بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Шам козголоңу шерменделердин шермендесин чыгарган козголоң деп айткандар туура айтышыптыр
Түркия тышкы иштер министри Мевлут Чавушоглу Сирия режими менен мамилелердин нормалдаштыруу туурасында мындай билдирүү берди: «Максатыбыз – Сириядагы согушту токтотуу. Оппозиция Астана сүйлөшүүлөрүндө режим менен сүйлөшүү столуна отургандай, бүгүн биз да бул жараянды оппозиция менен ишке ашырып жатабыз».
Өз кезегинде, Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын маалымат бөлүмүнүн мүчөсү устаз Насиршейх Абдулхай бул жөнүндө ушуларды баса белгиледи: «Насаатчы катары көрүнгөн тил бириктирүүчүлөрдүн бардык айыптары ачылды. Шексиз, жарашуу жөнүндө тынымсыз сайрап жаткан Мевлут да, анын башындагы мугалими Эрдаган да, экөөсүнүн кожоюну АКШ да оппозиция дегенде чет элдеги оппозицияны т.а. сунулган ар кандай колду кайтарбай кармаган жана түрк разведкасы менен анын кожоюну Америкага эч качан итаатсыздык кылбаган жасалма оппозицияны назарга алышат. Шам козголоңу шерменделердин шермендесин чыгарган козголоң деп айткандар туура айтышыптыр. Себеби, бүгүн ар бир саткын, тил бириктиүүчү жана арамзанын жүзүндөгү маскасы түшүп, кимдер Уммат тарапта, кимдер Умматтын душманы тарабында экени ачык көрүндү».
Роя гезити, №420, 2022-жыл, 7-декабрь.