Басма сөз баянаты
Афган үй-бүлөлөрү ачкалыктан коргоо үчүн өз перзенттерине баңгизат берүүдө!
Британиянын «Би-Би-Cи» радиосу 2022-жылы 24-ноябрь күнү тараткан кабарда Афганистандагы кырсыктуу азык-түлүк таңкыстыгы жана кризис абдан оор экендиги жөнүндөгү отчётту жарыялады. «Би-Би-Cи» айыл аксакалы Абдулвахабдын ушул сөздөрүн ачыктаган: «Перзенттерибиз ачкалыктан уктай албай, тынымсыз ыйлашат. Бергени тамак-ашыбыз жок. Мындан улам, дарыканадан уктатуучу таблетка алып, укташы үчүн балдарыбызга ичирүүгө мажбур болуудабыз». Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Афганистанда 20 миллиондон ашуун адам – т.а. калктын тең жарымы – азык-түлүк коопсуздугу 3 же 4-даражадагы кризистен жапа чегип жатканы жөнүндө статистикалык маалыматтарды жарыялады. 5 жашка чейинки бир миллиондон ашуун бала азык-түлүк жетишсиздигинин жогорку даражасы о.э. узак убакыт аз тамактануу себептүү өлүм коркунучу астында калууда. Ачкалыктын жаштарга тийгизген таасирин жөн гана азык-түлүк жардамдарынын көлөмүн көбөйтүү менен жоюп болбойт. Медициналык жактан алганда, жетилүүсү токтоп калган балдар өлүмдөн аман калган учурда да, ден соолугуна байланыштуу олуттуу проблемаларга туш келишет. Дүйнөлүк азык-түлүк программасы билдиргендей, Гар районунда он миңдеген адамдар аз тамактануунун кырсыктуу 5-даражасына түшүп калган. Бул ачарчылыктын башталышы болуп эсептелет. Жалпы эсеп боюнча, 2022-жылдын август айынан бери афганистандыктардын 90%дан ашыгы азык-түлүктүн таңкыстыгынан азап тартып келишет. Бир нече күн тамактанбоо, азык-түлүккө акча табуу үчүн экстремалдык иш-аракеттерге баруу, алардын катарында, балдарды ишке чыгаруу кадыресе абалга айланган. Акыркы кездерде адамдар жаш балдардын кыйынчылыктарын жеңилдетүү үчүн балдарды баңгизат менен уктатууга барып жатышканы айласыздыктан кабар берет. Хират шаарында Гулам Хазрат деген бир боордош журналисттерге «Алпразалам» таблеткаларын көрсөткөн. Бул дары тынчсыздануу жана кабатырланууну токтотуу үчүн колдонулат. Бирок, бул дарыны балдар колдонсо, бөйрөк жана боор ооруларына себеп болушу мүмкүн. Андан тышкары, «эсциталопрам» менен «сертралин» таблеткаларын бир үзүм нандын баасына сатып алса болот.
Балдарга камкордук кылуунун ордуна аларды уулап жаткан мындай абал, шексиз, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык көлөкөсүндө Ислам башкаруусу жоктугунун акыбети болуп эсептелет. О.э. Америка жана башка мамлекеттер Дүйнөлүк Банк менен биргеликте Талибан 2021-жылы 15-августта бийликти басып алгандыгы үчүн санкция катары Афганистан Борбордук банкынын баалуу кагаздарын бекер кылды. «Афганистанда күчөп жаткан ачарчылык жана саламаттыкты сактоо кризиси өтө орчундуу маселе болуп, анын тамырлары банк кризисине барып такалат», – дейт «Human Rights Watch» уюмунун Азия боюнча директору Жон Сифтон. Талибандын башка мамлекеттер алдындагы деңгээлине же маанисине карабастан, эл аралык экономикалык чектөөлөр дагы эле Афганистанды кырсыкка тартып, афган калкына зыян жеткирүүдө. Афганистан Борбордук Банкы өзүнүн чет элдик валюта запастарынан пайдалануу же көптөгөн мамлекеттер аралык транзакцияларды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло албай жатат. Акыбетте өлкө чоң өтүмдүүлүк кризисинен жана банкноттордун жетишсиздигинен жабыр тартууда. Мындан тышкары, компаниялар, гуманитардык уюмдар жана менчик банктардын операциялык мүмкүнчүлүктөрүнө кеңири көлөмдүү чектөөлөр киргизилгени жөнүндө кабарлар айтылууда. Муну менен бирге, чет элдик донорлор Афганистанда саламаттыкты сактоо, таалим жана башка маанилүү тармактарды колдоп-кубаттоо үчүн бере турган каражаттарды кескин кыскартышкан… Миллиондогон адамдар киреше булактарынан айрылышты.
Акыркы жыйырма жылда Афганистанда көрсөтүлгөн жардам жана каражаттардын чоң бөлүгү америкалык жана европалык «подрядчыларга» кетти. Афганистанда бир да инфраструктура курулбаган. Бул, өлкө жакырчылык жана азык-түлүк таңкыстыгынан кыйналып жаткан себептердин бири. Андан тышкары, туруктуу экономика жана Батыш жардамдарынан көз карандысыз иш жүргүзө турган азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча жасалышы шарт болгон көп иштер жасалбаган. Афганистан, шексиз, Умматка чабуул кылган жана кордогон падышалар туурасындагы Аллах Субханахунун ушул аятына ачык-айкын мисал:
﴿قَالَتْ إِنَّ الْمُلُوكَ إِذَا دَخَلُوا قَرْيَةً أَفْسَدُوهَا وَجَعَلُوا أَعِزَّةَ أَهْلِهَا أَذِلَّةً وَكَذَلِكَ يَفْعَلُونَ﴾
«Ал айтты: «Чындыгында падышалар бирер айылга (бастырып) киришсе, аны ойрон кылышчу, калкынын сый-урмат ээлерин кор-зар кылышчу. Алардын кылмыш-адаттары ушундай» [27:34]
Аллах Субханаху ва Таала мусулмандардын кайрымусулман мамлекеттердин өкүмдарлыгына моюн сунуусуна таптакыр ыраазы болбойт. Аллах Таала айтат:
﴿وَلَن يَجْعَلَ اللَّهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلاً﴾
«Яхудий жана насронийлердин динине кирмейиңче алар эч качан сенден ыраазы болушпайт»
[2:120]
Ошондуктан, биз Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөөгө аракет кылышыбыз керек. Себеби, Халифалык гана Исламды толук колдонот о.э. Умматты, азиз перзенттерибизди кайра коргоого алып, аларды азап-кыйынчылыктардан куткарат.
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ اسْتَجِيبُواْ لِلّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُم لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُواْ أَنَّ اللَّهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ﴾
«Эй момундар, Аллах жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (т.а. динге) даъват кылганда, аны кабыл алгыла жана билип койгула, шек-күмөнсүз, Аллах ар бир киши менен анын дилинин ортосун ээлеп турат. Албетте, Анын алдына топтолосуңар» [8:24]
Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат
бөлүмүнүн аялдар жааты