Автоунаасын камсыздандырбаган айдоочулар жазага тартылат

786
0

Автоунаасын камсыздандырбаган айдоочулар жазага тартылат

         Камсыздандыруу төлөмүн төлөбөгөн айдоочулар 1-апрелден тартып жазага тартылат. Бул тууралуу маселе 12-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлдү.

         Маалыматка ылайык, 1-январдан тарта айдоочулар күбөлүк менен техпаспорттон тышкары камсыздандыруу полисин да көрсөтүүгө тийиш. Бул документтерсиз айдоочуга унаа айдоого тыюу салынмакчы. Бийлик камсыздандыруу маселесин, жабыркаган тарап тарткан зыянынын ордун толтура алышы үчүн керек деген шылтоо менен бир нече жылдан бери көтөрүп келген.

         Мамлекеттик каржылык көзөмөл мекемеси камсыздандыруу полисинин баштапкы баасы 1680 сом экенин, унаанын түрүнө, айдоочунун жаш курагы менен тажрыйбасына жана ал жол кырсыктарына канчалык көп учурай турганына жараша өзгөрүп турарын билдирген. Полис албаган катардагы айдоочуларга 3 миң сом, мекемелерге 13 миң сом айыппул салынат.

         Жарандардын ушундай оор абалын көрүп-билип туруп да, аларды талап-тоноо максатында кабыл алынган камсыздандыруу боюнча мыйзамдарды ишке ашыруу өтө жаман көрүнүш. Калктын бүгүнкү күндөгүдөй оор абалга кептелишине дал ушул сыяктуу ачкөз капиталисттер таңуулаган калктын жонунан кайыш тилген мыйзамдары себеп болуп келет. Ааларга шерик болуп, кызыкчылыктарын кыңк дебей ишке ашырган бийлик ээлери да мындан куру эмес. Анткени, капитализмдин табиятына ылайык, ачкөз капиталисттер ушул сыяктуу мыйзамдар аркылуу өтө чоң киреше табат. Буга бюджеттеги дефицит жөн гана шылтоо кылып алынган.

         Бул мыйзамдын ишке ашуусуна кызыктар болгон капиталисттер автоунаалардан тапкан пайдасынын орточо эсебин карап көрөлү:

         Кыргызстанда 2022-жылы 1 387 500 машина катталган. Ар бир машинага төлөнүүчү базалык тариф 1680 сом. Ошондо жалпы киреше 2 331 000 000 сом болот. Камсыздандыруу компанияларына түшкөн акчанын 2 гана пайызы мамлекетке төлөнөт. Ошентип мамлекетке берилген 2% салык 4 662 000 сомду түзөт. Арткан сумма 2 326 338 000 сом. Чыгаша деп биздеги жол кырсыкты ашыра эсептегенде 1 326 338 000 сом болсун дейли, калган нак киреше 1 000 000 000 кимге калат? Бул сандар элдин кулагын көндүрүү үчүн айтылган минималдык төлөм менен алынгандагы абал. Мындан сырткары турак жай жана медициналык камсыздандыруулар да бар!

         Эми бул маселеге карата Исламий көз карашка келсек, шариятта камсыздандыруунун уруксат берилген жана тыюу салынган түрү бар. Шарият уруксат берген камсыздандыруу төмөнкүдөй:

         Эгер бир мусулман жумушка орношмокчу болуп, бир ишканага келсе, ал жерде жумушка орношуу үчүн камсыздандырууга кошулуу шарт кылып коюлган болот. Б.а. камсыздандыруу ижара келишиминин алкагына киргизилген болот. Мындай келишимге тыюу салуучу нусус келбегендиктен, ал жайиз эсептелет. Мисалы, мамлекеттик ишкана же жеке сектор үчүн мамлекет тарабынан милдеттүү түрдө катышуу жүктөлгөн медициналык камсыздандырууга жумушчунун катышуусу мүмкүн. Мында камсыздандыруу төлөмүнүн бир бөлүгүн ал адам төлөйт, а калган бөлүгүн иш ээси төлөйт. Камсыздандыруу окуясы жүз берсе, иш ээси анын дарыланышын келишимге ылайык камсыздайт.

