بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Дүйнөлүк кубокпу же күнөөсүз адамдардын каныбы?!
2022-жылы 29-ноябрь күнү яхудий вужуду Батыш Жээкте өткөргөн кезектеги кеңири көлөмдүү операцияда мубарек жердин калкынан беш жигит шахид болду, жайырмасы жараланды.
Фалестин администрациясынын саламаттыкты сактоо министрлиги шахид болгондордун экөөсү 21 жана 22 жаштагы ага-инилер Зафир менен Жавад Раймавийлер экенин, алар Рамаллах шаарынын түндүгүндөгү Куфр Айн айылында ошол күнү эрте менен шахид болушканын жарыялады.
Кезектеги шахид 22 жаштагы жигит Раид Наъсан болду, ал Мугир айылына яхудий кошуундары бастырып киргенде өлтүрүлдү.
Дагы бири Муфид Ихлайил деген жигит алган жараатынын артынан шахид болду.
Дагы бир жигит Рамаллахтын жанындагы яхудийлерди унаа менен сүзүп кеткенден кийин шахид болду. Ошол күнү таңда башка 20 адам Халилдин түндүгүндөгү Байт Умр шаарчасында баскынчы күчтөр менен кагылышууда жараат алышты.
Яхудийлердин бул кылмыштарына түшүндүрмө берип, Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестиндеги маалымат бөлүмү өзүнүн веб-сайтында ушуларды баса белгиледи: «Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө, айрыкча, араб мамлекеттеринин режимдери футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат туурасында кайсыл тайпа ким менен беттеши, ким кимди жеңиши жөнүндөгү сөздөр менен алек… Массалык маалымат каражаттары спорт баяндамачыларын ачыктап, башка бири ким жеңишке жетиши мүмкүндүгү туурасында адамдардын ойлорун үйрөнүшү, футбол баяндамачылары болгон үнү менен жер-асманды титиретип кыйкырышы, адамдарды футбол көрүү үчүн чалгытуу… сыяктуу иштер болуп жатканда, биякта, мубарек Фалестин жеринде Батыш Жээктин чар тарабында күнөөсүз адамдардын каны төгүлүүдө. Мисалы, 24 саат ичинде 5 киши шахид болду!
Яхудий вужуду акыркы кездерде мурдагыдан да көбүрөөк Фалестин калкынын канын төгүп жатат. Себеби, яхудий вужуду анын бул кылмыштары мусулман өлкөлөрүндөгү мамлекеттер менен болгон мамилелерине эч кандай таасир кылбашын билет. Ал тургай, мусулман өлкөлөрүндөгү Эрдаган сыяктуу өкүмдарлар мусулмандардын сезимдерин толкутуу үчүн сайрап жатышкан ураандар о.э. жогоруда айтылган абалга жеткирбеши үчүн яхудий вужудуна басым кылуу максатында айтып жаткан кескин билдирүүлөрү себептүү яхудийлер менен болгон мамилелер – яхудийлер канчалык кан төгүшпөсүн, ыйык жайларды канчалык тебелешпесин – кол тийгис ыйык мамилеге айланды».
Түшүндүрмөдө дагы мындай делет: «Яхудий вужуду ушунча кылмыштарды жасаса да, Фалестин администрациясы, анын жетекчиси жана жетекчилери коопсуздук жаатында яхудий вужуду менен бекем кызматташып келүүдө. Ал тургай, алар бул вужуд ичиндеги саясий өзгөрүүлөргө тынчсызданып, яхудийлер биздин ушунча берилгендик менен көрсөткөн кызматтарыбыздан баш тартышабы деп корко турган болуп калышты. Бири-бирин сак болууга чакырып, өз милдеттерин мужахиддерди жана куралдуу топторду жок кылуу үчүн пландарды иштеп чыгуу аркылуу иш жүзүндө далилдөөгө умтулуп жатышат, Наблус, Жанин жана башка жерлерде болуп жаткандай. Фалестин администрациясындагылар яхудий вужудунун коопсуздугуна карата ар кандай коркунучту алдын алууда яхудий вужудунун ишенимин жоготпоо эң зарыл деп билишүүдө…».
Түшүндүрмөнүн акырында мындай делет: «Фалестин калкы Катарда айтылып жаткан көңүл айтууларга, колонизаторлор жасап берген Фалестин байрагынын туу көтөрүлүшүнө, стадиондордо адамдардын аларга жан тартып кыйкыруусуна муктаж эмес. Жок, Фалестин калкы сансыз мусулман кошуундары казармаларда ФИФАнын кабарларын күзөтүп жатуунун ордуна, аракетке келип, мындай абалды түп тамырынан өзгөртүп, мубарек жерди азат кылуусуна муктаж. Бул кошуундарды аракетке келтирүүгө Ислам Умматы гана кудуреттүү. Мусулман кошуундары аракетке келсе, футбол фанаттары болгон бул саткын режимдерди кулатып, алардын армиялары менен бирге, Аксаны азат кыла турган жана Фалестин калкын өлүм жана ойрон кылуу машинасынан куткара турган улуу максатка киришет».
Роя гезити, №420, 2022-жыл, 7-декабрь.