна кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кезектеги 48-конференциясы өттү. АКШнын Судандагы элчиси Жон Годфри конференциянын ачылыш сөзүн баштап, Африка проблемалары боюнча иш-аракеттер жана чечимдерди айтып, IGAD уюмунун бул жааттагы аракеттерин мактады. Ал IGAD уюмунун иш-аракеттерин маанилүү жана натыйжалуу деп баалап, «IGAD уюмунун Судандагы саясий жараянды жеңилдетүү, демократиялык өтүүнү кайра тикелөө жана үлгү болуу ролуна» өзгөчө басым жасады.

Хизб-ут-Тахрирдин Судандагы расмий сүйлөөчүсү устаз Ибрахим Усман (Абу Халил) Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн радиосу үчүн бул кабар тууралуу түшүндүрмө берип, ушуларды баян кылды: «IGAD анын байрагы астындагы мамлекеттерди өнүктүрүү менен алектенген орган болуп эсептелет. 1996-жылы түзүлгөн жана башкы кеңсеси Жибутиде жайгашкан бул орган «Өнүгүү жана кургакчылыкка каршы күрөш» боюнча 1986-жылы түзүлгөн өкмөттөр аралык органдын ордуна түзүлгөн. IGAD Жибути, Судан, Түштүк Судан, Сомали, Кения, Уганда, Эфиопия, Эритрия мамлекеттерин өз ичине алат жана Африкадагы регионалдык уюмдардын бири болуп эсептелет. Анын түпкү вазыйпасы азык-түлүк коопсуздугун жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыздоо болсо да, бирок, реалдуулук анын саясий ролун т.а. Американын Африкадагы рычагдарынын бири экенин көрсөтүүдө.

АКШ элчиси Хартумдагы бул конференцияда сөз сүйлөп, IGAD жана анын Судандагы саясий жараянды жеңилдетүү ролун мактагандыгы бул орган Судандагы жаңжалды америкачыл аскерийлердин кызыкчылыгына чечүүчү уюм деген пикирибизди тастыктап жатат. Элчинин демократиялык өтүү туурасындагы сөзүнө келсек, бул Судан калкын алдоодон башка нерсе эмес».

Устаз Абу Халил Судан калкына мындай кайрылуу жасады: «Силер кризистин чечимин IGAD уюмунан да, Африка Союзунан да, UNITAMSтан да, башкасынан да издебегиле. О.э. чечим АКШ элчисинде да, Британия элчисинде да, алардын өлкөдөгү малайларында жок. Силер издеген чечим силердин акыйдаңарда. Улуу Ислам акыйдасы улуу вахий өкүмдөрүн Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетинде колдонууну силерге буйруду».

 Роя гезити, №420, 2022-жыл, 7-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here