         Шариятта тыюу салынган камсыздандыруу:

         Эгер атайын камсыздандыруу иши менен алектенген бир компания түзүлсө, ага катышуу мүмкүн эмес. Мисалы, автоунааны камсыздандыруучу бир компания түзүлүп, ал коомчулукка «ким кырсыкка кабылганда чыгымынын бир бөлүгү төлөнүшүн кааласа, ай сайын бизге каражат өткөрүп турсун. Эгер авария болсо, бизге өткөрүлгөн бул каражаттын эсебинен анын унаасы оңдолушун камсыздайбыз» деп жарыялайт. Анан адамдар аны менен келишим түзөт. Бирок, бул белгисиз нерсе үстүндөгү келишим болуп саналат. Алар менен адамдардын ортосунда ижара келишими сыяктуу анык нерсе үстүндөгү келишим жок. Алар адамдардан акча топтоп, камсыздандыруу окуясы болгондо, жабырлануучуну ошол акчалар эсебинен келишимге ылайык камсыздандырарын айтышууда. Бирок, ошончо акча которгон ошол автоунаа ээлеринин канчасы канчалык деңгээлде кырсыкка учурашы белгисиз. Абу Давуд Жабирден риваят кылат:

«Пайгамбар с.а.в мойнунда карызы бар майитке жаназа окубас эле. Бир майит алып келинди. Пайгамбар с.а.в: «Анын мойнунда карызы барбы?» – деди. «Ооба, эки динар» дешти. Ал киши: «Досуңарга өзүңөр жаназа окугула», – деди. Ошондо Абу Катада Ансарий: «Я Расулулла, ошол эки динар менин мойнума», – деди. Ошондон кийин Пайгамбар с.а.в жаназаны окуду. Алла ал кишиге фатх-жеңиш берген соң: «Ар бир момунга өзүнөн көрө мен акылууракмын. Ким карыз калтырып кеткен болсо, аны үзүп коюу менин мойнума, ким мал калтырып кеткен болсо, ал мураскоруна», – деди». Бул хадисте Абу Катада карыз берген кишиге төлөнүшү керек болгон каржылык акыны өтөөдөгү (милдеттенмени аткаруудагы) майиттин жоопкерчилигине өз жоопкерчилигин кошуп жатат. Анда кепилдикке алуучу, кепилдик берилүүчү, кепилдикке алынуучунун бардыгы ачык көрүнүп турат. Ал кепилдикке алуу моюндагы милдеттенмени акысыз аткаруу экенин да көрсөтүп жатат. Демек, хадис кепилдикке алуу дурус болушунун жана түзүлүшүнүн шарттарын өз ичине алып жатат.

         Ал эми милдеттүү камсыздандырууда абал мунун текериси болуп,  өмүрдү болобу, товарды болобу, мүлктү болобу, камсыздандыруунун бардык түрү арам. Болгону, мамлекет мажбурласа, куфр системасы башкаруусу астында жашап жаткандыгыбыз үчүн, бул жеке адамга эмес, мамлекеттик ишке тиешелүү өкүм болгондуктан, ага аргасыз баш ийүүгө туура келет. (Шариятка тескери салыктарды төлөп жатканыбыз сыяктуу)

         Бул камсыздандыруу мыйзамдары толугу менен калк кызыкчылыктарына каршы келет. Анткени, автоунааларды камсыздандырууда өкмөт элди бир ууч компания ээлерине мажбурлап байлап берүүдө. Ал компанияларды тескөө жана көзөмөлдөө болсо өкмөттүн колунда болот. Демек, өкмөт кедейдикин кемине кетирип, компания ээлери болгон тиги бир ууч байлардын байманасын ташырып, өзү болсо коррупциялык жол менен алардын желкесине минип алат.

         Жогорудагылардан белгилүү болгондой, мындай шариятка тескери мыйзамдарды парламент кабыл алып берген, президент кол койгон, эми өкмөт башчы ишке ашыруу үчүн шымаланып турат. Анткени, залим акимдерибиз бизди куфр мыйзамдары менен башкарып келүүдө. Аллах таала айтат: “Кимде-ким Аллах түшүргөн нерсе менен башкарбаса, алар залимдер”.

         Түпкүлүгүндө, Аллах Таала акимдерге калкты камкордук менен башкарууну буйруган. А биздин өкмөт болсо, эл кызыкчылыгын тандамак түгүл, өз кызыкчылыгы үчүн калктын жонунан кайыш тилүүдө. Камсыздандырууну мусулман айдоочуларга милдеттүү түрдө жүктөө менен эки эсе күнөөгө батышууда.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here