Чыныгы оппозиция менен жасалма оппозиция

853
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Чыныгы оппозиция менен жасалма оппозиция

Бүгүнкү күндөгү оппозция делип жаткан партиялардын бардыгы режимдердин көлөкөсүндө жана алардын ыраазылыгы менен аракет кылышат. Алар мыйзамдуу партия катары лицензия алган күнү эле өлкөдөгү саясий режимге – королдук башкаруу болобу, республикалык болобу, айырмасыз – ыраазылыктарын көрсөтүшкөн болот. Режимдерге ыраазы болуунун мааниси – бул конституцияга, башкаруу формасына о.э. бийликке келүү жана аракет кылуу механизмине ыраазы болуу. Андыктан, партиялар буларга ыраазы болсо, алардын эмнесин оппозиция деш мүмкүн?! Эмне үчүн алар оппозиция болушат?! Акыры, алар түпкү проблема болгон конституцияны да, өлкөдөгү башкы түзүмдү да жактырып, Аллахтын шариятын четке сүрүп, адамга берген демократияга ыраазы болуп жатышкан болсо. Демек, иш жүзүндө оппозиция жок. Болгону кээ бир нерселерде, эч нерсени чечпеген экинчи даражалуу маселелерде гана оппозия бар. Андай оппозиция режимге тарапкер партиялардын экинчи бир жүзү болуп, «режимди ичинен өзгөртүүгө болот» деп элди алдоо менен режимдин өмүрүн узартышууда. Амалий жактан болсо, режимге оппозиция болгон партия бийликке келүү менен андан мурунку режимдин эле саясатын адып барып жатат. Оболу бийликчил партиялар жаңы өкмөттүн саясатына оппозиция партияларга айланышып, өкмөткө келген убакта кайра эле ошол саясатты колдонуп жатышат. Ошентип, шайлоо өткөрүү жана бийликчил партиялар менен оппозициячыл партияларга бийликти бөлүү деген маскарапоздук менен Уммат үстүнөн күлүп жаткан өкүмдар режим бул партиялардан пайдаланып жатат. Мусулман өлкөлөрүндөгү оппозициячыл партиялардын чындыгы мына ушундай. Ырас, кыйроого алып келген Умматка колдонулуп жаткан бүгүнкү күндөгү түзүм режимдердин тарапкери жана каршылашы болгон партиялардын долбоору болгон соң, демек, Ислам Умматынын узак укташы табигый.

 Роя гезити, №420, 2022-жыл, 7-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here