Кытай Чыгыш Түркстанда Ислам нурун өчүрүү үчүн муслима уйгур аялдарын кафирлерге турмушка чыгууга мажбурлоодо

411
0

Басма сөз баянаты

Кытай Чыгыш Түркстанда Ислам нурун өчүрүү үчүн муслима уйгур аялдарын кафирлерге турмушка чыгууга мажбурлоодо

«The Telegraph» гезити 2022-жылы 16-ноябрда Чыгыш Түркстанда муслима аялдар кабылып жаткан мажбурий нике абалдары жөнүндө кабар таратты. Макала «Кытайлыктар уйгурларды жок кылуу планынын алкагында муслималарга үйлөнүү үчүн акчалай сыйлык алышууда» деп аталат. Адам укуктары уюму Чыгыш Түркстан расмийлери уйгур аялдарын мажбурий турмушка берүү үчүн аларды коркутуп жана пара берип жатышканын аныктаган. Борбору Вашингтондо жайгашкан «Уйгур Адам Укуктары Долбоору» бейөкмөт уюму уйгур аялдары мусулман болбогон жана эч тааныбаган хань эркектери менен турмуш курушу үчүн шантаж кылуу жана пара берүү абалдарын катташкан. Бул отчёт расмий саясий документтер, социалдык тармактардагы посттор жана чет элдеги уйгурлар менен алып барылган сүйлөшүүлөргө негизделген. Симина Мистреанунун отчётуна ылайык, Шинжан өкмөтү хань эркектерине турмушка чыкмакчы болгон уйгур аялдарына үй-жай, таалим, жумуш жана медициналык камсыздандыруу менен бирге накталай акча берет, эгер, четке кагышса, аялдарды же алардын үй-бүлөлөрүн лагерлерге жөнөтүү менен коркутат. Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашынча, Аксу вилаятындагы Каласа айылынын расмийлери «улуттук биримдик, бир үй-бүлө» кампаниясынын алкагында уйгур-хань үй-бүлөсүн курууга 40 миң юань (4750 фунт стерлинг) сунушташкан. Ушул сыяктуу, расмий документтерге ылайык, эски Кашкар шаары «этникалык нике үчүн сыйлыктарга» жылына 20 миң юань (2380 фунт стерлинг) бөлгөн.

Чет элдеги активисттер ачыктаган жана «Доуйинъ» аталышы менен белгилүү болгон ТикТоктун кытайча версиясында тараган видеолордо мажбурдуу түрдө турмушка чыккан муслима аялдардын той ырысымдары көрсөтүлгөн. Кытай расмийлери терроризмди алдын алуу жана социалдык биримдикти камсыздоо үчүн мындай иш-чаралар зарыл экенин баса белгилешүүдө. Акыйкатта болсо, бул абалдар Кытай режими Ислам дининен жана Исламдын региондо күчөп жатканынан катуу коркуп жатканын көрсөтөт. Муслима аялдар – Умматтын келечектеги мүнөзүнүн ачкычы. Андан тышкары, муслималардын өз перзенттерин Исламдын күчтүү баалуулуктары негизинде тарбиялоосуна зыян жеткирүү – региондо илгертен келе жаткан исламий түшүнүктөргө зыян жеткирүү стратегиясы. Бирок, бул текке кетүүчү саясий чабуул болуп, бул нерсе мусулмандарды өз динин коргоого гана үндөйт. Кала берсе, мусулмандарга карата зулумдар тарыхта эч качан мусулмандарды дининен кайтара албаган. Себеби, Аллах Субханаху ва Таала ар дайым мусулмандардын тарабында болгон жана Чыгыш Түркстандагы муслима аялдар тартып жатышкан зулумдардын акысына Роббиден сыйлык алары шексиз. Аллах Субханаху ва Таала айтат:

﴿إِنَّمَا يُوَفَّى الصَّابِرُونَ أَجْرَهُم بِغَيْرِ حِسَابٍ﴾

«Шек-күмөнсүз, сабыр-таакат кылуучуларга ажр-сыйлыктары эсепсиз толук кылып берилет»                                                                                                                                                                                                                                                     [39:10]

Аллах Субханаху ва Таала бизге маалым кылгандай, зулум адам өлтүрүүдөн да жаман. Мусулман өкүмдарларынын муслима эже-сиңдилерибизге карата ырайымсыз мамилелерге унчукпай карап турушу кылмыш болуп эсептелет. Бул болсо, аларды кулатууну жана эже-сиңдилерибиздин намысын Ислам душмандарынан коргоо үчүн Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетин тикелөөнү талап кылат.

 Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат

бөлүмүнүн аялдар жааты

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here